Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:56

27-июлда Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого 2 миллион 328 миң ашуун киши катышып, арбын добуш иштеп жаткан президентке берилип, Курманбек Бакиев экинчи мөөнөткө шайланганын ырастады.

Шайлоо жыйынтыгы боюнча К.Бакиев жеңишке ээ болгонун ырастаган чечим Конституциялык сотко жөнөтүлүп, 7 күн ичинде бүтүмүн чыгарлмакчы.

Шайлоо даярдыгы башталган чактан бери Борбордук шайлоо комиссиясына 81 кайрылуу, арыздар түшкөн. Шайлоо өтүп жаткан күнү борбордук комиссияга келип түшкөн 6 арыздын төртөө Башкы прокуратурага берилген. Кыргызстан Акыйкатчысынын билдирүүсүнүн негизинде Аламүдүндөгү 197-шайлоо участогундагы добуш берүүлөрдүн жыйынтыгы жараксыз деп табылган. Ушундай эле Бакай Ата районундагы 71-участоктогу шайлоонун жыйынтыктары да мыйзамга кайчы келери ырасталган. Шайлоодон кийин келип түшкөн арыздардын негизинде 1130- жана 1141-шайлоо участокторундагы добуш берүүнүн жыйынтыктары да жараксызга чыгарылган. Борбордук шайлоо комиссиясы айрым участоктордогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксызга чыгарылганы жалпы жагдайга таасир көрсөтө албаганын белгилеп, 23-июлдагы шайлоо өттү деп эсептеди.

Добуш берүү маалында толгон-токой мыйзам бузуулар катталганын эскертип, жалпы оппозициянын атынан чыгып жаткан Алмазбек Атамбаев менен Жеңишбек Назаралиев 23-июлда шайлоону легитимсиз деп жарыялашкан.

- Бул шайлоо легитимсиз. Бул президенттин, эртең айтабы, Н.Мотуев дейби, К.Бакиев дейби, биз тааныбайбыз. Мындай президенттин бизге кереги жок,- деп А.Атамбаев жарыялаган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Алексей Елисеев шайлоо жыйынтыктары чыкканга чейин аларга атаандаштыктан баш тарткан эки талапкерден эч кандай арыз түшпөгөндүгүн маалымдады. Ошондой эле ал шайлоо жыйынтыктары тууралуу Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунун байкоочуларынын бүтүмү менен Борбордук шайлоо комиссиясы макул эместигин да билдирди.

- Шайлоонун жыйынтыктары чыгарылганча урматтуу миссия бизге конкрет фактыларды береби деп үмүт кылганбыз. Андай фактыларга биз тийиштүү жоопторду бермекпиз. Ошондо гана миссия шайлоонун расмий жыйынтыктары жарыя кылынгандан кийин добуш берүүлөр ачык-айкын, калыс жана адилет өткөнү жөнүндө бизге тийиштүү баасын берсе болмок.

А.Елисеев кайсы мыйзамдык негизде Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунун миссиясынан конкрет фактылар тиркелген отчет талап кылганын түшүндүргөн жок. ЕККУ миссиясы Кыргызстандагы президенттик шайлоо өлкө өзүнө милдет кылып алган стандарттарга шайкеш келбегенин белгилеген болчу.

Борбордук шайлоо комиссиясыын мүчөсү Токтогул Султакеев шайлоого тизмеге кирген шайлоочулардын басымдуу көпчүлүгү катышканын маалымдады.

- Шайлоого 2 миллион 328 миң 69 адам катышты. Бул шайлоого тизмедегилердин 79,13% катышты. Ал тизмеге киргизилгендердин теңинен көбүн түзөт. Үчүнчү. Президентттикке талапкер Алмазбек Шаршенович Атамбаев 195 миң 291 адамдын добушун алган. Бул шайлоого катышкандардын 8,39% добушу. Төртүнчү, президенттикке талапкер Курманбек Салиевич Бакиев шайлоого катышкандардын 1 миллион 779 миң 417 добушун алган. Бул шайлоочулардын 76,43% түзөт.


Иштеп жаткан президентке берилген алдагыдай үйөр сандардын көпчүлүгү административдик кысым, ар кандай көз боемочулуктар менен жасалганын айтып, бириккен оппозиция 29-июлда Бишкекте чоң жыйын курганы жатат. А.Атамбаевдин шайлоо штабынын жетекчиси Бакыт Бешимовдун ырасташынча, шайлоо жыйынтыктары көз көрүнөө бурмаланган.

- Чүй облусунда А.Атамбаев 16 эле пайыз алды. А К.Бакиев болсо 68%. Ушуну бүт чүйлүктөргө айткылачы. Ошондойбу?

Кыргызстан өз алдынча эгемендикке жетишкенден берки шайлоонун баки-жогу олчойгон мыйзам бузуулар менен өтүп, жыйынтыгы капчыктуулар менен мансаптуулардын гана пайдасына чечилип келатканы көпчүлүккө дайын. Соңку шайлоонун кейпи деле мурункуларынан айырмаланбасын белгилеген Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмуна Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы бул жакка шайлоонун кандай өтөрүн билбеген байкоочуларын жөнөтүп жибериптир деп, кинесин тагып олтурат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG