Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:59

Өткөн аптада өкмөт соттордун статусу жөнүндөгү мыйзамга киргизилчү өзгөртүүлөрдү жактырган жок.

Жаңы өзгөрүүлөрдө иштен бошонгон сотторго жетиштүү жөлөкпул, аларды өмүр бою мамлекеттик камкордукка алуу сунушталган. Өкмөт андай мамиле башка жарандардын тең укуктуулугуна кайчы келерин эскертип, жаңы мыйзам жөнүндөгү бүтүмүн президенттик аппаратка жөнөттү.

Мыйзамга кошулчу жаңы өзгөрүүлөр адам тагдырына байланышкан оор жүктү моюнга илген сотторго керек экенин Ош шаардык соту Рамазан Кожомкулов ырастады. Анын айтуусунда, демократиялуу өлкөлөрдө сотторго мамлекет тарабынан чоң камкордук көрүлгөн.

- Анан бир күндө 5-6 сот болот. 5 – 6 жолу нервиңди козгогондор болот. Анан оор иштер менен келгендер болот. Аларга соттордун кыйла ден соолугу кетет. Пенсияга чыккандар деле аз. Эми ошол керек, деп ойлойм.

Р.Кожомкулов өкмөттүн жаңы мыйзам долбоорун жаратпай салышын бюджеттин аздыгынан, учурдагы экономикалык кысталыш кырдаалдан болуп калган иш деп эсептейт. А бирок андай пикирди Жогорку соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов колдобойт. Анын пикиринде, жалаң сотторго гана өмүр бою мамлекеттик камкордук көрүү конституциялык тең укуктуулук принцибине кайчы келет.

- Жеке соттун өзүн эле каржылай берип, анын өзүнө эле көңүл бура бергенден сот системасы жакшырып кетпейт. Сот системасын бүт комплекстүү караш керек. Биринчи - иштөө үчүн жакшы шарттарды түзүш керек.

Курманбек Осмоновдун эсебинде ушу тапта Кыргызстанда 400 ашуун соттор иштейт. Өкмөт алардын айлык маянасын дурус дегидей көтөрүп берди, эми да биртоп социалдык жеңилдиктерди түзүп берсе дурус эле болмок. Укукчу адис Таштанбек Жанузаковдун ырасташынча, сотторго биртоп социалдык жеңилдиктер каралган.

- Ошо бойдон калтырыш керек. Өмүр бою кармагыдай булар эми президент беле? Иштеген иштери, мыйзамды туура карабайт, ошол эле өкмөттү, президенттин көзүн карап турушат. Ошондуктан ушул бойдон эле калганы жакшы.

Таштанбек Жанузаков өз ишин так аткарган соттор бар экенин, бирок ошол эле учурда паракорлукка белчесинен баткан Фемида өкүлдөрү толтура экенин, андайларды сотко иши түшкөндөрдүн көбү билишерин кошумчалады. Ушул эле ойду ырастаган адвокат Сартбай Жайчыбеков мамлекеттик камкордук Жогорку сот мүчөлөрүнө гана берилиши керек, деп эсептейт.

- Ошолор бардык жагынан кепилдикке алынышы керек. Алар президенттен да, Жогорку Кеңештен да, башкасынан да коркпош керек. Себеп дегенде, бардык иш Жогорку сотко барып такалат. Андан кийин ал бечаралар ар кимдин көзүн карап, бийликтегилер эмне десе коркконунан колдоп коюп жатпайбы.

Кыргызстандагы соттордун статусу жөнүндөгү конституциялык мыйзамга киргизилчү өзгөрүүлөр, Сартбай Жайчыбековдун пикиринде, көпчүлүк арасында кенен-кесир талкууланышы керек. Анан да сот кийимин кийгендердин текши баарын мамлекет камкордугуна алуу зарылбы, суроосунун башын ачып алган оң. Эгемендик жылдарында элдин 80%, башка бир маалыматтар боюнча андан да көп бөлүгү соттордон адилеттикти күтпөй турган чакта үчүнчү бийлик өкүлдөрүнүн коомдук-социалдык кадыр-баркын көтөрүү демилгеси саясий өң-түс алып кетери турулуу иш.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG