Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:27

Атамбаевдин жактоочулары соттолду


12-июлда Бишкекте БЭКтин жыйынын албууттанган аялдар бузган, бирок айыптуу катары БЭКтин мүчөлөрү кармалган. Ленин райсоту 14-июлда "Ата Мекен" партиясынын эки мүчөсүн 15 күнгө кести.

Бириккен элдик кыймыл мүчөлөрү шайлоо алдындагы жыйынды Бишкектин Чүй-Фучик көчөлөрүнүн кесилишиндеги аянтта өткөрүп жатканда, ал жыйынды атайын уюштурулган аялдар тобу бузуп, чатакты баштаган. 14-июлда Ленин райондук соту ал аялдардан коргоном деген "Ата Мекен" партиясынын мүчөлөрү Бакыт Калпетов менен Мирлан Токтошевди айыптуу деп таап, аларды 15 күнгө камаган чечим чыгарды.

Артынан алыбеттүү жигиттер коштогон, бийликке сын айтылган жыйындарды үзгүлтүккө учуратып, болбогон жерден чатак чыгаруунун кыныгын алган андай "ак жоолукчандардын" аракети азырынча укуктук баасын ала элек. Ал аялдар Бишкекте оппозиция кайсы жерде жыйын кылса дароо ошол жерде пайда болушуп, бир эле кеп-сөздү кайра-кайра айтып, тоскоолдук жасап келатышат. Бирок аларга карата милиция чара көрбөйт.

Бишкектин Ленин райондук акимчилигинин теке маңдайындагы көлөкөлүү аянтта тынч башталган жыйынга жакын ортодо жашаган жергиликтүү эл арбын чогула баштаганда алыбеттүү аялдар сүйлөп жаткан "Ата Мекендин" лидери Текебаевге каршы колуна тийген таш, бош бөтөлкөлөр менен ургулап, чатак чыгарган.

Аялдарды "кой-ай" дейм, деп ортого түшкөн “Ата Мекен” социалисттик партиясынын мүчөсү Бакыт Калпетовдун көйнөгү айрылып, таяк жеп, эми минтип аягы өзү айыптуу болуп олтурат.

- Мынабу аймалгандар (Б.Калпетовдун колу тытылып, сыйрылган - редакция) боюнча судмедэкспертизадан өттүм. Эми аны кандай карайт? Кечээ менин көйнөгүмү айрыган бирөөсү кечээ келип биздин үстүбүздөн арыз жазып жаткан. Көлбаев деген милициянын старшинасынын рапортун окуп калдым. Ошол маалда ал жок болчу. Анан рапортунда жазыптыр “Калпетов милицияга баш бербей, газ баллонду чачкан ошол” дептир.

Бакыт Калпетовго каршы рапортту чатак чыккан маалда кайда экени белгисиз ички иштер кызматкери жазган, эми болсо көйнөгү тытылып, эти көгала болгон Бакыт Калпетов чатакты баштоочу катары айыпталууда.

Ошол аялдардын колундагы газ баллондон кийин көзү кызарып, эмдигиче ачышып жатканын Мейманбай Макеев чатакты аялдар баштаганын айтты: "Буларды ажыратып атканда газ келип кирип кетти го дейм. Көз ачышып, жаман болуп, бүгүн кызарып калыптыр".

Жыйын катышуучусу Мирлан Токтошевдин ырасташынча, чатак чыгаргандар трибунада турган О.Текебаев, Р.Отунбаева баштаган адамдарга таш ыргытып, бош бөтөлкө ыргытып, газ баллон менен газ чача баштаганда коргонгон.

- Өзүмдү жоготуп ийипмин. Бакырып атса, өкүрүп атса, таштар менен ургулап атса. Адам айтпаган уят сөздөр менен каргап-шилеп атса. Ошончо эл. Мен машинага барып отуруп алдым. Ошондон 15 мүнөттөн кийин Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн балдары келип, мени кармап алып кетишти. Ошол боюнча биз сотко келип отурабыз.

Эмнеликтен чатак башталганда Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери окуя болгон жерде жок болуп калганын, эмне себептен коомдук тартипти сактабаганын бөлүм башчынын орунбасары Мехманбек Алиев түшүндүрүп бере алган жок.

- Мен аны билбейм. Биз башка бир жерде чогулушта болгонбуз.

Мехманбек Алиев сотто иштин чоо-жайы териштириле тургандыгын, тергөөнүн материалында чатак кантип, кимдер тарабынан кандайча башталганы көрсөтүлгөнүн айтып, ал тууралуу комментарий бере албастыгын билдирүү менен чектелди.

Бакыт Калпетов иш калыс текшерилген жок деген пикирде: "Мен өзүм токмок жегеним үчүн административдик штраф тартканы сотко келип жатсам, мени токмоктогон кишилер мага арыз жазып коюп жүрүшөт сыртта. Алар мени токмоктогону үчүн, кийимимди айырганы үчүн алар да жооп бериши керек".

14-июлда болгон сотто Бириккен элдик кыймылдын атынан чыккан талапкер Алмазбек Атамбаевди колдоп жыйын өткөргөндөр айыптуу деп табылды. "Атамекенчилер" Бакыт Калпетов менен Мирлан Токтошев соттун чечими менен 15 күнгө камалды. Бирок жыйынды бузуп, чуу салган аялдар тобу жазасыз кала берди.

Укук коргоочулар жана оппозиция сот адилетсиз чечим чыгарганын айтууда. БЭКтин штабы болсо шайлоо кампаниясы маалында оппозицияга шарт бийликтин талапкериндей болуп түзүлбөй келатканын сынга алууда.

(Видео тасмада: БЭКтин 12-июлдагы жыйыны)

XS
SM
MD
LG