Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:50

Референдумдун алгачкы жыйынтыктары жана анын өтүшү, анын алдыдагы эрежеси тууралуу тегерек үстөл БШКнын, Конституциялык кеңешменин, жарандык уюмдун өкүлдөрү ой бөлүшөт.



Нурлан Шарипов,

Борбордук
Шайлоо
Комиссиясынын
мүчөсү




Курманбек
Дыйканбаев,

Конституциялык
кеңешменин мүчөсү




Динара
Ошуракунова,

"Демократия жана
жарандык коом үчүн"
коалициясынын жетекчиси

( телефон аркылуу)



«Азаттык»:
Алгач референдумдун жыйынтыгына токтоло кетсек. Нурлан мырза, алдын ала маалыматтарга караганда референдумдун жыйынтыгы кандай болду?

Нурлан Шарипов: Азыркы убактагы маалыматтарга караганда, референдумга тизмеге киргендердин 69 пайыздан ашыгы катышты. Бул жерде айта кетели, мен азыр эле түштүктөн учуп келдим. Мен учуп чыгып атканда Ош шаары боюнча 51,5 пайыз, ал эми Ош облусу боюнча 58 пайыздан ашык референдумдун катышуучулары катышты. Бул Оштогу элдин катышуусун оор окуялардан кийин өтө жогору, мыкты көрсөткүч деп эсептейм.

Мен барып келген түштүк жергесиндеги атуулдарга өзгөчө ыраазычылыгымды билдире кетким келет. Себеби Ош шаарында азыр дагы эле тынч эмес экен, себеби криминалдык абал оорураак экен, анча-мынча татаал жагдайлар бар экен. Ошого карабай биздин Кыргыз Республикасынын атуулдары өтө өздөрүнүн активдүү граждандык позициясын билдиришти, биринчиден.

Экинчиден, өзгөчө түштүктө иштеген комиссияларга төшүнө медаль илсек болот, чындыгында эрдик кылып атышат. Облустук, райондук шайлоо комиссиларынын участкалык шайлоо комиссиялары өтө оор жагдайларда иштеп атышат. Буга чейин референдумга даярдоо процессинде комиссиясынын мүчөлөрүн сабап, коркутуп-үркүткөн учурларга карабай булар өздөрүнүн патриоттук сезимин билдирип, мамлекеттин тагдыры, бүтүндүгү, келечеги чечилип атканын түшүнүп, толук курамы менен башынан-аягына чейин туруп, бюллетендерди эсептеп, коркпостон шаардын тиги башынан бул башына протоколдорду өткөрүп алып келгени эрдик деп ойлойм. Биздин атуулдарга жана шайлоо комиссияларына чын жүрөгүмөн ыраазычылыгымды билдире кетким келет.

«Азаттык»: Динара айым, Ошто референдумдун өтүшүндө мыйзам бузууларга жол берилген жокбу?

Динара Ошуракунова: Биз Ош шаарында байкоо жүргүздүк. Биздин байкоочулар турган бекеттерде мыйзам бузууларды көп байкаган жокпуз, байкаган учурда бут тосуп турдук. Ошондуктан мен ойлойм Ош шаарында, Ош облусунда шайлоо таза өттү.

«Азаттык»: Ош, Жалал-Абад облустарында өзбек этносторунун өкүлдөрү референдумга жигердүү катышканы айтылып атат. Өзгөн районундагы өзбек этносторунун референдумга катышуусу кандай болду?

Авазбек Турсунбаев: Референдум тынч эле өттү. Өзбек туугандар жакшы эле катышты. Мыйзам, бийлик жок болуп тургандан көрө, легитимдүү бийлик болуп, Кыргызстан мыйзам менен тезирээк иштешин каалайт. Ошон үчүн ушундай маанайда эл жакшы катышып берди. Төңкөрүштө алты айдан кийин легитимдешет дегенде бизде кабатырлык бар эле, алты айда жакшы өкмөт болбосо, бул жерде ар ким өз билгенин кылып, тополоң болуп кетет деген. Ошон үчүн бул ишти тезирээк мыйзамдаштырып, тезирээк бийлик иштебесе бул жерде ушундай көйгөйлөр, проблемалар көп болуп кетет.

«Азаттык»: Курманбек мырза, «Ата Журт» партиясынын лидерлеринин бири Өмүрбек Субаналиев болсо элдин көбү референдумга катышкан жок деп билдирди. Сиздин көз карашыңызда кандай болду?

Курманбек Дыйканбаев: Мен көл жергесинде болдум, өзүм да шайлоого көлдөн катыштым. «Ата Журт» партиясынын балдары кудайдан коркушу керек. Бүгүн ушундай кырдаал оор болуп турганда, ушундай кылып ого бетер кырдаалды курчутканы туура эмес. Себеби мен өз көзүм менен көрдүм, көлдөгү жарандар чыныгы келечекти тандап, кырдаал оор кезде добушубузду беребиз деп улуу-кичүү бары тең барышты. Мен ойлойм, бүгүнкү күндө бир эле көл эли эмес, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Чүй - баарыбыз тең өз келечегибизди тандадык.

«Азаттык»: Нурлан мырза, Бишкекте референдумдун өтүшүнө байкоо салган чыгарсыздар, кечээ укук коргоочу Токтайым Үмөталиева Бишкектин жаңы конуштарында автобус менен элди ташып добуш бердирип жатат деген маалымат таратып, референдумдун мыйзамдуу өтүүсүнөн күмөн санаганын билдирди. Сиз референдумдун өтүшүндө ушул сыяктуу мүчүлүштүктөрдү байкаган жоксузбу?

Нурлан Шарипов: Белгилей кетиш керек, азыр эле учуп келип, БШКда жыйын өткөрдүк, анда ушул маселелер да каралды. Оозэки түрүндө арыздар бар. Бирок жазуу түрүндө бир дагы арыз жок. Сиз айткан Бишкек шаары боюнча абалды так билбейт экемин. Ош облусу боюнча жооп берейин, ошондой маалыматтар бизге да түштү.

Ош облусунун губенатору Сооронбай Шариповичке кайрылдык, өзгөчө Кара-Кулжа району боюнча ошондой ооз эки арыздар түштү эле, Кара-Кулжа районунун акимине кайрылып, ошол участокко чыктык, ал маалымат так эмес болуп чыкты. Ошондуктан көбүнчө оозэки түрүндө арыздар түшүп атты. Ошол участокторго барып аттык, мен өзүм эле ондон ашык участкалык комиссияга барып келдим. Барып өз ордунда ошол участокторду карасак, андай жагдай жок экен. Өзгөчө түштүк боюнча мен чын жүрөктөн айта алам, референдум таза, айкын өттү.

«Азаттык»: Динара айым, кечээки референдумга эл аралык байкоочулардын баамы кандай болуп атат. Ушул боюнча кабарлаша алдыңызбы?

Динара Ошуракунова: Кыргызстан боюнча биз өзүбүздүн пресс-конференциябызды эртең менен саат 11-30да бердик. Ошол жерде биз айтып кеттик, жер-жерлердеги мыйзам бузуулар боюнча биз актыларды түзүп аттык. Бирок одоно түрдө мыйзам бузууларды байкаган жокпуз. Айрым жерлерде мыйзам бузуулар болгону менен бул жалпы жыйынтыкка эч кандай таасир эткен жок. Албетте, азыр оор абалда өтүп атканда активдүү катышкан шайлоочулардын көбү стабилдүү болсун, мындан ары жакшы болуп кетсин деген үмүт менен келген.

Нурлан Шарипов: Эртең менен саат беште Орусиянын БШКнын төрагасы Владимир Евгеньевич Чуров учуп келди. Ал өзү менен кошо БШКнын мүчөлөрүн, эксперттерин, Москвадан көптөгөн журналисттерин ала келиптир. Алар Араван, Кара-Суу райондорунда, Ош шаарында көптөгөн участкалык комиссияларды өз көздөрү менен көрүштү, ачылуу процедурасына, контролдук барактарды салуу процедураларына, баарына тең башынан-аягына чейин катышып көрүштү.

А.Чуров өтө жогору баасын берди, кетип атканда айтты, ушундай өтө кыска убакытта, криминалдык абалга карабай шайлоо комиссиялардын натыйжалуу ишине мен баа берем деди. Себеби мыкты тартипте иштеп атышат, элдин патриоттук сезимине, маанайына өтө жогору баа берем деп Орусиянын БШКнын төрагасы менен болгон маегинде өтө жогору баасын берип кетти.

«Азаттык»: Ошентип референдум да өттү, эми мындан кийинки иш-чаралар кандай болот? Жаңы Конституция качан күчүнө кирет? Өткөөл мезгилдин президенти толук кандуу качан таанылат? Ал ант береби?

Курманбек Дыйканбаев: Биринчиден, жалпы кыргыз жарандарын Баш мыйзамы менен куттуктап кетет элем. Чыныгы мыйзамдык жолго түштүк десек болот, ушуга үмүтүбүз бар. Мен ойлойм жакын арада, июлдун баштарында президентибиз толук кандуу инаугурация процесси болгондон кийин, туруктуу өкмөт түзүлүп, шайлоого кеткен инсандар шайлоого барып, калгандары элге калыс, акыйкат иш кылат деп. Баш мыйзамдын биринчи декреттери биздин кадрдык маселелерге тиешелүү болот болуш керек. Ошон үчүн мен ойлойм, биз мыйзамдуу болдук, президентибиз бийликти колго алып эл үчүн иштеп бериши керек.

«Азаттык»: Нурлан мырза, Борбордук шайлоо комиссиясы референдумдун жыйынтыгы чыккандан кийин парламенттик шайлоого даярдана баштаары турулуу иш. Ага каржылык жагы материалдык-техникалык жагы кандай болот? Шайлоо кодексине өзгөртүү киргизилбейби?

Нурлан Шарипов: Биринчиден, өткөн референдумду биз Убактылуу өкмөттүн декреттеринин, экинчиден, референдум жөнүндө конституциялык мыйзамдын, үчүнчүдөн Шайлоо Кодексинин негизинде өткөрдүк.

Мен берген маалыматтар алдын ала маалыматтар, ал эми жыйынтыгын биз 2-3 күндөн кийин, же мыйзамга ылайык 7 күндө жарыялашыбыз керек, ошондон кийин гана расмий жыйынтык болуп эсептелинет. Ошондо биз бири-бирибизди куттуктасак болот жаңы Конституцияны кабыл алдык деп.

Албетте бул жерде президенттин Указы керек шайлоону дайындоо боюнча, мыйзам боюнча 3-4 ай каралат. Ал эми кезексиз шайлоо боюнча эки айга чейин кыскартыла алат. Ошондуктан буюрса шайлоо күнүн урматтуу президент дайындаса, албетте, сиз айткандай материалдык-техникалык, финанасылык, методикалык, окуу жагын барын карап туруп иштей баштайбыз, календардык планды бекитебиз. Парламенттик шайлоону референдумдан да жогору, таза, өтө мыкты деңгээлде өткөрөлү деген БШК мүчөлөрүнүн демилгеси өтө күчтүү.

«Азаттык»: Айрым саясатчылар айтып атат, сентябрь айынын биринчи жарымында болушу мүмкүн парламенттик шайлоо деп. Демек бул эки айдан соң болсо октябрда болуп калышы мүмкүнбү?

Нурлан Шарипов: Мен сизге так айтайын, мисалы мыйзамда так көрсөтүлгөн, кезектеги шайлоону 3-4 айдын арасында президент дайындайт күнүн тактап туруп. Ал эми кезексиз эки айды алыңыз, БШК жети күнгө чейинки мөөнөттө жыйынтык чыгаргандан кийин, президенттин инаугурациясы болушу керек. Андан кийин ал Жарлыгын чыгарат, анан ошол күндөн баштап эки айды алыңыз, ошондо саны чыгып калат.

Динара Ошуракунова: Мен айтып кетет элем, биз эч кандай шашпашыбыз керек парламенттик шайлоону өткөрөбүз деп. Биринчиден, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү кетиш керек, андан тышкары азыр жаңы профессионалдуу өкмөт, саясий партияларда болгондон инсандардан өкмөт түзүлүш керек. Элдин баары тең референдумга катышкан себеби, азыр аларга стабилдүүлүк, коопсуздук керек болуп атат. Ошондуктан биринчиден ушул маселени чечиш керек жаңы келген өкмөт.

Азыр Роза Отунбаева бүт мүмкүнчүлүктүн баарын жумшап, биздин өлкөнүн коопсуздугун кыргызстандыктарга бериши керек. Анткени алар референдумга ошон үчүн активдүү катышты. Азыр биз көрүп атабыз, жер-жерлерде айрым адамдарда, көп топтордо куралдар бар. Ал куралдардын баарын саясий партиялардын мүчөлөрүбү же башкаларыбы, бир күнү колдонушу мүмкүн. Анткени парламенттик шайлоо бул курч күрөш болот. Декреттер көп эле кабыл алынды, анын ичинде кодекстин эле нормалары өзгөрүлүп кетти. Андыктан эми шайлоо кодексин өзгөртүш керек. Ал үчүн бүт саясий күчтөрдүн баарын чогултуп, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү да чогуу кеңешип, Конституцияга ылайык шайлоо кодексин түзүп туруп анан шайлоого барыш керек.

Курманбек Дыйканбаев: Мен Динара коллегамды колдоп кетет элем. Себеби эл бүгүн Убактылуу өкмөттү шайлоого келгени үчүн добуш берген жок да, өз келечегибиз үчүн барбадыкпы барыбыз тең. Мен борбордук бийликти айтпай эле коеюн, облустук, райондук бийликте, айыл өкмөттүн, мэриянын деңгээлиндеги иштеп аткан кызматкерлердин аркасында кара күчтөр турат деген сөз бар элде, бул ачык сөз. Бул жалаң эле түштүк аймагында эмес, керек болсо Чүй, Көлдө ушундай маалыматтар бар.

Мисалы, Жумгалда кимдер турат, ал кишилерди кайсы максат менен алып келди, ошол кишилер кантип иштеп атат? Эртеңки күндө кандай болот? Бизде кадрдык коопсуздук деген акыркы орунда эмес. Мен ойлоп атам, шайлоого шашылбай, жер-жерлерде тынчтык болуш үчүн декретте кадр маселесин карап туруп, таза кишилер бийликке келсе, анан ок-дарылардын баарын алса, элге ачык кайрылса, эл билет, дагы бир жолу жалпы элге таянып туруп, 2-3 айдын ичинде шайлоого да даярданып, анан коопсуздук шарттарын түзүшүбүз керек. Андан кийин сентябрдын аягындабы, октябрдын башындабы шайлоо өтүшү керек.

Нурлан Шарипов: Чынында биз Конституцияга ылайык парламенттик-президенттик республикага өтө баштаганыбызга байланыштуу, парламенттин ролу жүз эсе жогорулай турганына байланыштуу, албетте, парламенттик шайлоо тарыхта калчу, маанилүү, чоң саясий окуя болот. Ошондуктан, албетте, буга биз өзгөчө даярданышыбыз керек, укуктук, экономикалык, саясий, коопсуздук жагынан даярданышыбыз керек. Укуктук жагынан биз чечишибиз керек, шайлоо кодексине ылайык барабызбы, же Конституцияга ылайык жаңы эреже менен барабызбы деп.

Экинчиден, коопсуздук маселелерин чечпесе, мына мен түштүктө көрдүм курал элде аябай көп экен, дагы эле снайперлер жүрөт. Коопсуздук маселесин чечпесек, Кыргызстанда жүздөн ашык партия бар, ал партиянын фанаттары эмне кылып салат, аны учурунда баса алабызбы, бир адамдын каны саясий партиядан өйдө турабы, ушул сыяктуу маселелер абдан көп. Экономикалык жагынан бул өтө чоң чыгаша мамлекеттин бюджети үчүн. Ошол жагын комплекстүү анализ кылып туруп, системалык саясий чечим кабыл алып, ошого жараша так мөөнөтүн дайындап, ошого жараша комплекстүү чаралар менен өткөрүш керек деген ойдомун.
XS
SM
MD
LG