Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:48

Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Эмил Каптагаев Кыргызстандагы азыркы диний кырдаал жөнүндөгү маегинде Кыргызстан эли кооптонгон орчун маселелер жөнүндө сөз кылды.

“Азаттык”: Эмил мырза, Кыргызстандагы азыркы диний кырдаалды ар түрдүүчө баалап жатышат. Айрыкча мусулман жамааттарынын ортосунда тирешүүлөр күчөп бараткандыгы белгиленүүдө. Ага, бир жагынан, жаңы муфтийди шайлоо кечеңдеп атканы дагы себеп болуп жаткансыйт. Ал эми Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн ичинен дин тармагын сиз тескеп жатыпсыз?

Эмил Каптагаев: Мен жакында мусулман дин башкармалыгынын жетекчилиги, жамааты менен жолугуп сүйлөштүм. Уламалар кеңеши кезектеги жыйынын өткөрүп, жаңы муфтийди шайламакчы болгондо диний кырдаал кыйла чыңала түшкөнү ырас – мурдагы муфтийди бирөөлөр уурдап, муфтиятка, уламалар кеңешине кыйла кысым болуп. Анан алар муфтийдин милдетин аткаруу милдетин муфтийдин 1-орунбасары Сүйүн-ажы Кулуевге жүктөшкөн.

Негизи, Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгынын ичинде чыр-чатак жок. Ал бирдиктүү уюм катары, бирдиктүү система катары ишин жүргүзүүдө. Ал эми муфтий болом дегендер кеңешчү кишилери менен кеңешип, кимдер муфтийлик жарышка түшөрү такталып баратат. Кырдаал турукташып калганда өтчү уламалар кеңешинде, ага улай өтчү Кыргызстан мусулмандарынын курултайында муфтий маселеси чечилет.

Ал эми жанагындай чыр-чатактуу абал диний башкармалыктан сырткы мусулман топторуна тийешелүү. Андай диний топтор айтып атат, мусулманчылык жалпы болгондон кийин – муфтият да жалпыбызга таандык. Ошон үчүн муфтият уставын өзгөртсүн, уламалар кеңешинин макамын өзгөртсүн, муфтийдин ыйгарым укуктарын өзгөртсүн, мына ошондой өзгөртүүлөрдү камтыган уставды курултайда бекитип, ошол жаңы уставга ылайык уламалар кеңешин, муфтийди шайлашыбыз керек деп. Түпкүлүгү, бул талаптар туура. Бирок, айрымдардын муфтият кызматкерлерине кысым көрсөтө баштаганы, муфтиятты басып алабыз деген ниеттери, аракеттери туура эмес.

“Азаттык”: Муфтият менен жолуктум деп атасыз, муфтиятка реформа зарыл деген ошол сырткы күчтөр менен да жолугуу зарылдыгы бар го дейм?

Эмил Каптагаев: Мен ошол уюмдардын жетекчилери менен да жолуктум. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын деректири Каныбек Осмоналиев менен да жолуктум. Менин оюмча, бул жерде талаша турган эч нерсе жок. Азыр Кыргызстандагы мен чыныгы аалыммын деген, мен чыныгы имаммын деген адамдар менен сүйлөшүүлөрдү байма-бай жүргүзүүнүн натыйжасында эле чечилчү маселелер – булар. Курултайды чакыруу тартиби, курултайга делегаттарды шайлоо тартиби, курултайды өткөрүү тартиби жана өткөрө турган күнү аныкталса эле – баарысы калыбына келет.

“Азаттык”: Эмне, Кыргызстан мусулмандар башкармалыгынын жобосун өзгөртүүгө, муфтий шайлоого, демек, реформа жасоого азыркы уламалар кеңеши алсыз болуп калдыбы?

Эмил Каптагаев: Жок, бул уламалар кеңешинин деле өзүнүн уставдык ыйгарым укуктары муфтийди шайлоого жарайт. Бирок, муфтияттын сыртында түзүлүп аткан кырдаалдан улам азырынча сабыр кылып турууга, кырдаалды курчутпай кармап туруп, анан айрым өзгөртүүлөрдү кошо жасоонун кыябы келип турат.

“Азаттык”: Эмил мырза, ыңкылаптан кийин Кыргызстанды хибутчулар каптоодо деген да пикирлер бар. Мурдагы бийлик камай турган болгондо чет өлкөлөргө чыгып кеткендер дароо ыңкылаптан кийин келип атыптыр?

Эмил Каптагаев: Менимче, кескин көз караштагы мусулман уюмдары азыр Кыргызстандын ичинде өзгөчө кырдаалды же абалды түзүп ийет дегенге мен көп ишенбеймин. Бар ошондойлор. Радикалдык көз караштагылары бар, өз көз караштарын таңуулагысы келгендер бар. Бирок, биздин Кыргызстанда, жалпы эле Орто-Азияда мусулманчылыктын өзгөчө адеби, өзгөчө маданияты калыптанып калган. Мындай маданият башка жактарда жок. Биз ошол өзүбүздүн өзгөчө ислам маданиятыбызды, ислам адебибизди кармап калчу жолду гана тандашыбыз, издешибиз керек. Аны камсыз кылууга азыркы муфтияттын кудурети жетет.



“Азаттык”: Эмил мырза, Кыргыз Республикасынын Конституция долбоорунда Кыргызстан “динден тышкары мамлекет” деп жазылып атат. Орусчасы – “светское государство”. Мындай аныктама Орусия федерациясынын конституциясында да жок экен. Ушул жагдайга көз карашыңыз?



Эмил Каптагаев: Менимче, “светское государство” дегендин кыргызча котормосу баарысын чаташтырып атат. “Светское” деген – “динден тышкары” деген түшүнүк эмес. “Светское государство” деген бул – мамлекеттик түзүлүш диний түзүмгө байланбайт, мамлекеттик түзүлүштө диндин үстөмдүгү болбойт деген эле сөз. Бул биринчиден. Экинчиден, бүгүнкү Конституцияга “светское” деген сөздү жазуунун зарылдыгы жок. Анткени, совет доорунда деле, андан берки эгемендик учурунда деле динге негизделбеген мамлекеттик түзүлүштө жашап келбедикпи. Батыш өлкөлөрүндө католик чиркөөсү, Орусияда православия чиркөөсү те илгери мамлекеттин үстүндө туруп, анан ошол дин үстөмдүгүнөн арылган кезде Конституцияларына “Светскае” деген сөздү баса белгилеп жазышкан. Азыр Кыргызстандын Конституциясына бул создү жазуунун кереги деле жок, менимче.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG