Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:10

Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган дин жаатындагы мыйзамга Евросоюз Кыргызстандын президентин кол койбоого чакырып жаткандыгы тууралу маалыматтар тароодо. Ага карата Кыргызстанда ар кандай пикирлер айтылып жатат.

Германиянын Кыргызстандагы элчилигинин сайтында жазылган маалыматка караганда, Евробиримдик бул маселе бюнча Европа коопсуздугу жана кызматташтыгы (ЕККУ) уюмунун туруктуу кеңешинин 741-отурумунда атайын билдирүү менен чыккан.

Евробиримдиктин билдирүүсүнө кыргызстандыктардын кайдигер караган жери жок. Саясат таануучу Токтогул Какчекеевдин пикири боюнча, бул – христиандык маданият менен христиандык мамлекеттердин капиталдары кошулгандан кийинки Европанын дүйнөгө жасаган кезектеги пикир таңуулоосу, Кыргызстанга айткан кезектеги өкүм сөзү. Бирок, ар бир мамлекет өзүнүн кызыкчылыгы үчүн күрөшүүсү кажет.

Бишкек шаар тургуну Таалай Ылайтегин Жогорку Кеңеш кабыл алган жана Президенттин кол коюусуна жиберилген дин боюнча мыйзам салттуу эмес диндердин жайылышына сөзсүз кедерги болот, заадисинде мыйзам ошондой бир нерсени чектеш үчүн кабыл алынат деген ойдо:

- Евробиримдик болобу, ЕККУ болобу, алар дайым адам укугу, демократия деп кыйкырат, бирок биз көп нерсеге уруксат берип коюп, азабын кайра өзүбүз тартабыз. Ошон үчүн Президентибиз ой калчап, туура чечим жасаш керек бул жолу.

Ал эми евангелисттик христиан баптистери чиркөөлөрүнүн кошунунун төрагасы Александр Шумилиндин ою боюнча, муну менен Евробиримдик эл аралык милдеттенмелеринен оолак кетип жаткан Кыргызстанды оң жолго гана чакырып жатат:

- Евробиримдик туура кылып атат, биздин Президентти кол койбоого чакырып. Евробиримдиктен мурда расмий Бишкектен биз кол койбоңуз деп суранганбыз! Анткени, бул мыйзам Кыргызстандын Конституциясына туура келбейт. Конституция боюнча, ар бир адам каалаган динин тутунат, каалаган динине өтө алат, аны жайылтууга акылуу. Бул мыйзам ошондой эле Кыргызстан катышкан бардык эл аралык келишимдерди да бузат.

Ош мамлекеттик университетинин проректору Авазбек Асанов мыйзамдагы ислам экстремисттик кыймылдарына каршы коюлган беренелердин өзү эле европалыктарды кошо чочутуп атат деген пикирин билдирди. Анткени, маселен, тыюу салынган Хизб-ут тахрир партиясына коюлган чектөөлөр христиан багытындагы миссионерлерге да тиешелүү. Кызык жери, мусулмандар унчукпай, тигилер чурулдай баштады, дейт Асанов.

Ал эми Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттик деректири Каныбек Осмоналиев “Кыргыз Республикасынын дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндөгү” мыйзамына Президент кол коёрунан шек кылбайт:

- Жогорку Кеңеш жыйынына 83 депутат катышып, 81и колдогондугу белгилүү. Ага чейин комитет, фракция жыйындарында колдоо тапкан. Пленардык жыйында үч партиянын тең лидерлери ак жол каалаган. Бир да кабыл алынган мыйзам мындай сүрөөгө алынган эмес, менимче. Ошон үчүн бул мыйзамга Президент тарабынан кол коюлат деген ишеничтебиз.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынып, Президентке жиберилер замат Кыргызстандагы айрым мусулман топторунун гезиттер аркылуу Президент Бакиевге кат жолдоп, мыйзамга тезирээк кол коюу жагын сурангандыгы да коомчулукта кандайдыр бир шек жараткандыгын, маселени ого бетер козуткандыгын талдоочулар белгилешүүдө.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG