Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:12

Дымактуу жыйындан чыккан сөз


Бишкектеги айт намаз
Бишкектеги айт намаз

Өткөн айда Кыргызстандын Коопсуздук кеңеш катчысынын аппарат жыйынында «Таблиг жамаат» кыймылынын иштөөсүнө тыюу салуу маселеси козголгон.

Тийиштүү мекемелерге аны мыйзамдан тыш деп жарыялаш үчүн сотко кайрылуу милдети коюлган. Бир ай өтпөй демилге четке кагылды.

Катары калың “Таблиг жамаат” кыймылы же даваатчылардын аракети улуттук каада-салтка, маданиятка кайчы келерин 23-сентябрдагы Кыргызстандын Коопсуздук кеңеши ырастап, аны мыйзамдан тыш деп жарыялоо боюнча Жогорку сотко кайрылуу сунушун жактырган. Айтса, артынан кыйла уу-дуу кептерди жараткан ал жыйында Улуттук коопсуздук комитет төрагасы М.Суталинов менен Коопсуздук кеңеш катчысы А.Мадумаров өлүм жазасын киргизүү маселесин козгоп чыгышкан. Кош пикирди коштогон Коопсуздук кеңештин пресс-кызматы эки расмий өкүлдүн жыйында жарыя кылган позициясы алардын жекече пикирлери экенин эскертип, тутанып бараткан талашка чекит коюлган.

Ал жыйында өлүм жазасын киргизүү маселеси “Таблиг жамаат” кыймылын мыйзамдан тыш деп жарыялоо сунушунан улам чыккан. Кыргызстандын Дин иштери боюнча агенттиктин жетекчиси Каныбек Осмоналиев менен Кыргызстанрдын Башкы прокурору Элмурза Сатыбалдиевдин ортосунда момундай кайым айтыш жүргөн:

Каныбек Осмоналиев: - Ал жерде атайын депутаттык комиссия иштеген.
Элмурза Сатыбалдиев: - Жогорку Кеңеш да бере албайт. Мүмкүн эске алып коюшу үчүн берилгендир.
Каныбек Осмоналиев: - Мен бүтө элекмин. Коопсуздук кеңеш аркылуу берилген.
Элмурза Сатыбалдиев: - Доо арыз бериш керек. Отуруп алып эле “передали, каякка передали, куда передали?” Ошон үчүн мен “Таблиг жамаат” боюнча түз суроо бергем.

Кыргыз маданияты, каада-салтына кайчы келген көрүнүштөрдү мыйзам негизинде тыйып салыш зарылдыгын Коопсуздук кеңеш катчысы Адахан Мадумаров да ырастаган.

- Менимче, биздин маданиятыбызга да, табиятыбызга жат көрүнүштөрдү бираз жөнгө салышыбыз керек. Мыйзамдык базалардан кур эмеспиз, Кудайга шүгүр, алар жетиштүү. Бирок ошол мыйзамдар кандай аткарылып жатат - бул экинчи маселе.

“Таблиг жамаат” кыймылын мыйзамдан тыш деп жарыялоо аракети чоң жыйындан ары чыкпай токтолуп калганы эми ачыкка чыгып олтурат. Аны “Дин, Укук, Саясат” аналитикалык борбордун жетекчиси Кадыр Маликов 14-октябрда жарыя кылды. Анын маалымдашынча, мындан ары:

- “Таблиг жамаат” экстремисттик уюм катары каралбайт. Жакынкы аралыкта антип эсептелинбейт. Эч кандай доо коюлбайт. Доону алып салышты, баары сөз боюнча гана калды.

Коопсуздук кеңештин “Таблиг жамаатты” мыйзамдан тыш деп жарыялоо үчүн Жогорку сотко доо-арыз даярдоону тийиштүү мекемелерге жүктөгөн милдети антип ара жолдон четке кагылышы, Кадыр Маликовдун айтуусунда, өкмөттүн эксперттер пикирин эске алышына байланыштуу болуптур. “Таблиг жамааттын” ишин токтотуу аракети ошентип А.Мадумаров менен М.Суталиновдун өлүм жазасы боюнча жеке пикирлеринин катарына кошулуп отурат.

- Алардын азыркы мезгилде чоң кызматты ээлеп турушу – бул өзүнчө башка маселе,- дейт К.Маликов.

“Дин, Укук, Саясат” аналитикалык борборунун адиси Данияр Мурадилов учурда чоң талашты чакырып жаткан маселе калктын жапырт дегидей динге оошу болуп жатканын белгиледи. Анан ал бул тенденция барып-барып мамлекеттик түзүлүшкө коркунуч туудурбайбы суроосун алдыга жайды.

- Бүгүнгө чейин андай аракеттер да болгон эмес. Анан болот деген деле божомол жок.

Өкмөт 2015-жылга чейин дин жаатында кандай саясат жүргүзүү керектигин жаңыдан иштелип чыккан стратегиясында белгиледи. Аткаруу бийлиги өзгөчө үмүт арткан ал документ азырынча көпчүлүккө беймаалим.
XS
SM
MD
LG