Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:21

Бүгүн жарыкка чыккан басылмалар негизинен оппозициялык күчтөр кол койгон кечээки меморандум тууралуу сөз кылышты

“Ачык саясат” гезити, оппозициялык күчтөрдүн биригүү меморандумуна кол койгонун башкы тема кылып алып чыкты жана кол койгон партиялардын, алардын башчыларынын тизмесин жарыялады. Гезиттин ушул эле санына бийлик куугунтугунан улам четте башкалкалап жүргөн саясатчы Эдил Байсаловдун “Бакирдин Амиржановду уурдап кетер алдында төртөө келип ага күбөлүктөрүн көрсөтүшкөн” деген ат менен орус тилиндеги макаласы жарык көрдү. Байсалов макаласында Р. Шаботоев менен Б. Амиржановдун жок болушу боюнча өз көз карашын айтуу менен бирге Кыргызстандын Ички иштер министрлиги күжүлдөп иштеп жаткандай түр көрсөтсө дагы буга чейин деле журналист Алишер Саиповдун ж.б. көптөгөн киши өлтүрүүлөрдүн биринин да бети ачылбаган бойдон кала бергенин сынга алган.

Меморандум тууралуу оюн ортого салгандардын ичинен А. Атамбаев, үй-бүлөлүк, кландык башкаруу, коррупция элди өтө оор кырдаалга кептеди. Бул бийлик кетет. Кетпеске аргасы жок, анткени ал мындан артык колунан иш келбей тургандыгын далилдеп берди десе, Т. Сариев, бүгүнкү кол койгондор эртеңки 25-ноябрда өтө турган жалпы элдик жыйында азыркы бийликке конкреттүү талаптарды коет деди. Акыйкатчы Т. Акун, бүгүнкү бийликтин жасап жаткан иштерине көңүлүм анча толбой келет. Бирок бийликте жүрүп эле бир заматта оппозиция болуп алгандар мени гана эмес, жалпы кыргыз элин кооптондурууда деп, саясатка кайрадан кайрылып келген К. Байболов, мен революцияны каалабайм, бирок элдин маанайы, жашоого болгон нааразылыгынын күч алышы опурталдуу көрүнүш, мени кубандырганы - мен ойлобогон, күтпөгөн адамдардын келип, меморандумга кол коюп, бүгүнкү бийликке болгон мамилесин ачык билдирип жаткандыгы болду деп айтты.

Ушул эле меморандум темасына бүгүн жарык көргөн “Аалам” гезити да кайрылды. Бул боюнча гезит аркылуу оюн ортого салган саясатчы М. Ниязов, эң алды менен мамлекеттик түзүлүштү жана башкаруу системасын талкууга коюп алып, андан кийин гана меморандумду кабыл алуу керек болучу. Булар тескерисинче кылып жатат, кандай болгон күндө да бул документтин юридикалык күчү жок деп айтса, Советтик жана чарбалык ишмер К. Ашыралиев, меморандумду толук колдойм, бирок үч нерсеси жакпай калды. Биринчиси, Жогорку Кеңешке шайлоо жалаң партиялык тизме менен өтөт дегени, экинчиси, буга кол койгондордун арасында кишинин итиркейин келтирген, 2005-жылдын март окуясынан кийин Бакиевге акелеп барып, “сен жакшысың, сенден өткөн саясатчы жок” деп кошомат кылып жүргөндөр дагы бар экенин, үчүнчүсү кол койгондордун баары эле борбордогулар болуп, жер-жерлердеги мыкты саясатчы инсандар сыртта калганына ичим чыккан жок деп айтты. Элдик революция кыймылынын башчысы А. Бекназаров, үч жылдан бери ар кандай документтерге кол кое берип уят болуп бүттүк. Мен ачык эле айткам, баралбайм, биздин атыбыздан Топчуке барып катышат деп жооп берген.

Гезит ошондой эле дин боюнча көз карандысыз эксперттердин шашылыш кайрылуусун ЖК төрагасына, депутаттарга, жалпы кыргызстандыктарга багыштады. Кайрылууда жакында эле “Кыргыз Республикасында дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште 1-угуудан өтүп кеткендигине кабатыр болгон жагдайлар айтылат. “Адам укугу” деп аталган комитет, ОБСЕ, ПРООН эксперттери менен биргеликте даярдалган бул мыйзам долбоорунда мамлекеттик, коомдук, элдик укуктар чектелгени, “Хизб-ут Тахрир”, “Сатанизм”, “Муна чиркөөсү” өңдүү бузуку секталардын Кыргызстанды каптап калуусуна шарт түзүлгөнү белгиленет. Ошол эле учурда “Ак жол”, СДПК, Коммунисттер фракциялары ЖКга сунуштаган дин жоболору кабыл алынбай жаткандыгы көрсөтүлөт. Буга кимдер бут тосууда? Өлкөгө, элге, мамлекеттин коопсуздугуна, Кыргызстандын кызыкчылыгына кимдер каршы турууда деген суроо коюлат. Кайрылуу же Жогорку Кеңешке улуттун кереги жок болуп калганбы деп аяктайт. Буга политолог-окумуштуулар К. Маликов, О. Молдалиев, эксперт-юристтер А. Токтоналиев, К. Кожоналиев кол койгон.

“Кыргыз туусу” гезити журналист П. Казыбаевдин жер титирөө жөнүндөгү жазган “Алайдагы алаамат” макаласын, окурмандардын соттордон кагуу жеп ызага баткандардын арманын баяндаган каттарын, жазуучу Кеңеш Жусуповдун Т. Сыдыкбеков тууралуу сандан-санга жарыяланып келаткан баянынын уландысын, жазуучу Ж. Мавляновду эскерүү, кытай жазмаларында “кыргыз” деген аталыштын сегиз түрдө кездешээрин тастыктаган жалалабаддык окумуштуу И. Абдувалиевдин табылгасын окурмандарга сунуш кылган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG