Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:48

Муфтияттын мурду реформага такалууда


Кыргызстан мусулмандар муфтийин шайлоо кечеңдеген сайын муфтиятка биротоло реформа жүргүзүү демилгелери чыгууда. Кыргызстан мусулмандарынын курултайын өткөрүү үчүн муфтияттан сырткары атайын уюмдар да түзүлө баштады.

Өзүн Кыргызстан жана Орто-Азия мусулмандар конгрессинин жетекчиси деп тааныштырган Бакыт Нурдинов муфтиятты реформалоо жана татыктуу муфтийди тандоо зарылдыгынан улам атайын комитет түзүшкөндүгүнөн кеп баштады:

- 10-апрелден баштап убактылуу комитет түздүк. Ага 40тан ашык диний уюмдар кирди. Эң негизги маселе – муфтиятты реформалоо. Муфтиятты да парламенттик ситемага алып келели деп жатабыз. Муфтий уламалар кеңешине отчёт берип, багыныңкы болуш керек. Ал эми муфтий болобуз деп азыр 17 киши тизмеге кирди.

Бакыт Нурдинов соңку учурларда саясий куугун катары Түркияда жашап жүргөндүгүн да эскертти. Анын айтуусунда, хизб-Ут тахрир партиясынын мүчөсү деп ага куугунтук салынган. Машинесине 83 барак салып коюшуп, аны камай турган болушканда Кыргызстандан чыгып кеткен да, кечээ, 10-апрелде кайтып келген.

Кыргызстан мусулмандар муфтиятынын жооптуу кызматкери Марат-ажы Усупов ар кандай сунуш менен муфтиятка ат тезегин кургатпай келип аткан кишилер – атайын бир максат менен уюштурулган кишилер экендигин кыйытты.

Укук коргоочу, актооч Акин-ажы Токталиев да муфтиятка реформа жасайбыз дегендердин катарында. “Мусулмандар башкармалыгын” ал монархия деп эсептейт. Ошон үчүн “Кыргызстан мусулмандар бирикмесин” түзүү зарыл.

Муфтий болобуз деп тизмеге түшкөн 17 кишинин арасында Акин-ажы Токталиев өзү да бар экендигин эскерттик эле, маалыматты ал четке какканы жок. 8-болуп өзү келатканын, бирок ал тизме расмий күчкө ээ эместигин, кагаз түрүндө гана тургандыгын эскертти.

Байма-бай сынга алынып жаткан муфтияттын түзүмү туурасында мурдагы муфтий Мураталы-ажы Жуманов мындай түзүм бир эле Кыргызстанда эместигин, жалпы Орто-Азияда ошондой экендигин эскерткени бар.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия деректири Каныбек Осмоналиев болсо муфтият, демилгелүү мусулман топтор азыр бирин-бири жерибей сүйлөшүп, муфтиятка реформа жүргүзүүгө, анын негизинде муфтий шайлап алууга оңтойлуу учур келип турат деп эсептейт.

Мурдагы муфтий Мураталы-ажы Жуманов 7-апрелдеги кандуу окуядан кийин муфтийлик кызматын өз арызы боюнча тапшырып берген. Андан кийин муфтийдин милдетин аткаруучу Абдышүкүр-ажы Нарматов да бул милдеттен бошотуу боюнча арыз жазып, муфтиятты жетектөө милдети азыр муфтийдин 1-орунбасары Сүйүн-ажы Кулуевдин мойнунда. Жаңы муфтий Кыргызстан мусулмандарынын кезектеги курултайында шайланары эскертилген.


XS
SM
MD
LG