Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:08

Активисттер КТРК алдында митингге уруксат берүүнү талап кылууда


18-марттагы митинг
18-марттагы митинг

Кыргызстанда "Сөз эркиндигин коргоо комитети" бейөкмөт уюму "Кылым шамы" укук коргоо кыймылы менен биргеликте Ленин райондук сотунун чечиминин үстүнөн жогорку инстанцияга кайрылды.

Бул тууралуу аталган уюмдун төрагасы Адил Турдукулов "Азаттык" радиосуна билдирди. Арызда жарандардын укугу чектелип, "Тынч жыйындар жөнүндөгү" мыйзам сакталбай жатканы белгиленген, соттон адилет чечим чыгаруу өтүнүчү жазылган:

- 27-мартта биз апелляциялык арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылдык,- деди Адил Турдукулов.

17-мартта Бишкектин Ленин райондук соту активисттерге КТРК алдында митинг өткөрүүгө тыюу салган. Алар "саясий репрессия жана сөз эркиндигине кысым көрсөтүүлөр токтотулсун" деген талап менен 29-мартта коомдук каналдын алдында митингге чыгууну көздөп жатышкан. (NT)

XS
SM
MD
LG