Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:09

Президент Курманбек Бакиев “Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар тууралуу” мыйзамга кол койду. Жаңы мыйзамга ылайык эми диний уюм түзүү үчүн эки жүз адамдын макулдугу талап кылынат

Буга чейин айрым укук коргоочулар, дин өкүлдөрү дин эркиндиги боюнча жаңы мыйзам өлкөдөгү жарандардын динге ишенүү укугун чектейт деп кооптонуп келишкен. Евробирмдик бул мыйзамды кабыл алуу менен Кыргызстан Европа коопсуздугу жана кызматташтыгы уюмунун жоболорун бузаарын эскерткен.

Машаякчы евангелист Кайырбек Наныбаев Евросоюздун мындай мамилесинен өзгөчө бир камкордукту көргөнүн айтат:

-Алар биздин жашоого кайдыгер карашпайт. Алар Кыргызстанды демократиялык өлкө катары көрүшөт. Алардын ою туура эле. Бул жерде алар эч нерсени таңуулаган жок, ал жон эле кат да. Демократия кагаз жүзүндө эмес, иш жүзүндө ишке ашырылышы керек. 200 киши болсо катталат, андан аз болсо катталбайт деген туура эмес. Анткени бир кишинин да укугу деле сакталышы керек.

Жаңы мыйзамга карата талаш негизинен бир маселеге - диний уюмдардын катталышына байланыштуу болуп келген. Жаңы мыйзамда диний уюмду каттоо үчүн эки жүз адам болушу керек деген шартты көпчүлүгү динге ишенүү укугун бузуу катары карап келишкен. Кыргыстандын муфтийи Мураталы ажы Жумановдун айтуусунда, 10-15 адам гана бир диндин тагдырын чечип кое албайт:

-Бул эки жүз деген сан да аз. Бирок мурдагыга караганда көп деген көз карашта мыйзамга макул болдук. Динди адам өзүнүн жүрөгүнө жакын тутуп, кудайга ишенип тандап алат. Анан бир аз кишилер чогула калып диндин тагдырын мойнуна ала койгону туура эмес.

Мураталы Ажынын оюу боюнча дин тутуу эркиндигинде да ар бир адам өзүнүн укугу менен милдетин айырмалай билиши керек. Жаңы мыйзам ошол түшүнүктөрдү ажыратып койду деп эсептейт.

Серепчи Кадыр Маликовдун пикиринде, мыйзамдын кабыл алынышы акыркы мезгилдеги дин жаатындагы проблемаларды жөнгө салууга керек болуп жаткан. Бирок бул жаңы мыйзамды толук кандуу деп атоо эртелик кылат. Азыр мыйзам кандай жол менен ишке ашырылат деген маселени ойлоо керек дейт ал :

-Менин оюмча мыйзамдын кабыл алынышы менен дин жаатындагы маселелери чечүү үчүн комплекстүү иштер аткарылышы керек. Албетте, мамлекетте иммунитет болушу керек. Бул жагынан алганда өлкөдө диний тынчтыкты сактоо үчүн мамлекет мындай чараны көрүшү зарыл болду. Бирок мыйзамды аткарабыз деп жер-жерлерде аша чаап аракет кылып жибергендерден сак болуу керек. Анткени бул мыйзам диний көрүнүштөрдү катуу көзөмөлдөй баштайт же чын эле дин жаатындагы абалды жөнгө салып, реформаларга алып келиши мүмкүн. Негизинен мыйзам тепкич сыяктуу акырындап ишке ашырылышы керек. Азырынча жыйынтык чыгаруу эртелик кылат.

Мамлекеттик дин агенттигинин директору Каныбек Осмоналиевдин айтуусунда, азыр жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн укук милдеттери да мыйзамда каралды. Мындан ары айыл жерлеринде диний уюмдар түзүлө турган болсо, ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн көз караштары да эске алынат.

Мындан тышкары жаңы мыйзамда биринчи жолу диний уюмдарды каттоо жобосунун мыйзамдык статуска ээ болушу, чет элдик диний миссионерлердин милдет укуктарынын диний багыттагы окуу жайлардын статусунун көрсөтүлүшү, динден динге өтүү тартиби жана диний адабияттарды таратуу жоболорунун бекитилиши чоң жаңылык болгондугун белгилейт Каныбек Осмоналиев. Ал жаңы мыйзамда эч кандай укук бузуу болгон жок, кайрадан дин багытындагы ээнбаштыкка бөгөт коюлду деп эсептейт:

-Ой-пикирлер көп. Негизинен протестанттык багыттагы христиандардын пикирлери айтылууда. Анткени буга чейин дин жаатында эч кандай тартипке салуу болгон эмес. Бул жерде эч кандай дин эркиндиги бузулган жок, тыйуу салуулар болгон жок. Кайра баары тартипке келип олтурат.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 1700 мечит жана 2100 диний уюмдар каттоодон өткөн. Бул сан каттоодон өтпөгөн диний уюмдарды кошкондо андан алда канча көптүк кылат.




  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG