Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:52

Орусия компаниялары Кыргызстанга май жөнөтүүнү токтотушту


Орусиялык «ЛУКОЙЛ», «Газпром нефть», «ТНК-ВР» жана «Русснефть» компаниялары 1-апрелден бери Кыргызстанга мунайзатын жөнөтө албай жатышат. Эркин соода келишими боюнча товарлар чек арадан эч кандай бажы төлөмдөрү жок өтүшү керек болчу.

Эки өлкө ортосунда эркин соода боюнча өкмөттөр аралык келишимге карабастан, орус өкмөтү Кыргызстанга жиберилчү мунайзатынан бажы төлөмдөрүн толугу менен өндүрүп алуу жөнүндө токтом кабыл алган.

Жол жабык, маселе чечиле элек

Орусия сыртка чыгарылчу мунайзатына ыксыз бажы төлөмдөрүн коюп алгандыгы үчүн быйыл мартта Белорусия Күнкорсуз мамлекеттер шериктештигинин экономикалык сотуна кайрылган. Жыл башында Бажы биримдигине кирген эки өлкө ортосундагы экономикалык талашка азырынча чекит коюла элек. Бажы төлөмдөрүнө байланышкан дагы бир чиеш маселе мына эми Кыргызстанга жөнөтүлчү мунайзатка такалууда. Кыргыз өкмөтү азырынча талаш маселе кандай чечилери жөнүндө так кесе жооп айта элек. “Газпром нефть Азия” компаниясынын пресс-катчысы Ольга Волосатых Орусиядан келчү мунайзаттын кармалып жатышынын себеп-жөнүн айталбастыгын билдирди.

- Биз эч нерсе айта албайбыз. Азыр өкмөт пресс-конференцияга даярданып жатат. Мүмкүн алар түшүндүрүп беришер. А биз болсо айта албайбыз.

Өкмөт Орусиядан келчү мунайзат маселесинен мурда Таластагы окуяларды кантип жайкоонун амалын издеп, 6-апрелде шашылыш маалымат жыйынын чакырууга мажбур болду.

Бюджет оорчулугy ойлонтууда

Кыргызстандын Каржы министринин орунбасары Эрик Усубалиев орус өкмөтүнүн күтүүсүз кадамы өлкө бюджетине кандай таасир тийгизери иликтенерин белгиледи.

- Орусиянын энергия баасын кымбаттатып, тунук мунайзат продукциясынын бажы төлөмдөрүн 193,5 долларга көтөрүшү. Бул маселенин ЕврАзЭске тиешеси деле жок. Ал биздин Бажы биримдигине киришибизге көбүрөөк тиешелүү. Экинчиси, Орусия Федерациясынын мындай чарасы күтүүсүз болгондуктан эми биз анын республикалык бюджетке кандай таасир тийгизерин иликтөөгө киришебиз.

Парламент депутаты, “Акжол” фракциясынын мүчөсү Бейшенбек Абдыразаковдун ырасташынча, күйүүчү майлардын артынан баары кымбаттайт.

- Баары бир азыр кымбаттаса ал бюджетке да таасир көрсөтөт. Жалпы экономикага таасир көрсөтөт.

Парламенттин бюджет жана каржы комитетинин төрагасы Аскарбек Шадиев Орусиянын Кыргызстанга минтип күтүүсүз экономикалык таасир көрсөтүү чарасы кандай натыйжаларга алып келерин болжош кыйын экенин айтып, өз пикирин билдирүүдөн баш тартты.

- Бул жаман нерсе да. Бербей эле туралычы. Прогноз бербей туралычы. Элдин пикирин бузуп алабыз. Мен ойлойм, бул маселе чечилсе керек.

Маселе болсо азырынча чечиле элек. Орусиянын күттүргөн карамайы келгенче күйүүчү майга муктаждык кайсы булактардын эсебинен жабылары, анын запасы канча экени да азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG