Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:58

Референдум эмнеге кечиктирилгис?


Убактылуу өкмөт төрайымы Роза Отунбаева орун басарлары Алмазбек Атамбаев жана Өмүрбек Текебаев менен.

Убактылуу өкмөт төрайымы Роза Отунбаева орун басарлары Алмазбек Атамбаев жана Өмүрбек Текебаев менен.

27-июнда өтүүчү жалпы элдик референдумга коюлуп аткан баш мыйзамдын долбоору баарына эле жаккан эмес. Ошол баш мыйзам долбоорунун каршылаштарына кошулуп алып бир катар күчтөр өлкөдө кырдаал оор экенин айтып, референдумдун жылдырылышын талап кылышууда.

Эмне себептен референдумду белгиленген мөөнөттө өткөрүү зарыл болуп турат? Аны аз мөөнөткө болсо да жылдырып турууга болбойт беле?

27-июнга белгиленген жалпы элдик референдумга эки маселе бир эле пакет менен коюлууда. Конституциялык кеңешменин төрагасы, Убактылуу өкмөттүн жетекчисинин орун басары Өмүрбек Текебаевдин айтымында, бул эки маселе бири-бирисиз такыр пайдасыз жана аларды референдумга бир эле суроо менен чыгаруу зарыл болду.

Анда баш мыйзамдын долбоору менен бирге Убактылуу өкмөттүн жетекчиси Роза Отунбаевага президенттик ыйгарым укуктарды берүү маселеси коюлат. Референдумду эл колдой турган болсо Роза Отунбаева Кыргызстандын толук ыйгарым укуктуу президенти, баш мыйзамдын гаранты катары өлкөдө стабилдүүлүктү орнотуп, сентябрда өтө турган парламенттик шайлоолордун калыс өтүүсүнө кепил болору пландалган.

Ошентсе да Бишкек шаарындагы апрель окуяларынан кийин жандана баштаган түрдүү күчтөр референдумду жылдыруу керектигин айтып келишет. Маселен, алардын катарында Мукар Чолпонбаев, Адахан Мадумаров, Мирослав Ниязов, Өмүрбек Суваналиев сыяктуу бир катар саясий ишмерлер бар.
О.Молдалиев


Саясий илимдердин доктору, профессор Орозбек Молдалиевдин пикиринде, референдумду белгиленген мөөнөттө өткөрүп албаса кан төгүлүүлөр дагы да улана бериши ыктымал. Ал эми аны жылдыруу керектигин айтып аткан күчтөр - эгер коогалуу окуялар улана бере турган болсо Убактылуу өкмөттүн аброю биротоло түшөрүн, керек болсо алар да бийликтен кулатыларын түшүнүп, алардын ордун басып калууну кыялданып турушат. Саясат талдоочунун баамында, кандай гана жол менен болбосун бийликке келүүнү көздөгөндөр мамлекеттүүлүк коркунучта турганын эске албай атышат.
Биз азыр Убактылуу гана бийликпиз. Эгер 27-июнда Конституция кабыл алынса, биз берген убадаларыбыздын дээрлик бардыгын бийликке келе электе, шайлоого бара электе эле аткарган болобуз Ө. Текебаев

Кайра-кайра оңдолуп келаткан баш мыйзам ушуну менен токтойбу?

Конституциялык кеңешменин жетекчиси Өмүрбек Текебаев “Азаттык” уюштурган талкууга катышып жатып, 7-апрелден берки коогалуу окуялар, Убактылуу өкмөттүн абдан чоң ыйгарым укуктарды ээлеп калышы сыяктуу бир катар факторлордон улам конституциялык реформаны өтө тездик менен өткөрүү зарыл болду:
О.Текебаев

- Биз бүгүн шайлоолорду жарыялап, апрель ыңкылабынын кызуусу менен шайланып алып, Убактылуу өкмөттүн аброю кете электе тыпыйып өтүп келип алып, бийликте туруп алып конституциялык реформа өткөрсөк деле болмок. Бирок биз өзүбүзгө-өзүбүз ишенгенибиз жок. Бийликке келгенден кийин өзгөрткүң келбей калат. Ошентип бир-эки жыл кое туралы деп атып К.Бакиев сыяктуу айнып кетпейли деп корктук. Биз азыр Убактылуу гана бийликпиз. Эгер 27-июнда Конституция кабыл алынса, биз берген убадаларыбыздын дээрлик бардыгын бийликке келе электе, шайлоого бара электе эле аткарган болобуз.

“Азаттыктын” дагы бир коногу, парламенттин мурдагы төрагасы Мукар Чолпонбаев болсо Конституциялык кеңешме иштеп чыккан баш мыйзам долбооруна каршы чыгып, 1993-жылдагы баш мыйзамга кайтуу туура болмоктугун айтат:

М.Чолпонбаев
- Өмүрбек Чиркешовичтер сунуштап аткан баш мыйзамдын долбоору, Кыргызстанда хроникалык оорунун синдромун пайда кылды. Акаев келип өзүнө ылайыктап баш мыйзам жазды, Бакиев келип өзүнө ылайыктап жазды, азыркы Убактылуу өкмөт өзүнө ылайыктап жазып отурат. Эми бул оору улантыла берет...


Деген менен бир катар саясат талдоочулардын ишениминде, кризистик кырдаалдан чыгуунун эң эле оптималдуу жолу тез арада легитимдешүүнү ишке ашырып алуу болуп турат. Ал үчүн референдумду өткөрүп алуу керек. Бул бир чети Убактылуу өкмөттүн 7-апрелден берки абсолюттук бийлигин чектөө, алардын катаал режимге айланып кетүү ыктымалдуулугун алдын алуу үчүн да керек.

Саясий серепчи Марс Сариевдин айтымында, Убактылуу өкмөт да 2,5 айдан бери ич-ара тирешүүлөр менен алек болуп атып толгон-токой каталарды кетирди. Андыктан өлкөдө баш аламандыктар болушуна алар да жоопкер. Ошентсе да кризистен чыгуу үчүн бийликти легитимдештирүү абзел. Антпесе өлкөдөгү оор кырдаалдан пайдаланып Убактылуу өкмөттөн бийликти тартып алууну көздөгөн күчтөр жанданууда:
М.Сариев

- Азыр аябай эле кызыгып, Убактылуу өкмөттүн аброю күн санап түшүп атканда бийликти тартып алалы, келип алалы деген партиялар деле бар. Мисалы “Ата Журт” партиясын айтып койсок болот. Азыр тартып кеткенге убакыт келди деп кызыгып атышат. Бирок ушул сыяктуу саясатчылар өлкө келечегин ойлошпойт. Булар бийликке кандай жол менен болсо да келели деп ойлошот. Ушул сыяктуу деструктивдүү элементтер бар.

“Ата Журт” партиясынын өкүлдөрү болсо кырдаал турукташканга чейин референдумду жылдырып туруу керектигин гана айтып атышканын, өлкө ичинде кырдаалды курчута тургандай иш-чараларды уюштуруу ниеттери такыр жок экенин айтышат. Аталган партиянын тең төрагасы Өмүрбек Суваналиевдин айтымында, учурда референдум эмес, өлкөнүн түштүгүн жайгарып алуу маселеси эң эле маанилүү:

О.Субаналиев
- Азыркы Убактылуу өкмөт жанагы референдумду токтотушу керек. Аны токтотуп туруп, түштүк жергесинде тынчтык болушу үчүн иш-чараларды күчөтүү керек.

Талдоочу Табылды Акеровдун баамында, Убактылуу өкмөттүн аброюнун күн санап түшүүсүнө жаандан кийинки козу карындай жайнап кеткен майда-барат партиялар өтө кызыкдар. Мындай учурда референдум ары көздөй жылып кете турган болсо, албетте алардын мүмкүнчүлүктөрү көбөйөт. Анткени, ушул тапта Кыргызстандагы эң ири жана таасирлүү партияларды Убактылуу өкмөттүн башында турган адамдар жетектешет.

Бакиевдер качып жүрөт, бирок коркунуч дале бар
Бакиевдердин үй-бүлөсү Кыргызстанда жаңжал чыгаруу операциясы үчүн эл аралык террорчуларга 30 миллион доллар берген. М.Бакиев апрель айында Дубай шаарына барып, Өзбекстандын ислам кыймылынын өкүлү менен жолугушуп, Кыргызстанда жаңжал чыгаруу маселесин сүйлөшкөн...
К. Дүйшөбаев

Анын үстүнө өтө оор кылмыштар үчүн айыпталып аткан мурдагы президент Курманбек Бакиев, анын жакын туугандары, уулдары жана жан-жөкөрлөрү ушу кезге чейин кармалбай, чет жерлерде качып жүрүшөт. Т.Акеровдун баамында, Бакиевдердин үй-бүлөсү Кыргызстандагы айрым саясий күчтөр менен байланышып, көп акча берип, референдумду болтурбоо үчүн аларды көкүтүп аткан болушу да ыктымал.
Т.Акеров

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Кеңешбек Дүйшөбаев да бүгүн билдирүү жасап, Ош жана Жалал-Абаддагы кандуу кагылыштарды Максим Бакиев жалдаган эл аралык террорчулар уюштурганын жарыялады. Анын айтымында, Бакиевдердин үй-бүлөсү Кыргызстанда жаңжал чыгаруу операциясы үчүн эл аралык террорчуларга 30 миллион доллар берген. М.Бакиев апрель айында Дубай шаарына барып, Өзбекстандын ислам кыймылынын өкүлү менен жолугушуп, Кыргызстанда жаңжал чыгаруу маселесин сүйлөшкөн. Ал эми май айынын башында Бакиевдердин үй-бүлө мүчөлөрү Ооганстандын чегинде “”Талибан” кыймылынын, Өзбекстан ислам кыймылынын жана Тажикстан бириккен оппозициясынын адамдары менен сүйлөшүү жүргүзүшкөн.

Ошол себептүү Убактылуу өкмөт да, талдоочулар да Бакиевдердин чет мамлекеттерде ээн-эркин жүрүшүнөн чочулап, шайлоолорду эртелетүүгө шашып жатышат.

Кыргызстандагы жаңжалдын коңшу мамлекеттерге да жайылып кетүү ыктымалдуулугунан чочулаган эл аралык коомчулук да Кыргызстандагы бийликтин тезирээк легитимдешүүсүн каалашат. Мындай пикирлерин Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму, Бириккен улуттар уюму, Европа парламентинин өкүлдөрү, АКШнын жана Орусиянын ырасмий өкүлдөрү, коңшу мамлекеттер да билдиришкен. Ошентсе да Орусия сыяктуу айрым өлкөлөрдөгү таасирлүү оюнчулар жең алдынан оюн жүргүзүүсү мүмкүн деген чочулоолор жок эмес.

Кечээ эле Орусиянын мамлекеттик думасында отурган айрым күчтөр Кыргызстандын мурдагы чиновниктерин, бир катар партия лидерлерин чакырып, кырдаалды талкууга алышты. Ага Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнөн бирөө жарым барган жок.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG