Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:24

БШК президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын 27-июлда чыгарарын, оппозиция 29-июлда массалык нааразылык акцияларды уюштурарын убада кылууда.

БШКнын эң соңку маалыматына караганда, президенттик шайлоо боюнча жыйынтыгы анык боло элек сегиз эле участок калды. Калган 2282 участоктун тыянагы боюнча азыркы президент Курманбек Бакиевдин добушу 82,62 пайызды түзүп турат. Бирдиктүү оппозициядан талапкер Алмаз Атамбаевдин добушу 7,95, Темир Сариевдики 3,09 пайыз болду. Калган үч талапкер бир пайызга жетпеген добуштарды алышты.

Мындай олуттуу айырма менен алдыга бараткан Курманбек Бакиевдин жеңиши биринчи кезекте Бириккен оппозицияда чоң күмөн туудурууда. Экинчи талапкер, СДП лидери Алмаз Атамбаев “Азаттыкка” берген интервьюсунда штабынын болжолдуу эсебине таянып өзүнө 60 пайыз, Бакиевге 25 пайыз шайлоочу добуш берди деп билдирди. Анын добуштарын БШК уурдап алды деген оппозициячы талапкер 29-июлда Кыргызстан боюнча жапырт нааразылык акциясы өтөөрүн маалымдады.

Талдоочулардын бир кылкасы оппозициянын шайлоону тааныбай жатышынын жөнү бар дешүүдө. Саясат таануучу Марс Сариев:



- Административдик ресурсту бийлик айбай колдонду. Бакиев менен башка талапкерлер ортосунда чоң айырма болуп кеткен. Мындай болбойт да, - деп кабатырланды.

Көз карандысыз талдоочулардын баамында, алты талапкер катышкан шайлоодо бир кишинин өтө басымдуу добуш топтоо менен дароо жеңишке жетиши шек жаратпай койбой турган тыянак.

Мындай көз карашты колдобогон саясат таануучу Жолборс Жоробеков Бакиевдин өз атаандаштарынан чоң ажырым менен жеңишке жетип атышына калган талапкерлердин деңээлинин төмөндүгү, азыркы президенттин элге кадыры өткөнү таасир этти деген ишенимде:

- Эмне үчүн 80 пайыздан жогору болду? Бул - Бакиевге болгон элдин ишеними.

Бакиевдин элде ишеними барын шайлоого көз салган КМШ, ШКУ байкоочулары да айтып жатышат. Бирок эл аралык байкоочулардын таасирдүү бөлүгү - ЕККУнун Демократия жана Адам укуктары бюросунун миссиясын Кыргызстандагы президенттик шайлоо канааттанган жок. Миссия шайлоодо ЕККУнун стандарттарын Кыргызстан сактай алган жок деген болжолдуу тыянак чыгарды.

Мындай тыянакты эске алган саясат таануучу Марс Сариев пикиринде, өлкө демократиялык баалуулуктарын бөксөртүп алды:

- Бул шайлоо Кыргызстандын кадыр-баркына аябай эле зыян келтирди. Азыр биз Түркмөнстандай, Өзбекстандай эле болуп калдык.

Коомчулукта мына ушундай талаш-тартыш болуп турган кезде БШК президенттик шайлоонун тыянагын чыгаруу менен алек. БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бегматовдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, жер-жерлерден протоколдорду чогултуу аягына чыгып баратат:


- Облустар райондордон протоколдорду толук алып бүтүштү. Облустардын көпчүлүгү протоколдорун түзүп, алар БШКга жеткиришти. Калгандары азыр жолдо.

БШК жекшемби күнү облустардан келген протоколдордун бардыгын тегиз топтоп, анын негизинде 27-июлдагы отурумунда президенттик шайлоонун тыянагы боюнча өз протоколун бекитип, Конституциялык Соттун карамагына берет. БШК чечимине баа берүүгө мыйзамда 7 күн мөөнөт чектелген. Мыйзамдык ушул жол-жоболор аяктагандан кийин БШК шайланган президентке күбөлүктү жана штандартты тапшырмакчы.

Бул аралыкта мыйзам эрежелери толук аткарылышын күтүп отурбай эле Өзбекстандын президенти Ислам Каримов, Тажикстан президенти Эмомали Рахмон, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев азыркы президент Курманбек Бакиевди кайра шайланышы менен куттукташты.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG