Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:37

23-июлдагы президенттик шайлоодо А.Атамбаевдин штабы добуш берүүлөрдү кошо эсептөө аракетин көрүүгө камданууда. Добуш бергендерди сурамжылоо – exitpoll жүргүзүүгө көпчүлүк бейөкмөт уюмдардын каржылык мүмкүнчүлүгү жетпейт.

Мурдагы шайлоо кезинде такай өткөрүлүп келчү exitpoll сурамжылоолорунун бул ирет өтпөй жатышынын себеп-жөнүн “Интербилим” борборунун жетекчиси Асия Сасыкбаева каржылык маселеге байланыштуу түшүндүрдү.

- Еxit Poll бул өзү аябай кымбат иш-аракет болуп саналат. Анткени анда көп эл иштеши керек. Ар бир участокко эл коюп, байкоочулар келген-кеткендердин баарын санаш керек. Анан да участоктон чыккан элдин пикирин алыш керек дагы кийин шайлоонун жыйынтыгы чыкканда ошол экөөнү салыштырып, анын жыйынтыктарын жарыялаганга укуктары бар.

Кыргызстанда 2131 шайлоо участоктору бар. Буларга кошумча чет өлкөлөрдө 102 миңден ашуун шайлоочулар да добуш беришет. Иши кылып баш-аягы 2 миллион 812 миң шайлоочунун канчоосу шайлоо участокторуна келип, кандай добуш беришкенин, жашырын сыр болбосо алар кимдин талапкердигин колдогонун эсепке алуу түйшүгү чынында эле оңбогондой оор жумуш.

Президентке талапкерлердин арасынан Алмазбек Атамбаевдин штабы гана эки миң ашуун шайлоо участокторунун дээрлик баарына экиден киши бөлүп добуш берүүлөрдү кошо эсептеше тургандыктарын билдиришти. Шайлоо штабынын маалымат кызматынын башчысы Александра Яхнованын айтуусунда, кошо эсептешүү 23-июлда жүргүзүлөт. Анын жыйынтыктары маалымдоо каражаттары аркылуу маал-маалы менен жарыяланып турат.

- Биз бардык шайлоо участокторунан маалыматтарды тез-тез алып турабыз. Ал маалыматтарды ыкчам жайгаштырабыз. Ошентип, мамлекеттик “Шайлоо” системасына атаандаш маалымат булагы пайда болот. Башкача айтканда, адамдар расмий жыйынтыктар менен атаандаш маалыматтарды алып, экөөнү салыштыруу мүмкүндүгүнө ээ болушат.

Шайлоо штабынан билдиришкендей, непадам кайсы бир жерлерде кошо эсептөөчүлөргө тоскоол жасалып, участоктон куулуп чыгарылбаса 5000 жакын киши жалпы республика боюнча добуш берүүлөр кандай өткөнүн так эсепке алып турушмакчы. Президенттикке талапкер Жеңишбек Назаралиевдин штабынын өкүлү Павел Куринских добуш берүүнүн так маалыматын алууга куштар экендиктерин, бирок жалпы республика боюнча андай ишти жүрүзүүгө мүмкүндүгү жок экендигин ырастады.

- Албетте, албетте, ниетибиз бар. Биз азыр ошону ойлонуп жатабыз. Мунун баары азыр ойлонулуп, талкууланып жатат.

Ушундай эле маалыматты президенттикке талапкер Токтайым Үмөталиеванын штабынан алдык. Президенттикке талапкер Темир Сариевдин шайлоо штабынын өкүлү Улан Карыповдун айтуусунда, алар жер-жерлерге байкоочуларды коюу менен чектелишкен.

- Колубуздан келген жерлерибизде жалпы республика боюнча өзүбүздүн байкоочуларыбызды койдук.

Улан Карыпов жер-жерлердеги жолугушууларда шайлоочулардын өзү берген добуштарынын так саналышына, көз боемочулуктарга жол берилбешине кам көрүшү керектигин айтып жатышканын кошумчалады. Кыргызстан элдери ассамблеясынын өкүлдөрү шайлоо учурунда сурамжылоо – Exit Poll жүргүзүү демилгесин көтөрүшкөнүн, бирок да кендирди кескен каржылык жетишпестиктин айынан андай максат-тилек ишке ашпай калганын ассамблеянын төрайымы Жаңыл Түмөнбаева билдирди.

Айрым байкоочулардын ырасташынча, 23-июлду күтпөй эле эртелеп добуш берчүлөрдүн катары калыңдап кетти. Ички иштер, коргонуу, саламаттык сактоо сындуу биртоп атайын кызматтардын өкүлдөрү жарандык укугун пайдаланып, алдыдагы беш жылга Кыргызстанды ким башкарышы керектигин аныктап коюшкандыгы, шайлоо мыйзамы эмитен эле бузула баштагандыгы айтылууда.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG