Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:04

Оппозициянын колу толгоодо


БЭКтин тарапкерлери жер-жерлерде шайлоо жыйынтыгына каршы митинг акцияларын баштоого аракет кылууда. Бишкекти көздөй жакын райондордон келаткандарды милиция кармап кетүүдө.

Бишкектин өзүндө митинг баштала элек. БЭКтин лидерлери штабда кеңеш куруунун үстүндө. Штабдын билдиргенине караганда, учурда нааразылык акциялары Талас, Нарын шаарларында, Кочкор районунда, Аламүдүн районунун Көк-Жар айылында өтүп жатат.

СДПнын башкы штабына жөө жүрүш менен Сокулук, Жайыл, Панфилов райондорунан келаткан 42 адамды белгилүү саясатчы Топчубек Тургуналиевди баш кылып, милиция кармап кетти. Топчубек Тургуналиевдин “Азаттыкка” билдиргенине караганда, кармалган оппозиция тарапкерлери милициянын кабыл алуу-бөлүштүрүү жайына жеткирилди.

СДП штабы ошондой эле жөө жүрүш менен шаарды көздөй келаткан дагы бир нааразы топту милиция Кызыл-Аскер аймагынан таратты деп билдирди. Бул боюнча тартип коргоо кызматтары маалымат таратыша элек.

Нарында шаардык прокуратура оппозициянын үч өкүлүн чакыртып, уруксатсыз жыйын өткөрүү мыйзамсыз болуп калары жөнүндө эскертүү берип кетирди. «Ата Мекендин» штабында элүү чакты адам эртең менентен бери жыйналып, митинг баштай албай турушат.

Кочкордо шайлоо жыйынтыгына нааразы болгон 250 чамал адам СДПКнын штабына чогулганы жөнүндө кабар келди.

Талас шаарында шайлоонун жыйынтыгына каршылык митинги “Ата Мекен” партиясынын областтык штабында өтүп жатат. Оппозициянын өзүнүн маалыматы боюнча ал жерде беш жүздөй адам чогулган. Башка булактар чогулгандар мындан эки эсе аз деп билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG