Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:17

Борбордук мечит куруу үчүн Бишкек шаарынын Ленинград, Жаш Гвардия көчөлөрүнүн кесилишинен мурда бөлүнүп берилген жер аянты саздак, курулуш курууга жараксыз деп табылууда. Ушуга байланыштуу азыр башка, жарактуу жер караштырылып жатат.

Муфтий Мураталы-ажы Жуманов борбордук мечиттин курулушу үчүн башка жер караштыруу маселеси ошол мечит курулушуна каражат чогултуу марафонун уюштура баштаганда пайда болгондугун айтты:

- Кудай буюрса, 28-мартта республикалык деңгээлде кайрымдуулук марафонун өткөрмөкчүбүз мечит курулушуна каражат чогултуп. Жакында президент администрациясынын жетекчиси Данияр Үсөнов келип, ошол мурда бөлүнүп берилген жердин башында жыйын өткөрдү. Азыр ушундай маселе болуп атат. Жердин кыртышы начар болгондуктан, ал жерге мечит куруу өтө эле кымбатка түшкүдөй. Курулуш убактысы да узакка созулгудай. Ошондуктан шаардын башка жагынан, дурус жеринен мечитке орун издөө жагын тиешелүү кишилерге тапшырды Үсөнов.

Коомдук ишмер Жолборс Жоробеков мечит үчүн ушундай саздак жер бөлүп берген мамлекеттик кызматкерлерди айыптап, саздак жерге мурда Кыргызстанда кезикпеген ири мечитти куруу өтө кыйын болорун белгиледи:

- Жакында мен архитекторлор менен сүйлөшүп калдым. Ал жерге мечит куруу үчүн адегенде “слой” деп коёт экен, жанагы казыкка окшош немелерди 30 метр тереңдикке катары менен орнотуп туруп, ошонун үстүнө курулушту куруш керек экен.

Жер астына жүздөгөн андай тирөөчтөрдү орнотуп чыгуу эле миллиондогон акчаларды жейт. Бирок Ленинград, Жаш гвардия көчөлөрүнүн кесилишиндеги бул жер аянты президент Курманбек Бакиевдин тапшырмасы менен берилгендигин ошо кезде президенттин басма сөз кызматынын башчысы болуп иштеген Досалы Эсеналиев “Азаттык” үналгысына айтып бериптир:

- Президент Курманбек Салиевичтин кийлигишүүсү менен борбор шаарыбыздан атайын мечит куруу үчүн 10 гектар жер бөлүнүп берилди.

Ошентип кезинде Президент тапшырмасы начар аткарылгандыктан азыр тиешелүү мамлекеттик тармактар кайрадан башка жер издеп жатышат. Кайсы жерди ылайык таап жатышкандыгы жөнүндө эч кимиси ооз ача элек азырынча.

Мусулман дин ишмери Садыкжан-кары Камалиддин борбордук мечит курулушун президент Курманбек Бакиев өзү көзөмөлдөсө деген тилекте. Түркмөнстандын мурдагы президенти Сапармурат Ниязов өтө чоң мечит куруп берип кеткендигин, Ташкентке Ислам Каримов, Алматыга Нурсултан Назарбев борбордук мечиттерди мамлекеттин эле эсебинен салдырышканын үлгү-мисал катары белгиледи.

Бирок Кыргызстанда курулмакчы болуп жаткан борбордук мечиттин жалпы чыгымынын 60 пайызын араб сүрөөнчүлөрү, 40 пайызын Кыргызстандын эли көтөрөрү алдынала айтылып келет.

Белгилүү коомдук ишмер Тилектеш Ишемкулов жердин баарында эле мектеп салынбай, мечит салынып жаткандыгын белгилөө менен, борбордук мечитке өзгөчө жер тандап кыйналыштын зарылдыгы жок, берген жерге гана салышса болмок деп эсептейт.

Мусулман топтор эми те мурдагы мечит ордун – Жеңиш аянтын кайрадан талап кылып аша чаап кетпес бекен деп тынчсыздангандар да жок эмес.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG