Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:43

Бишкектин эски аянтында айт намаз окуш кооптуубу?


Курман айт жакындаган сайын Бишкектин эски аянтында окулчу айт намазга карата кооптонуулар байкалууда.

1-октябрда – орозо айт күнү Ноокат райондук мамлекеттик акимчилигинин имаратын ташбараңга алгандардын ичинен 32 адам 9 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылгандыгы жалпыга маалым. Бишкек шаар тургуну Нарынбек Сейитбеков ошол сот өкүмүнө өз нааразычылыгын мындайча билдирди:

- Акимияттын айнегин сындырды деп аларды 20 жылга, 15 жылга соттоп атышат. Салыштыра турган болсок, мына Ак үйдү деле талкалап, бийликти күч менен алып коюшпады беле. Алар дагы 20-30 жылга соттолуш керек да анда?! Демек, бул деген – демократиялык системанын жок болуп баратышы.

Айт намазын мечиттерде окууга чакырык таштагандардын бири Бишкек шаарынын Октябрь районунун акими Союзбек Салиев болду. Ал өз жүйөсүн бизге төмөнкүчө айтып берди:

- Райондо жайгашкан мечиттердин имамдарын чогултуп, аларга кеп салдык – элдин баарын эле аянтка айт намаз окууга айдай бербей, өз-өз мечиттерибизде деле окусак кандай болот деп. Алар да туура көрүштү. Колдошту. Анткени, борбордук аянт жака эл да, машине да батпай кетип атат. Анан коопсуздук маселеси дагы бар, башка диний агымдар элди башка жакка үндөп чыгышы да мүмкүн, талаш-тартыш чыгышы мүмкүн. Бирок аянтка барып намазга жыгылабыз дегендерге каршылык жок.

Октябрь районунун акими Союзбек Салиев мурда район аймагындагы мечиттер айт намаз күндөрү мусулмандар бүт аянтка намазга барышы үчүн атайылап жабылып коюлгандыгын дагы сөзгө кыстарды.

Кыргызстан мусулмандар муфтийи Мураталы-ажы Жуманов акимдердин аянттагы намазга кийлигишүүсү туура эмес экендигин белгилөө менен, алардын сунуш-пикирлеринин айрыкча көбүртүлүп-жабыртылып таратылганына өзгөчө өкүнүч билдирди.

Ал эми Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин деректири Каныбек Осмоналиев болсо коопсуздукту коргоо, камсыздоо жагынан алганда, акимдердин мындай демилге-сунуш менен чыгуусу орундуу эле деп эсептейт.

Ошентип аянтта айт намаз окуунун коопсуздук маселеси айрыкча ушул курман айттын алдында көңүл чордонунда турат. Ал эми курман айт намазы Бишкектин эски аянтында окулабы-окулбайбы деп күдүк ойдо жүргөндөр дагы жок эмес. Муфтий Мураталы-ажы Жуманов адаттагыдай эле курман айт намазы 8-декабрь күнү саат тогузда Бишкектин эски аянтында окуларын жарыя кылды.

Бишкекте он миңдеген мусулмандар бир убакта намаз окугудай ири борбордук мечитти куруу аракеттери да жүрүп жатканын эскерте кетели.

XS
SM
MD
LG