Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:33

Жүз жыл артка же кыргызгазминерлеринин “сүйүнчүсү”


Бүгүн жарык көргөн орус тилдүү “Аргументы и факты в Кыргызстане” менен “Дело №...” гезиттери башкы темаларында өлкөдөгү энергетика тармагын менчиктештирүү жана анын учурдагы көйгөйлөрү жөнүндө сөз кылды.

“Совет бийлиги 70 жыл бою калктын укугун коргоп келген, ар бир үйбүлө жылуулук жана жарык менен толук камсыз болгон. Ал эми бүгүн биз 100 жыл мурдагы абалыбызга кайтып кеттик. Калкын карайлаткан мындай иштери үчүн 80 жыл мурда мамлекетке жана совет бийлигине каршы жасаган кылмышы үчүн деп атып салучу. Азыр мезгил, доор башка. Атып салганга болбойт. Бирок бул өңдүү атка минерлерди кызматта кармап турууга да болбойт” деп билдирди Жогорку Кеңештин коммунисттер фракциясы деп баяндаган “Дело №...” гезити, ушул эле фракциянын лидери, депутат И. Масалиев республиканын Улуттук Коопсуздук Кеңешинин катчысы башында турган мамлекеттик комиссия түзүү сунушу менен президентке кайрылганын, азырынча эл бийликке эмес энергетика жетекчилерине нааразы болуп жатканын, ошондуктан элдин нааразылыгын чектен чыгарбаш үчүн ушул тармактагы айрым чиновниктерди жоопко тартып, кызматынан четтетүү керектигин айтты деп кабарлады.

Масалиевдин айткандарын чечмелеген гезит, депутат мырзалардын турмуштан артта калганын, айрыкча жолдош коммунисттер артта калганын, эл деген энергетика жетекчилеринен өтүп, эбак эле Бакиев башында турган бийликти күнөөлөп келаткандыгын, эгер бүгүнкү жарык менен кыйноого эми дагы кымбаттоо кошула турган болсо көчөгө ышкырып койсоң эле өзү атып чыгарын белгиледи. Андан ары макаланын автору И. Масалиев сунуштаган мамлекеттик комиссия түзүлөрүн бир кудай билет деп жазуу менен, түзүлгөн күндө да ал комиссия энергетика тармагындагы өзүмбилемдиктерди жетер жерине жеткире ачыкка чыгара албайт. Чыгара аларына да ишенүүгө болбойт. Ошентип ушу тапта өлкөдөгү энергетикалык башаламандыктан да саясый упай топтоп калууга жанталашкан саясатчылар жок эмес деп кортундулады.

Ушул эле гезит “Мындан ары кандай болот?” деген рубрика алдында “Туңгуюкка кулап баратабыз. Кармап калар тал да жок” деген ат менен көз карандысыз эксперт Н. Кравцовдун интервьюсун тартуулады. Гезит “Биз акыры ушуга келмек эле келдик. Өткөн жуманын үчүнчү күнүндө Кыргыз өкмөтү Бишкек ТЭЦин, “Бишкекжылуулук тармагы” менен “Түндүк электро” АККсын бир пакет менен менчиктештирүүгө макулдугун берди. Эми жакын арада тендер жарыяланат. Эсти эки оодарган жарыктын айынан эл ушу кезде баарына даяр турат. Деги ушундай да болобу?” деп суроо бергенде эксперт Н. Кравцов, бул менчиктештирүү бир кездеги казактардыкынан да жаман кесепеттерге алып келиши мүмкүндүгүн, эми ар бир райондо РЭСтин өз кожоюндары пайда болуп, өз каалагандарын жасай баштарын, кезинде бүтүндөй СССР боюнча 4-орунда турган, жылына 300 млн. даана лампочка чыгарган Майлы-Сай элкетролампаларын чыгаруучу заводду менчиктештиргенде да ушинтип, менчик колго өтсө эле ал укмуш иштей баштайт деп ишендиришкенин, бирок бүгүн анын бири да жүзөгө ашпаганын, дегеле Кыргызстанда жеке менчикке өткорүлгөндөн кийин гүлдөп кеткен бир дагы ишканы күндүз чырак менен издеп табууга мүмкүн эместигин айтып чыкты. Н. Кравцев андан ары бирдеме десең эле “каражат жок” дешет. Ал эми “Манас” аэропортундагы америкалык аскер базасынан түшүп жаткан миллиондогон долларлар кайда кетип жатат деп суроо койду. Эксперт андан ары Өзбекстан менен газ боюнча эмдигиче келишимге кол коюла электигин, кыргыз газгаминерлери Ташкенге барбай-этпей эле, алдын ала сүйлөшпөй эле газдын баасынын 1000 кубун өзбектер бизге 300 доллардан беромей болду деп “сүйүнчүлөп” жиберишкенин, анын божомолу боюнча өзбектер 400 доллардан кем бербей тургандыгын да кошумчалады.

“Аргументы и факты в Кыргызстане” гезити да өзөктүү макаласын энергетика маселесине багыштап, макаласынын атын “Бүткүл өлкөнүн жарык жагуучулары, бириккиле же Жогорку Кеңештин депутаттары элин кантип коргоп жатат?” деп атады. Макалада өлкөдөгү энергетикалык кризис тууралуу сөз болот. “Президент дарыланууга кетип баратып 1-ноябрдан баштап жарыкты өчүрүү токтойт деп айткан. Бирок өкмөт президентти эл алдында дагы бир жолу калпычы кылды., эми ал дагы бир жыландын башын кылтыйтып, мындан ары даректүү өчүрүүлөр болорун каңкуулай баштады” деп айтты Жогорку Кеңештин депутаты Мурат Жураев деп жазган гезит, Жураев ошондой эле бүгүн элдин 70-80 пайызы айылда жашарын, элеттиктерди эл катары санабай жарыгын өчүрө берген энергетиктерди сотко берүү деген жергиликтүү жарандар үчүн зор кыямат экендигин, анткени райборго барып келүүгө эле бери чети 100-200 сом жолкире кетерин, андан да райондук жетекчиликтеги бюрократиянын азабын тартарын, ошондуктан эл өз укугун өзүлөрү коргоп алганга үйрөнүүсү зарылдыгын белгиледи деп билдирди аталган басылма.

XS
SM
MD
LG