Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:25

Оппозиция чын эле эл колдоосуна арзый алдыбы?


Бүгүн жарык көргөн гезиттерде оппозициялык маанайдагы саясатчылардын пикирлери арбын чагылдырылды.

“Учур” деген ат менен жаңыдан жарык көрө баштаган гезитке берген ЖК депутаты Роза Отунбаеванын интервьюсу өлкөнүн ички көйгөйүнө арналса, “Эрк” партиясынын башчысы Турсунбай Бакир уулу сөзүндө өзүнүн “Хизб-ут-Тахрирге” эч кандай тиешеси жоктугун, 2005-жылдагы президенттик шайлоодон бери Бакиевдин дүжүрлөрү аны ислам экстремисттерине жабыштырып, каралап келатканын билдирди. Бакир уулунун айтуусунда 2005-жылдагы депутаттык жарышта намаз окугандар да, “Хизб-ут- Тахрирчилер” да түштүктө Бакиев менен мандат талашкан Сайдылла Нышановго добуш берген. Бакиев өтпөй калган. Анткени жергиликтүү эл менен жолугушканда С. Нышанов “мусулмансыңбы?” деген суроого “ мусулманмын” деп жооп берип, Бакиев антип айталбай койгон. Анан өтпөй калып, Үсөн Сыдыковго барып “эми эмне кылам?” деп ыйламсыраганда Үсөн аке элди көтөрүп… анан март окуясы чыккан.

Ушундай деп айткан Турсунбай Бакир уулу ал жетектеген партия ушул жылдын 16-декабрында жалпы Кыргызстандын аймагында массалык нааразылыктарды баштай турганын, ал 7 дубанда жана Бишкекте өтөрүн, бул бийлик менен иштөөгө болбой калганын жарыя кылды. Себеби бийликте мурдагы президентин сатып жибергендер иштеп атканын, демек саткындар бийлеген мамлекет да, анын эли да эч качан оңолбосун, мурда Түштүктүн эли жаман болсо да Бакиев тура турсун деп келсе, Раззаковдой, Масалиевдей таза инсандары менен сыймыктанган эл эми президентти ошолорго салыштырып, Бакиевден тажап бүткөнүн, түштүк эли да бүгүн уруучулук куру намыстын кулу болуудан кутулганын кеп кылды.

“Аалам” гезитине “Акыйкат үчүн” кыймылынын лидери А. Жекшенкуловдун “Бийликке элдин ишеними жоголуп, оппозиция элдин колдоосуна ээ болуп жатат”, экономика илимдеринин доктору А. Сарыбаевдин “Дүйнөлүк кризиске биз эмес АКШнын да алы келбей жатат” деген интервьюлары басылды. Биринчи интервьюда А. Жешенкулов Кабилова боюнча кабарчынын суроолоруна, Кабилова коомчулукка жасаган 1-билдирүүсүнөн кийин 2-билдирүүсүн жасаганы жатканын, маанайы чечкиндүү экенин, бирок качан билдирүү жасарын азыр айталбасын, анткени Кабилова менен өзү билдирүү жасамайын алдын ала маалымат бербейбиз деп макулдашышканын, анын үстүнө Клара айым “оюмду бир жерге жыйнап алып өзүм билдирүү жасайм” деп айткан болчу деп жооп берди. Акыркы интервьюда окумуштуу А. Сарыбаев “Бийликтин быйыл суу аз болуп калды деп энергетикалык кризиске алып келиши болбогон нерсе. 2004-жылы Токтогул ГЭСинде 22 млрд.дан ашык суу толуп, плотинаны жарып кетүү коркунучу туулганда Орусия Кыргызстандан 5 млн. кВт. Электр энергия сатып алган” деп билдирди.

“Жаңырык апта” гезити баш макаласын “Ч. Баекова кыргызды кантип саткан?” деген ат менен атады. Ушул эле гезит майда кабарларында 25-ноябрда оппозициялык күчтөр тарабынан уюштурулган курултай өтөрүн, Алмаз Атамбаев оппозиция тарапка оогонун, Клара Кабилова коомчулукка дагы бир кайрылуу жасаарын маалымдады. Гезит ошону менен бирге эле кыргыз жаштарынын Улуттук 1-Кеңеши ушул жылдын 15-ноябрында Бишкекте өтөрүн маалымдоо менен жаштардын башын кошууга чакырган кайрылуусун да тартуулады. “Бирөөлөр биздин байлыкты башкаларга сатууда” деп аталган интервьюсунда ЖК депутаты Бакыт Бешимов “Кыргызстанда криминалдык абал түзүлүп калды деп айтууга толук негиз бар” деп айтты.

“Асман преss” гезитине Ата Мекенинен алыста жүргөн кыргыз ишкери Урмат Барктабасовдун “Революциялык кыймылга” кошулганын тастыктаган Азимбек Бекназаровдун сөзүн, коомдук ишмер Дастан Сарыгуловдун “Заманыңарды тааныбасаңар жолуңардан адашасыңар”, ЖК депутаты Турдукан Жумабекованын “Дааватчылардын баары эле экстремисттик топто эмес, бирок...” деген ат менен макалалары жарык көрдү.

“Лица” гезити Оппозиция өлкөнү өнүктүрүүнүн жаңы концепциясын сунуш кылганын жар салды жана анысын бүгүнкү санына басып чыгарды.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG