Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:40

Түйшүккө салган каттоого алуу


Жарандарды катуу көзөмөлгө алуу, ички миграция агымын катаал тескөө эле эмес, диктатураны бекемдөө куралына айланып кеткени айтылууда.

Жарандарды катуу көзөмөлгө алуу, ички миграция агымын катаал тескөө эле эмес, диктатураны бекемдөө куралына айланып кеткени айтылууда.

Жарандарды бир жерге туруктуу каттоого тургузуу тартиби CCCР заманынын калдыгы катары Кыргызстанда дале болсо жашоодо көп түйшүк жаратууда.

Жарандарды жашаган жерине милдеттүү түрдө каттоо, ал аркылуу ошол жерге мажбур байырлатуу системасы Советтер союзунун алгачкы жылдарына туура келет. Бул система боюнча мамлекет өз жаранына ал жашаган райондун тышындагы мамлекеттик мекемелерге, оорукана, милиция, билим берүү жайларына кайрылуу укугун чектеп койгон.

Катаал система калдыгы

Пролетариаттын жол башчысы Владимир Ленин 1917-жылдан кийин дароо эле паспорттук системаны жокко чыгарып, карапайымдар өлкө ичинде каалагандай эркин жылып жүрүүсү керектигин, бир дагы чиновник алардын каалаган жеринде жашоосуна, иштөөсүнө тоскоол болбошу керектигин айтканы бар. Бирок жарандык согуштун айынан каттоого тургузуу системасы жарым-жартылай иштеп, бийликке Иосиф Сталин келгенден кийин бул системанын тамыры терең отура баштаган.

Ошентип Советтер Союзу маалында милдеттүү каттоого тургузуу системасы - жарандарды катуу көзөмөлгө алуу, ички миграция агымын катаал тескөө эле эмес, диктатураны бекемдөө куралына айланып кеткен.

Жарандарды жашаган жеринде каттоого тургузуу системасын алып салуу Кыргызстанга эмне берет? Деги бул системанын кандай пайдалуу жактары бар?

Экономиканы тескөө министри Эмил Үмөталиевдин айтымында, жарандарды каттоого тургузуу системасы коррупцияга жол салып, жарандардын мүмкүнчүлүктөрүн чектеп койгон. Андыктан бул экономиканын өнүгүүсүнө да кедергисин тийгизүүдө.

Борбор Азиядагы эркин рынок институту болсо Кыргызстандагы каттоого тургузуу системасын ушул кебетесинде такыр эле алып салууну сунуштоодо. Аталган институттун аткаруучу директору Мирсулжан Намазалиевдин айтымында, бул система өзгөчө калктын жакыр бөлүгүнө ар кандай кыйынчылыкты жаратып, алардын эркиндигин чектөөдө:

- Биз минтип ойлоп көнүп калганбыз, “мындай прописка (каттоого тургузуу) дүйнөнүн бардык мамлекеттеринде бар” деп. Бирок дүйнөнү карап көргөн болсок, бул жалаң гана посткоммунисттик, коммунисттик өлкөлөрдө бар. Ал түгүл мурда биз менен кошо бир мамлекетке кирип турган Эстония, Грузия аттуу өлкөлөр прописканы алып салышкан...

Маселен Кыргызстанда туруктуу жашаган жерин өзгөртүүнү каалаган адам толгон-токой документтерди топтоосу, акчасын жана убактысын коротуусу, 10 күн ичинде жаңы көчүп барган жердин каттоо органдарына кайрылышы керек.

Борбор Азиядагы эркин рынок институтунун иликтөөсүнө караганда, өлкөгө жана жеке жарандарга пайда алып келбеген бул система эки жакты тең акчалай чыгымдарга учуратат. Ал эми ички мигранттардын көбү каттоого турбай эле ар башка жерлерде жашап жүрө беришет. Бул өз кезегинде коррупцияны да өрчүтүүдө.

Жарандардын укугу чектелүүдө

Биринчиден, мамлекеттик бюджеттен жарандарды каттоого тургузуу системасын жүргүзүүгө каражат бөлүнөт. Милиция деле ошол казына акчасына текшерүү, каттоосу жокторду кармоо иштерин жүргүзөт. Шаар жеринде каттоосу жок элеттиктерди эзгилеп, акча өндүргөн милициялар тууралуу да көп айтылат.

Экинчиден, мисалы Бишкек шаарында каттоосу жок жарандардын билим берүү, оорукана, милицияга кайрылуу укуктары азая түшөт. Эгер ооруканага каттоосу жок адам түшсө, жергиликтүү врачтар эреже боюнча милицияга билдирүүлөрү керек. Бирок каттоосу жоктор абдан эле көп болгондуктан, мындай тейлөө иштери “бармак басты, көз кысты” принцибинде уланып келатат.

Үчүнчүдөн, көптөгөн жарандар баш мыйзамда көрсөтүлгөн негизги укуктарынын бири болгон мамлекеттик башкарууга катыша албай калышууда. 10-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо деле Бишкектин жаңы конуштарындагы миңдеген каттоосу жоктор, жумуштары менен ар дайым жер кыдырып жүргөндөр шайлоого катышпай, өз укуктарын пайдалана албай калышты.

Эмгек, жумуштуулук жана миграция министри Айгүл Рыскулованын айтымында, чындап эле бир топ жарандар каттоосу жоктугунан улам мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалана албай, укуктары чектелип калган учурлар болууда. Андыктан жарандарды каттоого алуунун автоматташкан, жеңилдетилген түрүн киргизүү керектей:

- Биз жанагы жумушка орноштуруу боюнча мыйзамды карап чыгып, анын жаңы долбоорун карап атабыз. Ошондо биз жумуш менен камсыз кылууда прописка ситемасын алып салуу керек деген эрежелерди киргизип атабыз. Анткени тиги Баткенден же Нарындан Бишкекке келип, каттоосу жоктугунан улам жумушка орношо албай калган адамдардын маселеси бар. Булар ошол эле райондук мамлекеттик кызматтарга кайрылууга мүмкүнчүлүк ала албай атышат. Анткени мыйзамда жазылып калган, “турукту жашаган жана катталган жеринде кабыл алынат” деп. Ошондуктан ушундай нерселерге келгенде прописканы алып салыш керек. Мисалы, жумушка орношуу, окуу, медициналык кызматтарга кайрылуу маселелеринде каттоону алып салыш керек. Бирок үй алууда, насыя алууда жаран бир жерде каттоодо турбаса, акча берилбейт да. Андыктан муну таразалап, иликтеп чыгып чечүү керек.

Англия, Германия, Италия, Франция, АКШ, Бразилия сыяктуу мамлекеттерде каттоого тургузуу системасы жок. Постсоветтик мамлекеттердин ичинен Эстония, Латвия, Грузия сыяктуу мамлекеттер да каттоого тургузуудан баш тартышкан. Ал түгүл Орусия менен коммунисттик Кытай деле мындан баш тартуу керектигин айта башташты. Кыргызстанда да бул маселени мына-мына ишке кирет деп турган парламент иштей баштаса кабыргасынан койсо болчудай.

XS
SM
MD
LG