Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:04

Күттүргөн Конституциялык Сот да болор


"Атамекенчилер" Конституциялык сот алдында
"Атамекенчилер" Конституциялык сот алдында

"Ата мекен" социалисттик партиясы президент К.Бакиев Башмыйзамды, өкмөт тууралуу мыйзамды бузганын ырастап бүгүн Конституциялык Сотко өтүнүч жолдоду.

Өлкөнүн эң жогорку соту ишти кароого батынса башкаруу реформасына байланышкан талаштуу маселелердин кыйласынын башы ачылып калмак.

“Ата мекен” социалисттик партиясы президент Курманбек Бакиев башкаруу системасын реформалоо боюнча жарлыгы менен Конституцияны, өкмөт жөнүндөгү мыйзамды одоно бузгандыгын ырастап аны жокко чыгаруу өтүнүчүн Конституциялык Сотко кызматтары так көрсөтүлгөн, өкмөт курамында кандай түзүмдөр болору белгиленген.

- Конституциялык сотто мына ушул аты аталган эки укуктук нормативдик актыны Конституцияга каршы деп таап алардын аракетин жокко чыгаруусун талап кылып жатабыз.

Өмүрбек Текебаев өлкөнүн башкы соту мыйзамдын эреже-талаптарын так сактаса тапшырылган өтүнүч боюнча чечимин чыгарышы керек деп эсептейт.

- Анан иш жүзүндө кандай болорун айтыш кыйын. Анткени биз мындан мурун да Конституциялык сотторго келип жүргөнбүз. 2Х5=10 болот дегендин ордуна 2Х5=5 деген учурлар да болгон. Бирок ошого карабастан кайрылып жатабыз, анткени күрөштөн эч убакта чарчабаш керек. Утулуудан чүнчүбөш керек.

Ө.Текебаевдин айтуусунда, Конституциялык Сот атамекенчилердин өтүнүчүн канааттандырса азыркы жана кийинки келе турган президенттерге чоң сабак болмок.

Өңгөдөн да өлкөнүн экономикалык, инвестициялык мейкинине ээлик кылган эңгезер борбордук агенттиктин башчылыгына президент К.Бакиевдин өз уулун дайындап алышы кайсы мыйзам негизинде жүргүзүлгөнү азырынча укуктук баасын ала элек.

Президент жарлыгы менен өкмөт курамындагы мамлекеттик комитеттердин жоюлуп, жалаң министрлик менен агенттиктердин түзүлүшү да мыйзамга каршы келүүдө. Президенттик институт деген аталыштын айланасына топтолгон аткаруу бийлигине кирчү түзүмдөр кайсы мыйзам негизге таянып жасалганы да Конституциялык сотто укуктук баасын алса артыкбаш болбос эле.

Анан да Мамлекеттик, Коопсуздук кеңеш катчы кызматтарынын жоюлушу да иштеп аткан мыйзамдарга кайчы келет. “Ата мекен” социалисттик партиясынын төрага орунбасары Дүйшөн Чотоновдун пикиринде, булардын баары укуктук баасын алышы абзел.

- Кыргызстанда мыйзамдуулук баары бир болушу керек. Мыйзам иштеш керек. Конституция менен жашашыбыз керек. А бирок бүгүнкү бийлик аны көзүнө илбей каалагандай эле тебелеп-тепсеп жатканын эл көзүнө көрсөтүп, көзүнө сайып айтып коюшубуз бул биздин биринчи жарандык милдетибиз деп билебиз.

Бириккен элдик кыймылдын мүчөсү Сабыр Мукамбетов атамекенчилердин демилгеси көпчүлүк арасында колдоо таап жатканын белгиледи.

- Анан Конституцияны көзгө илбей, өзүмбилемдик кыла бергендин арты кандай болот? Ошого кападар болгон адамдар көп. Ошон үчүн тилектеш болуп “Ата мекен” партиясынын демилгесин колдоп жатабыз.

Өтүнүчтү кабыл алган Конституциялык сот аны жакын арада кайтарып береби же жарым жыл ичинде кароого алары азырынча белгисиз. Парламент депутаты, “Ак жол” фракциясынын мүчөсү Ажыбай Калмаматовдун айтуусунда, “Ата мекен” социалисттик партиясынын Конституциялык сотко кайрылышка акысы бар. Бирок алар өздөрү коюп жаткан маселени так далилдер менен ырастай алышты бекен?

- Мыйзам бузду дейт. Эми андан башка булардын асыла турган илинчеги жок. Ошол эле. Кандай да болсо бөйрөктөн шыйрак чыгарыш керек да буларга.

Кыргызстандагы башкаруу системасын реформалоо президент К.Бакиевдин уулун Инвестиция, инновация, өнүктүрүү борбордук агенттигине дайындоо аркылуу аты чыкса, жаңы өкмөттүн биринчи кадамы электр менен жылуулукка бааны жону жука калктын эси-көөнүнөн кеткис көкөлөгөн тарифтерди көтөрө чыгышы менен көзгө түштү окшойт.

XS
SM
MD
LG