Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:52

Ажылыкты эми өкмөттүн өзү уюштурат


Сауд Арабстандагы мусулмандардын ыйык жайы
Сауд Арабстандагы мусулмандардын ыйык жайы

Быйылкы жылы ажылыкты уюштуруу көзөмөлүн мамлекет өзүнө алат. Өкмөт ыйык сапардын айланасындагы аркыл айың кептердин арбып кетишин, айрымдардын бул ишти пайда табуунун булагына айлантып алышын эсепке алып 9-августта атайын чечим кабыл алган. Ага улай ведомстуктар ортолук комиссия түзүлгөн.

Ажылыктын акчасы

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Болотбек Абдырахмановдун айтуусунда, ажылыкка барууну уюштуруу иштерине мурунку бийлик өкүлдөрүнүн жакын адамдары, криминалдарга чейин кийлигишип, аны киреше табуунун булагына айлантып алышкан.

- Муну кайрадан кайталабас үчүн биз демилге кылып ушул июндун башында өкмөттүн токтомунун долбоорун даярдап бергенбиз. Аны 9-августта Р.Отунбаева кол коюп, 19-августта ведомстуктар ортолук комиссия түзүлүп, анын жетекчиси Амангелди Муралиев болду.

Жаңы өкмөттүк түзүм бардык ишти ачык-айрым жасоо, коррупцияга жол бербөө убадасын берүүдө. Анын канчалык ишке ашырыларын алдыдагы убакыт көрсөтмөкчү. Б.Абдырахманов быйыл ажылыкка баруучулар жалаң гана учак аркылуу жөнөтүлөрүн, учурда бул иштин өтөлүнө чыкчуларды тандап алуу камылгасы башталганын ырастады.

“Самолет, самолет, канатыңа сала кет...”

Сауд Арабстандан бөлүнчү 4,5 миң зыяратчыны убагында жеткирип, кайра алып келүү милдетин кыргызстандык авиакомпаниялар аткара алабы? Жарандык авиация эксперти Тимур Муратовдун маалымдашынча, алар учуу коопсуздугу боюнча Евробиримдиктин “кара тизмесине” кирип калган.

- Кыргызстандын жарандык авиациясы бүгүн коопсуздук критерийлерине толугу менен жооп бере албайт, дегенден кийин Сауди Арабия болобу, Корея болобу дүйнөнүн бардык өнүккөн жерлери кооптуу мамиле кылып карап калат.

Ушу тапта ведомстуктар ортолук комиссия авиакомпаниялар ортосунда ачык тендер жарыялап, алардан түшчү сунуштарды күтүүдө. Кыргызстандын муфтийи Чубак ажы Жалилов ажылардын унаа, виза маселесин өкмөт өзүнө алганы менен негизги даярдык иштердин текши баары диний башкармалык тарабынан жүргүзүлөрүн маалымдады.

Орто жолдон кошулгандар барбы?

Муфтий
Кыргызстанга бөлүнгөн квота эсебинен кээ бир чет элдик жарандар ажылыкка барып жатышканы тууралуу аркыл миш-миштер айтыларын, бирок да андай учурду азырынча кездештире электигин кошумчалады.

- Анан эми кээ бир мыйзам бузуулар болсо болгондур. Бирок мен бул жакка келгенге чейине муфтияттын Меккедеги өкүлү болуп иштегем. Паспортторун кабыл алганда Кыргызстандын паспортторун кабыл алчубуз толугу менен эле. Ал эми паспортторду сатып алса, бул биздин жумушубуз эмес. Ошол органдар өзү териштирет.

Ажылыктын айланасындагы кыңыр иштердин көбү тек сөз жүзүндө, жабылуу аяк катары жарыя кылынбай, көбүнесе миш-миш деңгээлинде гана калууда. Мурдагы жылы мусулмандык парзын аткарып келген Эрмек ажынын айтуусунда, зыярат кылганы баргандардын көпчүлүгү кыргыз жарандары болчу.

- Ошо элден угуп жүрөм. Ушундай жасашкан депчи. Ажылардын арасында андай сөздөр жок. Негизи андай сөздөрдү сүйлөшкөн деле жерибиз жок. Бирок ушундай сөздөр болгон.

Жыл сайын Сауд Арабстан Кыргызстандык мусyлмандардын парзын аткарууга 4,5 миң кишиге уруксат берет. Болотбек Абдырахманов алардын айрымдары мурдагы жылдары автобустар, жеңил автоунаа менен алыс жолго чыгышканын, кээ бирөөлөрү жолдон адашып, уруш-жаңжал болуп жаткан жерлерге чейин кирип кетишкенин, анын үстүнө бир өлкөдөн экинчисине өтүү кыйла убакытты, чоң түйшүктү пайда кыларын белгиледи.
XS
SM
MD
LG