Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:27

Нарын облусундагы Ак-Талаа райондук «Айыл турмушу» гезити айына бир жолу жарык көрөт. Аталган гезиттин кабарчысы Жанболот уулу Шахназар учурда райондук гезиттер мүнкүрөп турган абалга жеткендигин айтат.

- Сиздин баамда, райондук гезиттин окурмандар арасында орду кандай?

- Райондук гезиттер республикалык масштабда президенттин, губернаторлордун, акимдердин кылып аткан ар бир ишин алыскы райондордо жашаган элдерге бирден-бир булак болуп эсептелет. Ошол эле маалда эч көңүл бөлүнбөй, материалдык дагы, моралдык дагы жардам көрбөй ушунчалык мүңкүрөп турган чагы.

- Редакцияда болгону эки киши эмгектенет экенсиздер? Айлык жалыйналарыңыздар канча сом?

- Эң башкысы ушул маселе болуп атат. Журналисттердин айлык акысы 1500-2000 сомдун тегерегинде. Бул биздин маданиятыбыздын сыйлабагандыгы болуш керек.

- Райондук акимчилик каржылык жактан колдоо көрсөтөбү? Көрсөтсө бир жылга канча сом карайт?

- Райондук администрациянын өзүнүн каражаты ченелүү, чектелүү болсо керек. Бизге колунан келишинче көмөк көрсөткөнсүйт, бирок бул бизге жетпейт, аз. Быйылкы жылга бизге 50 миң сомдун тегерегинде каратып берип атышат.

- Тогуз жылдан бери иштеп келатыпсыз. Айтсаңыз, деги ушундай гезит чыгаруунун кажети барбы же жокпу?

- Бул абдан сонун суроо. Бул бизге керек.себеби алыскы райондорго, башкасын айта албайм, Ак-Талаа районуна мамлекеттик кесиптерден болобу, мисалы «Кыргыз туусу», «Эркин тоо» гезиттери бизге 100-120 сандын тегерегинде эле келет.

Ак-Талаага барган гезиттердин 80 пайызы мектеп директорлоруна, айыл өкмөттөрү, мекеме жетекчилерине калат дагы, карапайым калкка жетпейт. Бирок биз ошол эле учурда президенттин, губернатор, акимдердин жүргүзүп аткан саясаты биз аркылуу гана жетип атат. Мисалы эң алыскы айылдарга ар бирине 20-30тан болуп, биздин гезит миң сандын тегерегинде таралып турат.

- Гезит айына бир жолу жарык көрөт экен. Айдын башындагы жаңылыктарды айдын соңунда окурмандар кандай кабылдашат?

- Баардыгы так ушунда болуп жатат. Биздин жазгандарыбыз адабий гезитке айланып кетип атат. Өзүбүздүн дагы элге баркыбыз кичине кетип атат.

- Соңку собол. Маданият жана маалымат министрлиги райондук басылмаларга кандай негизде маани берет же кош көңүлбү?

- Мен билгенден, Султан Раев министр болуп тургандан бери ММКларга түздөн-түз сонун жардамдар, же колдоолор жок деп айтат элем. Райондук гезиттердин статусун өзгөртөлү, же мындай иш алып барсак жакшы болот экен деп аракет кылбай жатат.

- Маегиңизге рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG