Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:09

Кечээ Бишкекте арачы соттордун тажрыйбасы, келечегине арналган эларалык конференция ишин баштады. Эки күндүк жыйында 2012-жылдан тарта Кыргызстанда киргизилчү арачы сот институтунун проблемалары талкууланмакчы.

Соттук териштирүүлөргө арачы сот мүчөлөрүн киргизүү жөнүндөгү мыйзам быйыл 29-майда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынып, 15-июлда кол коюлду. Бирок да жаңы мыйзамдын ишке киргизилиши 2012-жылга белгиленген. Бул аралыкта арачы соттордун иштөөсүнө толук шарт түзүлүп, жаңы институттун өзүн көрсөтүшүнө мүмкүнчүлүк берилмекчи. Конституциялык сот төрайымы Светлана Сыдыкованын ырасташынча, арачы соттордун айырмалуу жагы бар.

“Мурда союз кезинде бизде эл заседателдери деген бар болчу,- дейт Светлана Сыдыкова. - А бул азыркы жарандардын катышуусунун башкача түрүндө болуп жатат. Мурда эгерде сот менен чогуу чечим чыгарып, сот көбүнчө ошол отурумду алып барып жаткан соттун айтуусу боюнча чечим чыгарышкан болсо азыр жарандар өздөрү катышып, өздөрү бир бүтүмгө келип чечим чыгарышат. Ошондой бир өзгөчөлүктөрү бар”.

Арачы сот институту Казакстан менен Орусияда ишке киргизилген. Кыргызстанда арачы сот райондор ортолук соттор менен биргеликте кылмыш иштерин карап, 9 адамдан турган мүчөлөрү айыпталынып жаткан адамдын кылмышка тиешеси бар-жогу соттук териштирүү маалында аныкталган-аныкталбаганына жараша бүтүм чыгарып беришмекчи. Венеция комиссиясынын Борбордук Азия боюнча тескөөчүсү Сергей Кузнецовдун ырасташынча, арачы сот институту Кыргызстанда сот реформасына тушташ киргизилүүдө.

“Бүтүндөй бир бийлик бутагына тийиштүү татаал жагдай катары мурдагы кезде анын ордун басынткандыкты көрсөтүүгө болот. Жарандардын сотко карата андай мамилеси кээде сакталып калат”.

Венеция комиссиясы даярдалып жаткан мыйзам долбоорлорун демократиялык нормаларга шайкеш келтирүү боюнча кеңештерин берип, анын жакшыртуу боюнча сунуштарын жөнөтөт.

“Көбүнчө андай кеп-кеңештер сынчыл маанайда болот. Башка маселе, Венеция комиссиясынын документтери тек кеп-кеңеш катары гана сунушталат”, деп айтты Сергей Кузнецов.

Алыстан келген кеп-кеңеш сунуштардын текши баарын кабыл алуу же четке кагуу маселесин мыйзам авторлору чечишет.

Кыргызстандагы арачы сот жөнүндөгү мыйзам долбоору да Венеция комиссиясына жиберилип, ал жердеги укукчу адистердин кеп-кеңештерин эске алуу менен иштелип чыккан. Жаңы мыйзам авторлорунун бири Бишкек шаар соту Диляра Мулюкбаеванын пикиринде, арачы сот мүчөлөрүнүн укугу кыйла кеңейтилген.

“Профессионал укукчуну, башкача айтканда, сотту катыштырбай негизги фактты аныкташат,- деп айтты Д.Мулюкбаева. - Кылмыш жасалганбы же жокпу? Кылмышты ушул адам жасаганбы же жокпу? Анын кылмыш жасаганы далилденгенби же жокпу? Ушу суроолорго жооп берип арачы сот мүчөлөрү өз бүтүмүн чыгарышкандан кийин ага негизденип сот өзүнүн чечимин чыгарат”.

Ирландиянын Жогорку сотунун өкүлү Том Дейли жөнөкөй жарандардын кылмыш иштерин караган сотко катышып, өкүм чыгарууга катышуусу демократиялык коом шартындагы негизги талаптардан.

“Жарандар укуктук системанын так ортосунда турушат, - дейт Том Дейли. - Айрыкча кылмыш иштерин, анын ичинде катаал жазаны талап кылган адам өмүрүн кыюу, зордуктоо сыяктуу кылмыштарды териштирүүдө айыпталуучуга сот тарабынан кылмышына жараша адилет жаза берүүдө арачы соттордун катышуусу эң маанилүү. Ал эми Кыргызстандын укук системасына арачы сот институтун киргизип жатканы жакшы саамалык”.

Күз келгени Кыргызстанда башкаруу системасын, сот жана мыйзам чыгаруу бийлигин реформалоо зарылдыгы айтыла баштады. Райондор ортолук сотторго арачы сотторду кошуу, алардын катышуусунда кылмыш иштерин кароого өтүү сот реформасына байланышкан маселелердин бири. Калк арасында кадыры төмөн сот бийлигинин аброюн арачы сот инстутунун киргизилиши көтөрө алабы? Укукчу адистердин көбүн ушул суроо ойлонтууда.


XS
SM
MD
LG