Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:50

Жириновский орус журналистинин чыгарылышы боюнча пикирин билдирди


Владимир Жириновский
Владимир Жириновский

Орусиядагы ЛДПР партиясынын лидери Владимир Жириновский 22-мартта журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, орус журналисти Григорий Михайловдун Кыргызстандан чыгарылышы боюнча пикирин билдирди.

Ал журналисттин депортацияланышы боюнча элчилик тийиштүү иш алып барбай жатканын айткан:

- Буга элчилер күнөөлүү, эч кандай коргоо иштерин жүргүзбөй жатат. Бул биринчи жолу болуп жаткан жок. Орус журналисттери кыргыздарга жаккан, аларды мактаган гана материал жазыш керекпи? Эгерде жазгандар бийликке жакпай калса, өлкөдөн чыгаруу адат болуп калды.

10-мартта орусиялык Regnum маалымат агенттиги алардын Кыргызстандагы шеф-редактору, Орусиянын жараны Григорий Михайлов өлкөдөн чыгарылганын жазып чыккан. Агенттиктин сайтындагы маалыматка караганда, журналистти Казакстандын чек арасына чейин Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин 10-башкы башкармалыгынын кызматкерлери жеткирген.

Окуядан соң, Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги Тышкы иштер министрлигине нота жиберип, Григорий Михайловдун мамлекеттен чыгарылышынын чоо-жайын тактап берүү сураган. Кийинчерээк элчилик ТИМдин жообуна канааттанганын айтып, бирок, жооптун мазмуну ачык айтылган эмес. (SDz)

XS
SM
MD
LG