Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:07

ЕККУ менен кыргыз бийлиги милицияны реформалоого эки башка карайт


Ички иштер министрлигинин жанында жарандык коом өкүлдөрү А.Саиповду эскеришти, октябрь, 2007-жыл
Ички иштер министрлигинин жанында жарандык коом өкүлдөрү А.Саиповду эскеришти, октябрь, 2007-жыл

2003-жылдан бери Европа коопсуздук жана кызматташуу уюму Кыргызстандын ички иштер кызматын реформалоо долбооруна 5 миллиондон ашуун евро бөлгөн.

Кыргыз өкмөтү мыйзам сактоо органдарынын ишин жакшыртууга көңүлкоштугу, өлкөнүн демократиялык багыттан четтеши милицияга элдин ишенимин арттырып жиберген жок.

Акча келди, анан

Парламенттеги социал-демократиялык фракциянын жетекчиси Роза Отунбаеванын айтуусунда, европалык салык төлөөчүлөрдүн акчасынан чогулган чоң жардам кыргыз милициясынын унаа, керектүү жабдуулар, иштөөчү жайлар менен камсыз болушуна кыйла огожо болушка жарады.

- А бирок мырзалар, жагдайдын өзү өзгөрдүбү? Сиздер “Тайс Онтас” жабдуусун айтып жатасыздар. Анда эмне үчүн ал “Тайс Онтас” Г.Павлюктун өлүмүнө себепчи болгондорду ачып бере алган жок? Эмне үчүн ал аппарат 26 жерине бычак сайылган С.Абдылдаевди кимдер өлтүргүсү келгенин ачып бергенге жараган жок? “Тайс Онтас” Алишер Саиповду өлтүрүп кеткендерди табышка эмне үчүн жардам кылган жок? Дагы башкалары бар. Сиздер берген жабдуулар менен кийимдер саясий өң-түсү жок кылмыштарды ачууга гана багытталганбы?

Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунун Кыргызстандын ички иштер органдарын реформалоого багытталган долбоорунун жетекчиси Евгений Черенков нааразы болуп чыккан элди таратууга колдончу көз ачыштырган газ, резина таяк, суу аткычтарды сатып алууга уюмдун долбоору боюнча эч кандай каражат бөлүнбөгөнүн ырастап, долбоордун мүмкүнчүлүгү кийинки жылдары кыйла эле тарый түшкөнүн маалымдады. Е.Черенков ЕККУ Кыргызстандын күч кызматтарын текши реформалоо маселесин коюшканын, бирок ал колдоо таппаганын белгиледи.

- Ооба, биз ошондой маселе козгогонбуз. Бул жерде отургандардын бир да бирөө бул маселеге комплекстүү мамиле керектигине, башка укук коргоо органдарын да ушул реформага кошуунун зарылдыгына каршы эмес. Анан да бул ишке эң жогорку деңгээлде кабыл алынган документ керектигин да айтып отуруштун зарылдыгы жок. Ал документтин негизинде узак мөөнөткө эсептелген прогрпамма иштелиши зарыл.

Е.Черенков мурунку бийлик тушунда азыноолок жыла баштаган тартип коргоо органдарын реформалоо концепциясын иштеп чыкчу комиссия таратылып, жаңы бийлик тушунда башталган реформа токтоп калганын кошумчалады.

Өкмөт менен ЕККУнун тун баласы

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Изилдөө борборунун жетекчиси Ш.Мамыров эларалык уюмдар колдон келген көмөгүн көрсөтүп жатканын, негизги милдет жоопкерчилигин баары бир Кыргызстан өзүнө алышы керек деп эсептейт.

- Мына биз өзүбүз дагы, ички иштер органдары, биздин бөлүмчөлөр дагы атайын социологиялык изилдөөнү баштадык. Элдин бизге ишеними кандай экенин билишке.

Ал эми “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдырасулова ички иштер органдарын реформалоо долбоору ЕККУ менен кыргыз өкмөтүнүн ортолук долбооруна айланып, ага бейөкмөт уюмдлар, жарандык коом өкүлдөрү кеңири катышпай келатканын айтты.

- Бизге, коомчулукка, Жеңиш Жоробековдун эмнегедир Тогуз-Торо райондук милиция бөлүмүнүн башчысы болуп кеткени жакпай турат. Москва районундагы анын иши, Бишкекке келгендеги кептер элдин эсинде. Бул дагы ушул тармактагы түшүнүксүз кадр маселеси.

Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмуна 56 өлкө мүчө. Кыргызстан да ага кошулуп, кыйноолорду болтурбоо, демократиялык-укуктук принциптерди жүзөгө ашыруу боюнча милдеттенмелерин алган. Бирок азырынча алардын көбү кагаз жүзүндө калып жатканын Р.Отунбаева белгиледи. Анын ырасташынча, кыйноо боюнча өткөн жылы бир гана тергөөчү кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Бейөкмөт уюмдардын эсебинде андай фактылар абыдан көп.

XS
SM
MD
LG