Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:19

Оппозиция чыгаандары жана ураандары


Бүгүн бүт Кыргызстан боюнча Бириккен элдик кыймыл уюштурган каршылык акциялары өттү. Бишкекте Горький эстелигинин жанында өткөн митингде Бириккен оппозиция бийликке өзүнүн талаптарын жарыялады.

БЭК бийлик алдында беш талап койду. Ал талаптарга ылайык, президент К. Бакиев күч органдарынын башчыларынын жарымын оппозициянын сунушу боюнча дайындашы зарыл.

Улуттук биринчи каналдын, ЭЛТР коомдук телекомпаниясынын байкоочулар кеңешинин, БШКнын курамын жарым-жартылай оппозиция аныкташы керек.

Шайлоого эл аралык уюмдардан байкоочуларды кеңири чакыруу абзел. Саясий куугунтуктар токтотулушу зарыл.

Эгер бул талаптар аткарылбаса 20-апрелден тарта оппозиция өлкө боюнча мөөнөтсүз каршылык акцияларын баштайт. Президент Курманбек Бакиевди шайлоого чейин кетирүүгө аракеттер жасалат.


Өмүрбек Текебаев, “Ата Мекен” партиясынын лидери:

Кыргызстанды, мамлекетти эл шайлаган конституциялык органдар эмес, ашар жолу менен тууган-уруктар башкарып, баардык жерде үй-бүлөнүн мүчөлөрү калды. Алар Кыргызстанды криминалдык жол менен башкарып жатат. Биз Бакиевди криминалитет үчүн айыптайбыз, аны далилдей алабыз. Кыргызстанда акыркы 3 жылда бардык товарлар жана кызматтардын баасы бир нече жолу өстү.

Бир гана буюмдун баасы арзандады, же өзгөрбөдү, бул наркотиктер. Ооган героинин бир дозасы бизде 2 доллар турат, Өзбекстанда 40 доллар, Казакстанда 20 доллар, Тажикстанда эки эсе кымбат 4 доллар, Ооганстандын жанында турат. Эмне үчүн Кыргызстанда эң арзан, анткени бул бизнес жакшы жолго коюлган. Мунун үстүндө генералдар жана полковниктер турат. Алар мектепте, түрмөдө жана башка жерлерде муну түздөн түз саттырып атат.

Ашканын матрешкаларга салып, өз оппоненттеринин чөнтөгүнө, жөнөкөй карапайым адамдардын чөнтөгүнө салып аларды жоготуп жатат. Мен бул бийликти кылмыштуу деп айтам.

Медет Садыркуловго былтыр жаңы жылда адамдын кесилген бармагы менен кулагын жөнөтүшкөн. Аларды милиция кызматкерлери жасаган, алардын бети бир жумада ачылган. Азыр алардын алды милициянын министри кызматынан тартып чоң-чоң башкармалыктардын начальниктери кызматына көтөрүлдү. Кылмышты жасаган милиция кызматкерлери кайтып келип орундарына кайра коюлду.

Муну биз кылмыштуулук деп эсептейбиз. Мына ошол Садыркулов бир жылга жетпей өрттөнүп жоголду. Алмаз Атамбаевдин, Азимбек Бекназаровдун, Эмил Каптагаевдин айтымында бүгүнкү күндөрү Медет Садыркулов өзүнүн көптөгөн чиновник достору менен эл тарабына өтөрүн айткан экен.

Ошондуктан биз укук коргоо органдарынын, күч органдарынын жетекчилери баары алмаштырылып, ал жерге калыс адамдар келиши керек дейбиз. Алардын жарымына оппозиция сунуштаган калыс адамдар барыш керек дейбиз. Эгерде 20-апрелге чейин муну бийлик жасабаса, биз бүткүл Кыргызстан боюнча мөөнөтсүз чечкиндүү нааразылык акцияларын өткөрөбүз.

Эгерде бул талаптар аткарылбаса бизге мындай шайлоонун кереги жок. Бакиевди шайлоого чейин жоготконго аракет кылышыбыз керек. 20-апрелге чейин аз эле убакыт калды. Мына бул жерде жамгыр жааганына карабастан 5 миңдей адам келди. 20 нан кийин ар бириңиздер ондон алып келсеңер бул жерде 100 миң адам болот.

Бишкекте эле эмес биз бүткүл Кыргызстан боюнча бул акцияларды жүргүзөбүз. Биздин алдыбызды камады, бир тобубузду өлтүрдү, жөнөкөй адамдарды куугунтуктап атат. Биз бул бийликке коркпойбуз деп айта алабыз. Биз турмушту оңдош үчүн, Кыргызстандын келечеги үчүн өз өмүрүбүздү кыйгандан дагы кайра тартпайбыз деп бул жерден жарыялашыбыз керек.


Мирослав Ниязов, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы:


- Биринчи ишеним болуш үчүн коалициялык өкмөттү түзүшүбүз керек. БШКга эч ким ишенбейт. Муну президент таратыш керек. Ошон үчүн бүгүн биз 3 талап коюшубуз керек. Биринчи талап, БШКны таратыш керек, анткени бул комиссия менен ниети бар адам максатына эч качан жете албайт.

