Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:17

Борбордук мечит курууга Бишкек шаарынын Гоголь, Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишинен, тактап айтканда, Ысык-Көл кинотеатрынын артынан 3 гектардан ашык жер аянты бериле турган болууда.

Кыргызстан мусулмандар муфтийи Мураталы-ажы Жумановдун айтуусу боюнча, мечит үчүн жер аянты Президент Курманбек Бакиевдин макулдугу менен берилген. Ысык-Көл кинотеатрынын артындагы сейилбактын мечит курганга абдан ылайыктуу экендигин муфтий, Президент администрациясынын жетекчиси, Бишкек шаар мэри, Курулуш жана архитектура мамлекеттик агенттигинин деректири – төртөө Президентке кирип сунушташкан жана ал киши макул болуу менен бирге документ иштерин тезирээк бүтүрүү жагын Бишкек шаар мэрине тапшырган.

Ушул эле борбордук мечиттин курулушу үчүн мындан эки жыл мурда Бишкектин Ленинград жана Жаш гвардия көчөлөрүнүн кесилиши тараптан 10 гектар жер аянты бөлүнүп берилип, араб өлкөлөрүндөгү сүрөөнчүлөрдүн жардамы менен курулуштун жерпай иштеринин кыйласы жасалып да калган эле. Бирок, ал жер саздак болгондуктан, курулуш иштерин өтө эле кымбатка чыгарып, курулуш убактысын да создуктуруп жиберери байкалган. Ошол себептүү башка жер караштыруу маселеси келип чыккан. Ал жерде башталган курулуш боюнча муфтий Мураталы-ажы Жуманов буларды айтты:

- Ал жерде 450 миң америка доллары эсебиндеги иштер жасалган болчу. Ага карабастан мечит үчүн башка сонун жер берилгенине араб сүрөөнчүлөрүбүз дагы аябай сүйүнүшүүдө азыр. Президентте тиги-мурдагы жер, ал жерде жасалган курулуш боюнча да сөз болду. Келечекте ал жерге жеңил курулуштарды куруу, даяр жерпайды ыктуу пайдалануу жагы тапшырылды.

Ошондой эле чыгымды келечекки курулуш ээлеринен кайтартып берүү жагы да унутта калбаптыр. Мечит үчүн бериле турган жер аянтына байланыштуу “Акыйкат жолу” коомдук бирикмесинин төрайымы Бүбайша Арстанбекова мындай суроо койду:

- Ысык-Көл кинотеатрынын айланасы илгери көрүстөн болгон экен. Ошол жерге мечит курганга болобу өзү? Шарияттын жолунда бул маселе кандай каралат?

Муфтий Мураталы-ажы Жуманов талкуу учурунда бул жагдай да ачык айтылгандыгын, те 60-жылдарга чейин чын эле ал жерде көрүстөн болгондугун, бирок зарылдыкка байланыштуу ал жердеги адам сөөктөрү башка жакка которулуп, анын ордуна бак олтургузулгандыгын, кинотеатр салынгандыгын белгиледи. Мурда көрүстөн болгон жерге кийин мечит курулса – шариятка каршы келбестигин, куран окулуп, кайра арбактарга сооп болорун айтты.

Борбордук мечит үчүн болумдуу жер аянтынын ушу күндөрү берилип жатышын учурдагы саясий кырдаал менен байланыштыргандар дагы арбын.

- Мечитке жакшы жердин берилиши бардыгыбызды эле кубантат. Бир гана жери, ушул иш те мурда жасалса болмок. Менимче, алдыдагы Президенттик шайлоого карата атайын жасашкандай болуп турат, - деген оюн Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Таалайбүбү Насырымбекова билдирди.

Ал эми “Кыргызстан мусулмандар биримдиги” коомдук уюмунун жетекчиси Турсунбай Бакир уулунун пикири боюнча, чын эле мусулмандар кыйналбасын деп беришсе – алар сооп табат, а эгерде шайлоого байланыштуу башкача максат менен беришсе – чоң күнөө. Алдыдагы президенттик шайлоодо муфтият, казият кызматкерлери, молдолор бүт эч кимге тартпай калыс туруш керек.

Жалпы мечиттин курулушуна кете турган каражат долбоор боюнча 4 млн Америка доллары. Ошол сумманын 60 пайызын араб сүрөөнчүлөрү бермей болгон, 40 пайызын Кыргызстандын эли өздөрү көтөрүш керек. Дал ушул каражатты чогултуу үчүн 28-мартта муфтият Бишкектин Кожомкул атындагы спорт сарайында кайрымдуулук марафонун өткөрөт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG