Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:11

Орун бирөө - атаандаштар он алты


Президенттик шайлоодогу негизги таймаш Курманбек Бакиев менен Алмазбек Атамабевдин ортосунда болоору боолголонууда.

Президенттик шайлоодогу негизги таймаш Курманбек Бакиев менен Алмазбек Атамабевдин ортосунда болоору боолголонууда.

21-майдагы парламент отурумунда вице-спикер,“Ак жол” фракциясынын мүчөсү Кубанычбек Исабеков президенттикке талапкерлердин айрымдарын медициналык кароодон өткөрүү сунушун билдирди. Антишке кээ бирөөлөрдүн өзүн өтөле бийик саясатчы, жаанда жок үлкөн жан экенин билдирип, шайлоочуларды эмитен эле убадага тойгузуп жатканы себепкер болуп жатканы да айтылды.

Эң оболу көпчүлүк арасында кыйла уу-дууга арзыган парламенттин вице-спикери Кубанычбек Исабековдун сөзүн угуп көрөлү. Жер-жерлерде болуп кайткан эл өкүлдөрүнүн жарым сааттык аркыл маселелер козгогон талкуусунда ал президенттикке талапкерлер жөнүндөгү пикирин минтип ортого салды.

- Айтып атат, кээ бир талапкерлер чыгып алып:”Мен улуу саясатчымын, 500 жылда бир кыргыз төрөлөт мага окшош” депчи. Ошолорду көрүп турп бүт кыргыз элине баа берип жатышат. Эми уят маселе болуп жатат. Мен айтар элем, Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлердин ден соолугун, кээ бирин Чым-Коргонго дарылаш керекпи, же болбосо кайсы жердин жараны экенин да текшериш керек болуп жатат. Болбосо кыргызда: “Алыңа карап иш кыл, жылкыңа карап ышкыр!” деген макал бар. Мамлекетибизди, эл-журтубузду уят кылышпаса жакшы болор эле ушу талапкерлер.

Көпчүлүктү кыйладан бери таңдантып келаткан дагы бир маселе президенттик шайлоодо талапкерлигин сөзсүз койчу белгилүү саясатчылардын катарында тек “көптүн арасында, көчтүн карасында” атаандаштардын санын арбытууга жараган ышкыбоздордун кийинки кездери көбөйүп баратканы деле жашыруун эмес. Быйылкы президенттик шайлоого катышууга 18 талапкер чыгып, мамлекеттик тил сынагынын алдында экөө атаандаштыктан баш тартышты. “Армияны түзөгөн, өлкөнү деле түзөйт” ураанын көтөрүп, атаандаштыкка биринчилерден болуп чыккан Исмаил Исаков ошондой эле дем менен талапкерликтен баш тартты.

- Бүгүнкү кырдаалды эске алып, бийликтин оппозицияны бөлүп-жарганга аракетин, ошондой эле тоскоолдуктарын, жана бурмалоолорго бара тургандыгын билип туруп мен өз талапкерлигимди алып коюуну чечтим,- деп түшүндүрдү ал таймаштан баш тартышынын себеп-жөнүн Бишкектеги журналисттер алдында.

Генералга удаа таймаштан баш тарткан экинчи талапкер тууралуу көпчүлүктүн маалыматы жокко эсе.

Азыркы бийлик менен анын айныксыз атаандаштарынын ортосундагы көпчүлүктүн көз алдында, алардын катышуусу аркылуу жүрчү чоң талашта кимдин мөрөйү үстөм чыгары жөнүндө божомол-жоромолдор толтура. Анткен менен өтөле жооптуу ишке жарамдуу делген талапкерлер ким экени көпчүлүккө ансыз деле дайын.

Алардын катарында караан көбөйтүп, жеңиштен мурда көпчүлүктүн көзүнө көрүнүп, өзүн катардан чыгарып эл алдында көрсөтүп коюш үчүн чыккандардын катары бул ирет арбын болушун парламенттеги социал-демократиялык фракциянын жетекчиси Бакыт Бешимов момундай социалдык жагдайга байланыштуу түшүндүрөт.

- Эгерде коомубузда моралдык баалуулуктар өз ордунда болгондо момундай өтө маанилүү президенттик шайлоого көрүнгөн катышпайт эле. Эл сүрүнөн, кайратынан чочулап, өздөрүн салмактап анан бир чечимге барат эле. Көрүнгөндүн шайлоого катышканы бул ошол коомдун моралдык маселелри биртоп экенин билдирип турат.

21-майдан тарта башталган президенттикке талапкерлердин мамлекеттик тил сынагынан сырткары 50 миңден кем эмес шайлоочулардан кол топтоо, 50 миллион сомго чейин шайлоо фондун түзүү милдеттери турат. Президенттикке талпынгандардын катарын мына ушул үч сынак кыйла суюлтуп, атаандаштыкты курчутуп, аркыл айла-амал, саясий оюндардын күнү тууйт. Айрым талапкерлер Кубанычбек Исабеков сунуш кылган медициналык кошумча сынак эмес, мамлекеттик тил боюнча экзамен алууну одоно укук бузуу катары эсептешет, атаандаштарды ара жолдон шайлоого жеткирбей алып түшүүнүн административдик амалы деп мүнөздөшөт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG