Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:06

Кыргыз коомчулугу мектептердин кылмыш дүйнөсү менен экстремисттик күчтөрдүн объектисине айланып жатканына тынчсызданууда. Президент К. Бакиев мамлекеттик органдардан мектеп рэкетинин тамырын үзүүнү талап кылды.

Өткөн аптада Бишкектин Аламүдүн кичи району тарапта жайгашкан №38 мектеп-гимназиясы менен олимпиадалык резерв окуу жайынын окуучуларынын ортосунда жаңжал чыгып, мектептердин терезелери талкаланган. Бул бейбаштык акыры милициянын күчү менен басылган жана ал окуучулардын жоон тобу кармалып, айрымдарынын камалышын шарттаган.

Учурда ушул бейбаштык кылган Шералы Cыдыков атындагы Олимпиадалык резерв окуу жайына балдар кантип кабыл алынганы текшерилип жатат. Бул тууралуу ИИМ министри Молдомуса Конгантиев 7-октябрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.

Министр Молдомуса Конгантиев "олимпиадалык спорт мектеби кылмыш дүйнөсүнүн Бишкектеги төбөлүнүн көзөмөлү алдында турат", - деп маалымдады министр.

Министрдин айтуусунда олимпиадалык резерв мектеби менен №38 мектеп-гимназиясы окуучуларынын ортосунда чыккан чатактан кийин аталган спорт мектебинин окутуучулар жамааты, жетекчилиги менен мектептин тарбиялануучуларын кылмыш чөйрөсүнөн ажыратуу аракетинде иш-аракеттер жүрүп жатат.

Ал эми Бишкектеги Олимпиадалык резерв окуу жайынын жетекчиси Кадырбек Эргешев аталган мектептин балдары кылмыш чөйрөсүнө аралашпагандыгын, алардын атын сатып, жаманатты кылгандар бар экендигин “Азаттыкка” билдирди.

-Бизде күн тартиби боюнча гана жүрүшөт. Төрт маал тамактанышат, машыгышат, сабак окушат. Бош болгондо эртеңки күнгө даярданышат. Кечки саат ондо укташат. Шаар аралап, рэкетчилик кылууга алардын убактысы да жок. Башка шаардык балдар биздин мектептин атын жамынып рэкетчилик кылып жүрүптүр”, - деди К.Эргешов.

Олимпиадалык резерв окуу жайынын жетекчисинин айтымында, 26-сентябрда РУОРго жергиликтүү бир топ баладар келип тийишип, таш, бөтөлкөлөрдү ыргытып, дарбазаны талкалап кетишкен. Ал күнү тарбиячы, машыктыруучулар жаңжалды токтотуп коюшкан.

Бишкектеги Аламүдүн-1 кичи районундагы 38-мектептин жетекчисинин тарбия иштери боюнча орун басары Чолпон Барпиеванын билдиргенине караганда спорт окуу жайынын балдары катуу келип, мектептин айнектерин таш менен сындырып кетишкен.

Жогоруда айтылган 38- мектепте мушташ уюштурууга аракет кылган өспүрүмдөрдүн күнөөсү далилденсе, алар төрт жылдан жети жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Кылмыш Кодексинин 234-беренеси боюнча аларга ээнбаштык кылды деген айып коюлуп жатат.

Президент Курманбек Бакиев да 6-октябрда мугалимдердин кесиптик майрамында сүйлөгөн сөзүндө мектептин кылмыш дүйнөсү менен экстремисттик күчтөрдүн объектисине айланып жатканына тынчсызданып, Билим министрлиги менен ички иштер министрлигинен мектеп чөйрөсүндөгү кылмыштуулуктун тамырын үзүүнү талап кылган.

Жогорку Кеңештин депутаты Рашид Тагаевдин пикиринде мектеп рэкетчилиги өзүнчө системага айланып, мектеп жашындагы балдарды туура жолго салуу үчүн 10-20 жылдык мөөнөттү камтыган ырааттуу көзөмөлдөөчү иш-аракеттер керек:

-Көз карандысыз уюмдардын иликтөөсүн мисал келтирcек, ар бир 1000 окуучунун 73-75 пайызы тоноолорго, сабоолорго туш болууда. Мектептерде тартипти катуу көзөмөлгө албаса кылмыштуулук дагы өсөт.

Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын тарбия иштери боюнча башкы адиси Нурлан Момункуловдун айтымында мектептердеги рэкетчиликти токтотуу үчүн милиция менен биргеликте 2012-жылга чейинки иш-аракеттер такталып, мектептерди милиция кызматкерлери эртең менен кечинде күзөтүп, көзөмөлгө ала баштады.

-Ошондуктан бул ишке бир эле мугалимдер эле эмес, ата-энелер, мектептеги активисттер, укук коргоо органынын кызматкерлери менен биргелешип иш жүргүзсө токтойт же азаят деген үмүт бар. Милиция кызматкерлери мектептерди көзөмөлгө алып, биргеликте иштөөдө.

Серепчилердин баамында мектеп рэкетчилигин дагы бир кооптуу көрүнүшү кадимки түрмөлөрдө колдонулган аталыштарды жана жазылбаган мыйзамдарды өздөрүнө сиңирип жатышканында. Мектептерде ондон ашуун криминалдык чөйрөнүн ар кандай титулдук аталыштары колдонулуп жүрөт. “Маселен, “смотрящий”, “козел”, “положенец”, “паровоз”, “кассир” сыяктуу аталыштар.

Бишкектин тургуну Самат Жумакадыровдун пикиринде мектеп рэкетчилиги Кыргызстандын бардык эле аймактарында кеңири жайылып бараткандыгы кооптондурат.

Мунун негизги себептери катары бир катар жагдайларды санап келишүүдө. Маселен, үй-бүлөдөгү социалдык абал, миграция, коомдогу терс көрүнүштөр жана ар кандай мыкаачылыкты чагылдырган кино тасмалардын кеңири тарашы сыяктуу.

Мектеп рэкеттеринен запкы тарткан айрым гана учурлар коомчулукка белгилүү болуп, сотко жетпесе, көп учурларда запкы жеген окуучулардын өздөрү ата-энесине , мугалимдерине да айтпай жашырып коюшат.

Буга чейин өлкө аймагындагы айрым мектептерде окуучулар бири-бирин бычактап салган, ал тургай үстөмдүк кылуу максатында бир мектептин экинчи мектепке мушташ уюштурган окуялар катталган.

Мисалы, Бакайата районундагы Ж. Тойчубеков атындагы орто мектепте өтө кайгылуу окуя болуп, 9-класстын окуучусу Саадабай уулу Нурак мектеп рэкетчилигинин курмандыгы болгон.

Өткөн жылы Талас шаарындагы №2 орто мектепте топ-топ болуп мушташуудан улам 11-класстын окуучусу Турдалиев Нурболотту 10-класстын окуучусу бычак менен бутка сайган.

Мындан 3-4 жыл мурда Бишкектеги Улуттук компьютердик гимназиянын 11-классынын Данияр Бурканов Адилет аттуу уланды бычак менен сайып өлтүргөн.

Өткөн жылы Чүй өрөөнүндөгү бир өспүрүмдүн рэкетчиликтин курмандыгы болгондугу, зөөкүр окуучулар түрмөнүн темир торуна отурган фактылар да катталган.

Ал эми Талас шаарындагы №5 орто мектептин окуучусу бир нече жыл мурун рэкетчиликтен муунуп өлгөндүгү тууралуу факт коомчулуктун эсинде унутулбай келатат.

Булар учкай гана айтылган мисалдар. Мындай фактыларды Ала-Тоонун жети облусунан да кездештирүүгө болот.

Себеби мектеп рэкетчилиги базар экономикасынын заманы менен кошо коомдук жашоого кирген социалдык илдеттердин бири болуп келүүдө.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG