Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:19

АКШ Орусиядагы кармоолорду айыптады


АКШ Орусиядагы коррупцияга каршы акциянын катышуучуларынын кармалышын айыптады. Бул тууралуу 27-мартта Ак үйдүн басма сөз катчысы Шон Спайсер билдирди. Анын айтымында, Вашингтон тынч митингге чыккан жүздөгөн адамды кармоо мыйзамсыз жана демократиялык баалуулуктарга каршы келет деп эсептейт:

- Биз орус өкмөтүн кармалгандардын баарын токтоосуз бошотууга чакырабыз, - деген Спайсер АКШ абалга көз салып турарын кошумчалады.

Буга чейин Евробиримдик да орус бийлигин кармалгандарды бошотууга үндөгөн. 2018-жылы президенттик шайлоого катышууну көздөгөн оппозициячыл активист Алексей Навальныйдын демилгеси менен 26-мартта Орусиянын жүзгө чукул шаарында коррупцияга каршы нааразылык акциялары өтүп, ага он миңдеген адамдар катышты. Полиция жүздөгөн адамды кармап кетти. Москвадагы жүрүш маалында Навальныйдын өзү да кармалып, соттун чечими менен 15 күнгө кесилди. Андан мурдараак сот Навальныйга мыйзамсыз митингдерди өткөрдү деген жүйө менен 20 миң рублдук айып пул салган.

Кремл болсо жүрүштөрдү сынга алып, митингдин уюштуруучулары элди мыйзамга каршы аракеттерге үндөгөнүн билдирген.

XS
SM
MD
LG