Экинчиси, Жогорку Кеңеш элдин кызыкчылыгын эч качан коргобойт, бул бир адамдын кызыкчылыгын коргой турган Жогорку Кеңеш. Ошондуктан ыплас жол менен келген Жогорку Кеңешти да таратыш керек.
Үчүнчү талап, коалициялык өкмөт. Бүгүнкү аткаруу бийлигине оппозициядан кошо сүйлөшүп, ошол жакка оппозициядан адамдарыбызды кошушубуз керек. Анткени келе жаткан шайлоо таза болбосо, дагы бир баса белгилеп кетейин, тынчтык болбойт Кыргызстанда.

Аны бийлик дагы билиш керек, эл дагы туура түшүнүш керек. Учур келди акыл-эсибизди жыйып, ортого салып, келечегибизди курушубуз керек. Болбодубу 17 жылдан бери ойноп-сайрап келди бийликтер, эл болсо четке агылып кетти. Эми биз өзүбүз өзүбүздүн кызыкчылыгыбыз үчүн күрөшпөсөк, бизге эч ким жардам бералбайт.

Азиза Абдрасулова, “Кылым Шамы” укук коргоо уюмунун жетекчиси:

-
Сөз эркиндигибизди жоготтук, Кыргызстанда эркин теле-радио, же массалык маалымат каражаты дээрлик калбай калды. Биз эркин жыйындарга чогулууга болгон укуктарыбызды жоготтук.

Биринчи Данияр Үсөнов мэр болуп келгенде кабыл алынган постановление бүгүн биздин сүйүктүү Исхак Масалиевдин колу менен жазылган мыйзам аркылуу бүт Кыргызстанга таркатылып, бүгүн бир жаран пикетке, же митингге, же кандайдыр бир нааразылык акциясына чыкса, аларды алып барып камап атат.

Мына акыркы факты, Максим Кулешов деген жалгыз орус жигит күндө чыгат өзүнүн оюн билдиргени, ушуну жиндиканага алып барып жаткырды. Бул биздин Кыргызстан адам укуктарынан өзүнүн жүзүн буруп, Өзбекстандын, Түркмөнстандын жолуна түшкөнүн көрсөтөт. Авторитардык, дээрлик тоталитардык режимге түшкөн диктатуралык маанай деп айтса боло турган ушундай чекке жеттик.

Социалдык-экономикалык абал Кыргызстанда күндөн күнгө начарлап атат, Кыргызстандын дээрлик 70 пайыз калкы Казакстан, Орусия менен тирлик кылып калды.


Иса Өмүркулов, Жогорку Кеңеш депутаты, Социал-демократиялык фракциянын мүчөсү

-
Мурун ММКларда гана таанышчу элек. Тилекке каршы бүгүн баарын жаап салды, баарыбызды көчөгө чыгарып тааныштырып, бетме-бет пикир алмашканга мүмкүнчүлүк түзүп берди. Бүгүн келгениңиздер мен ойлойм, ар бириңиздер өзүңүздөр үчүн, өз үй-бүлө, өз балдарыңыздар үчүн, кыргыз эли, кыргыз мамлекети үчүн келдиңиздер.

Мен дагы ошентип келдим, мен дагы патриотмун. Мен дагы татынакай өнүгүп-өскөн, гүлдөгөн мамлекетте жашагым келет, менин да балдарым, неберелерим дагы жашагысы келет. Бирок, тилекке каршы, бүгүн бийликтин бизге көрсөткөн кысымын, кордугун көтөрүп атабыз, эл үчүн, журт үчүн деп.

Эң биринчи биздин душман - бул кайдыгерлик. Урматтуу мекендештер, жердештер, бир туугандар кайдыгер болбойлу, кош көңүл болбойлу, бири-бирибизди колдойлу, биздин күчүбүз силерде, бүгүн келип бергениңерге чоң рахмат. Эгерде ушундай биримдик болск бийлик бизди угат, эгерде укпаса биз күнүгө чогулабыз, ай айы, жыл жылы болсо да чогулабыз.

Бирок койгон максатыбызга жетебиз. Мен азыр Аламүдүн районунан келдим, алардан сиздерге чоң ысык салам. Бүгүн жамгырга, бороонго карабай, баардыгы Көк-Жар айылына чогулуп, бүгүн силерге сунуштала турган резалюциянын долбоорун талкуулап, сунуштарын кошуп, ошону бир ой, бир кол менен кабыл алышты.

Ошондуктан мен ойлойм бүгүн ар бирибиз мамлекет, жер үчүн келип, өзүбүздүн эркиндигибиз үчүн кармашышыбыз керек. Эгерде өзүбүздү-өзүбүз коргоп, өзүбүздүн келечегибизди сактай албасак, анда мамлекетте келечек жок, кыргыз эли эл катары, кыргыз мамлекети мамлекет катары жоюлуп кетиши мүмкүн.

Ошондуктан бүгүн бийликтин экономикада жасап аткан бир гана талапты алалы, баарын сатууга алып чыкты, эч бир тармак калган жок.


Роза Отунбаева, Жогорку Кеңеш депутаты, Социал-демократиялык фракциясынын мүчөсү


-
Бүгүнкү митинге көп тоскоолдук болуп араң чогулуп атабыз бул жерге. Анткени бийлик айыл жерлеринде өзгөчө ар бир үйгө кирип, "митингге барба, жумуштан кетесиң" деп, ушундай чоң аракетте болуп атат. Биздин негизги эң маанилүү укуктарыбызды жок кылып, четке кагып, азыркы бийлик биздин укуктарыбызды тебелеп жаткан кези.

Мен ойлойм, Орусияда ар бир жума сайын партияларды митингдерге чыгарып элдин бугун чыгарып, ошол жерден нааразычылыгын айттырып атса, бул жерде болсо бизди кокон хандыкка айлантабыз деген чоң аракетте болуп атат азыр бийлик. Биз көрүп атабыз, эң негизги биздин укуктарыбыз тебеленип атат, журналисттердин колдору сынып атат, аларды сындырып эч качан жазбасын деп аракет кылып атат.

Биздин лидерлерди, оппозицияга кеткен министрлер болсунбу, ким болсун баарын түрмөгө, зынданга тыгып, баарыбызды манкурт кылайын деп аткан ушул бийлик. Бакиев баягы күндөн бери эле январда бир нацияга деп чоң заявление жасап атат. Баягы күнү да бир кепти айтты, мен ойлойм, кыргыз эли түшүнбөй калды. Аны четтен келген кыргыз элинин рухун, духун түшүнбөгөн, такыр кыргыз эли кандай экен жытын билбеген элдер келип алып жазып, бизге тартуулап атат.

Президент болсо кагаздан окуп берип атат анын баарын. Кыргыз эли түшүндү бекен ошону? Анын ичинде айтат эми, көп партиялык система болсун деп. Көп партиялык система дегенди биз жонубуз менен көрүп атабыз. Парламентте “Ак жол” деген Кыргызстандын төрт тегерегинде иштеп атат. Таазим биздин активисттерге.

Ар бир БЭКке кирген партиялардын активистери төрт тарапта элди чыгарып, 30 район-шаарларда бүгүн ушундай митингдерди уюштуруп атат. Ошол митингдерге баргысы келген элди коркутканын, милициянын камаганын айтпагыла. Ошого карабай элдин баары чыгып, бүгүн өзүнүн пикирлерин, ойлорун айтып атышат.

Бизге сын бергендер айтып атышат, булардын кетсин дегенден башка эч ою жок, эмнени тартуулайт экен азыркы оппозиция деп. Мен айтат элем, толуп аткан иштер, пландар бар. Азыр деле Бакиевге тарыхый шанс бар эле, иштесе, татынакай Кыргызстанды алдыга жылдырса болот эле. Эч андай иш болгон жок.

Өзүңүздөр көрүп атасыңар, Жерүй жатат, жетинчи кожоюн болду ал жерде. Жерүйдү бир колдон экинчи колго сатып, ортосунан маржан алып бул үй-бүлө байып жатат. Талды-Булактын тагдыры так ошондой.

Кумтөр менен алышып атышат, өзүнө гана "кусок" алайын деп жанталашып атышат. Биз болсо митингде акыйкат үчүн деп турабыз. Бүгүн деле Камбар-Ата-2 деген ГЭСте Кыргызстандын бюджетинин канча миллиард деген акчасы жуулуп кетип атат. Ал жакта менчик компаниялар өзүнүн кызыкчылыгы үчүн катуу иштеп атат. Ал жакта Эсеп палатасы иштеп атат, текшерип атат деп калп эле биздин кулагыбызга айтып коюшат дагы, өз иштерин жасап атышат.

Жанында болсо президенттик администрациянын башчысынын бетон заводу бүтүп атат. Камбар-Ата-1ди курабыз деп ал жакта шымаланып отурушкан менен бирөөнүн казаны кайнап атат чынында, элдин казаны бирок кайнабай атат.

Эл болсо Бишкектеги вокзалда жума сайын канча биздин карапайым жигиттер келип атышат, Орусиядан тебеленип. Жугундуну ошол жакта чогултуп жүргөн биздин эл эмне болуп кетти. Ошонун үстүндө иштесин деп президентти шайласак эч пайда чыкпады.

Мен айтат элем, мен Бакиев менен такыр макул эмесмин. Айтып атышат президентти ооштурса деле иш болбойт деп, чынында мындай-тигиндей кылыш керек деп четтен келгендердин ойлорун бизге тартуулап атат. Президент ошол ишин аткарбай, өз үй-бүлөсүн гана байытып атканына биздин көзүбүз жетип атат.

Оппозиция убада кылган митинг
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:18 0:00

XS
SM
MD
LG