Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:02

АКШ Сенатында Орусияга каршы санкция жоюлушун кыйындатуу сунушталууда


Сенаттагы демократтардын лидери Чак Шумер.
Сенаттагы демократтардын лидери Чак Шумер.

Бул туралуу азыр Сенатта азчылыкты түзгөн демократтардын лидери Чак Шумер билдирди.

Анын айтымында, эки партиянын атынан сунуш кылынуучу мыйзам долбоор учурда Орусияга каршы киргизилген санкциялардын кайсынысы болбосун аларды жоюуда Конгресстин жактыруусун талап кылат. Долбоор Сенаттын кароосуна ушул апта соңунда киргизилет деп күтүлүүдө.

Демократтардын Сенаттагы лидери "Эй Би Си" телеканалы менен маегинде белгилегендей, алардын мындай демилгесин республикачыл сенаторлор Жон МакКейн менен Линдси Грэм да колдоп жатышат.

Чак Шумер Орусиянын Украинадагы аскерий аракеттерин жана АКШдагы президенттик шайлоого хакерлик жол менен кийлигишүүсүн “Американын тарыхында биз эч убакта мындай деңгээлде туш болбогон коркунуч” деп атады.

Президент Дональд Трамп шайлоо өнөктүгү учурунда Орусия менен алака-катышты оңдоо ниетин билдирип, жакындагы маектеринде бул өлкөгө каршы санкциялар АКШнын кызыкчылыгына жооп берген шарт-жагдайларда жоюлушу мүмкүндүгүн ишара кылган. (UE)

XS
SM
MD
LG