Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:26

Исмаил Исаков так таймаштан баш тартты


И.Исаков талапкерликтен А.Атамбаевдин пайдасы үчүн баш тартты

И.Исаков талапкерликтен А.Атамбаевдин пайдасы үчүн баш тартты

19-майда мурдагы коргоо министри И.Исаков президенттикке талапкерлигин алып кое турганын жарыялады. Ал мындай кадамга Бириккен элдик кыймылдын атынан чыккан талапкер Алмазбек Атамбаевди колдоо максатында барды.

Исмаил Исаковдун президенттик атаандаштыктан баш тартышы анын талапкерлигин колдоп беришкен 80 миңге жакын шайлоочулар үчүн биралды түшүнүксүз болду окшойт. Президенттикке талапкерлигин алып салуунун жөн-жайын Исмаил Исаковдун өзү момундай түшүндүрдү.

- Өзүмдүн программам менен шайлоого аттанган болчумун. Бирок бүгүнкү кырдаалды эске алып, бийликтин оппозицияны бөлүп-жаруу аракетин, тоскоолдук кыларын, бурмалоого бара турганын билип туруп мен өз талапкерлигимди Бириккен элдик кыймылдын кызыкчылыгы үчүн алып коюуну чечтим. Себеби дегенде биз бир талапкерди алып чыгабыз, деген чечим кабыл алганбыз. Мен ошон үчүн талапкерлигимди алып салдым. Андан башка көпчүлүк элдин каалоосун эске алдык. Себеби дегенде менде кол чогултуу бүгүнкү күндө бүттү. Бир эле Ош облусунан 45 миңден ашуун колду чогултуп беришти. Ошонун арасынан 12 миңдей колду Алай районунун эли чогултуп, колдоп беришти.

Бириккен элдик кыймылдын штаб башчысы Азимбек Бекназаров Исмаил Исаковдун мындай кадамы эч кандай кысым же суроо-өтүнүчтөн улам чыкпаганын, чечимди генералдын жеке өзү кабыл алганын, анан да мындай өтүнүчүн бир жума мурда штаб мүчөлөрүнө билдиргенин маалымдады.

- Кандайдыр бир кысым, андай-мындай болду деп ойлобоңуздар. И.Исаков өзү айтпадыбы Ош облусунан 45 миң кол топтогонун. Мына мен кечээ Жалал-Абаттан келдим. Ал жерде да бул кишини колдогон 7 миң ашуун топтолгон колду алып келдим. Бүгүн эртең менен 70 миң – 80 миңге чукул кол топтолду, деп өзү айтты. Бирок элдин пикирин эске алды. Анан да бийлик бизди бөлүп-жаруу саясатын жүргүзүп жатпайбы.

Бириккен элдик кыймылдын дагы бир мүчөсү, парламент депутаты, социал-демократиялык фракциянын жетекчиси Бакыт Бешимовдун ырасташынча, бул саясатчынын күтүлгөн чечими болчу.

- Ар бир саясатчы өзүнүн жүрүш-турушун бир негизги максатка багындырыш керек. Ошонун негизинде чыккан чечим. Бириккен элдик кыймылдын концепциясы иштелип чыккан. Ал дагы такталат. Анан шайлоо учурунда өзүнчө билдирүү жасалат. Албетте, азыр биз өз оюбузду элге таңуулабайбыз. Кеңешип, мезгили келгенде, албетте, жарыя кылабыз.

“Ар-намыс” партиясынын саясий кеңеш мүчөсү Бөдөш Мамырова Исмаил Исаковдун талапкерлигин колдогондордун саны көп экенин белгилеп, алардын көбүнө генералдын алдагыдай чечими биртоп суроолорду жаратарын кошумчалады.

- Эми бир талапкер деп эле ошону менен чектелип алган деле туура эмес. Ар кимдин өз электораты бар. Талапкерлиги турса ашыкча деле болбойт эле, өздөрү ушундай чечимге келип алышкан турбайбы. Темир Сариев албайт го. И.Исаковду колдогондор көп эле болчу. Мен маалымат жыйынына кечигип келип калдым. Эми электоратынын укугун кантип чектегенин И.Исаков өзү айтып берет болуш керек.

Cаясат таануучу Орозбек Молдалиевдин пикиринде, Исмаил Исаковдун кадамын ошол эле оппозициядан чыгып жаткан дагы талапкер «Ак шумкар» партиясынын төрагасы Темир Сариевдин кайталап ийиши күмөн. Аны саясат таануучу «Азаттыктын» кабарчысы Айданбек Акмат уулу менен маегинде минтип ырастады.

- Эгерде Т. Сариев колдой турган болсо Саясий кеңеш чечимин айтып, А. Атамбаевди эле колдойлу, деп кетмек. Анын өз алдынча чыгышында кандайдыр бир тактикалык жүрүштөр бар, деген пикирлер айтылууда. Аны эсепке албай коюш да кыйын. Бирок А. Атамбаевдин пайдасы үчүн Т. Сариев талапкерлигин алып салбайт, деп ойлойм.

Бириккен элдик кыймыл мүчөлөрүн өзгөчө кооптонткон маселе күтүлүп жаткан президенттик шайлоонун кандай өтүшү. Бириккен элдик кыймылдын штаб жетекчиси Азимбек Бекназаров непадам шайлоо алдында алар колдогон талапкер алынып сала турган болсо нааразылык иш-чаралары улантыла тургандыгын билдирди.

- Ошондой кылса шайлоо болбойт. Анда шайлоону болтурбайбыз! Анда бул бийликтин кылганы деп эсептейбиз. Колубуздан келишинче, өзүбүздүн «Бакиевдерсиз шайлоо!», деген урааныбыз бар. Эгер алар ушундай кадамга бара турган болсо биз да шайлоону болтурбоо кадамын жасайбыз. Биз 27-мартта, андан кийин 20-апрелге чейин мына ушул шайлоону таза, ачык, мыйзамдуу өткөрүү боюнча сунуштарбызды берип, ага мөөнөт бергенбиз. Бирок анын бирин да бийлик кабыл алган жок. Ошондуктан «Бакиевдерсиз шайлоо!» урааныбыз күчүндө кала берет. Бүгүнкү күндө шайлоо башталбай туруп биздин акцияларды баштоого мүмкүн эмес. Эгер эртең, бүрсүгүнү же дагы бир күнү А.Атамбаевдин талапкерлигин алып койсо ал сөзсүз мыйзамсыз, негизсиз алат. Шылтоо болбосун деп ал өзүн-өзү көрсөттү. Бир нерсе болсо акцияларыбызды түп көтөрө баштайбыз, ага жол бербөөгө аракет кылабыз.

Ошентип, оппозициянын шайлоо алдындагы ынтымагы бекемделип отурат. Эми шайлоого талапкер катары арыз бергендердин саны бирге кыскарып, 17 адам калды. Алардын бир тобу шайлоого чейинки тоскоолдуктардан өтпөй калышы деле мүмкүн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG