Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:54

Ажыга аттанган кыргызстандык зыяратчыларды алып кетчү айрым учак каттамдары эмне себептен кечикти? Учурда Медина шаарына токтошуп, умра ибадаттарын аткарып жатышкан мекендештерибиздин акыбалы кандай?

Кыргызстандык зыяратчылардын учак каттамдары өз убагында учпай калган жагдайлар боюнча Кыргызстан мусулмандар муфтийи Мураталы-ажы Жуманов бейшемби күнү мындайча түшүндүрмө берди:

- Кечээ кечинде Бишкектен уча турган “Түрк аба жолдорунун” учагы да өз убагында келе албай, мына бүгүн... азыр учканы турат. Туманга байланыштуу кеч келиптир. Ошто да ошондой чет өлкөдөн келчү учак бир күнгө кечикти аба-ырайынан улам. Маселелер мына чечилди, чечилүүдө. Зыяратчыларыбыздын алды – кармалбай учкандары Меке-Мединага жетип калды, буюрса.

Учурда Саударабстандын Медина шаарына токтошуп, умра ибадаттарын жасап жатышкан кыргызстандык зыяратчыларга да биз байланышка чыктык. Зыяратчы Яхйа Камалов өздөрүнүн ажылык тобундагы 435 киши Мединадагы даңазалуу Мухаммед пайгамбар мечитинен 300 чакырымдай гана аралыктагы мейманканадан утурумдукка орун алышкандыгын, ажылык топтун 30 пайызы кары адамдар экендигин, алардын саламаттыктарын дарыгерлер бир сыйра текшерип кетишкендигин, ооругандар жок экендигин, ишемби күнү Мекеге жөнөшөрүн кеп кылды.

Зыяратчы Ашым Атакозуев Оштон куптан намазын окуп анан учакка олтурушкандыгын, адегенде Ирандын Мешхет шаарына барышып, андан башка учакта Мединага келишкендигин, мейманканадан орун алгандан кийин анан багымдат болгондугун айтуу менен, ошол эки намаздын аралыгында Пайгамбар жайына жеткендигине кубанат.

Ашым Атакозуев андан ары Мединадагы даңазалуу Мухаммед пайгамбар мечитинде абадат кылуунун, намаз окуунун артыкчылыктарын белгиледи:

- Мухаммед пайгамбарыбыздын Мединадагы мечитинде бир ирекет намаз окуу – башка жактардагы миң ирекет намаз окугандай сооп берет деп айтылыптыр. Бул мечитке кирип баратканда Пайгамбарыбызга тахбир айтканча кириш керек экен. Ошондо Пайгамбар өзү карап тургандай, өзү тосуп алгандай сезим-туюмда болот экен пендеси. Ошондой улуу сезим-туюмдарда болуп жатабыз, буюрса...

Кыргызстандык зыяратчылардын алды азыр минтип Саударабстанда болсо, айрым топтору үстүбүздөгү айдын аягына чейин Бишкек менен Оштон учак каттамдарында сапар алышат. Жалпы кыргызстандык зыяратчылардын Мекеге баруу багыттары боюнча Кыргызстан мусулмандар муфтийи Мураталы-ажы Жуманов айтып берди. Анын айтышынча, бир жарым миңдей киши Түркия аркылуу Саударабстандын Медина жана Жидда шаарларына учак менен жетишет. Алты жүздөй киши Иран мамлекетинин Мешхед шаары аркылуу Медина жана Жидда шаарларына, ал эми калгандары бүт Йорданиянын Акаба шаарына учакта барышат да, андан ары Мекеге чейин автобуста кетишет.

Ажылык зыяраттар өтчү Курман айт 8-декабрга туш келерин эскерте кетели.

XS
SM
MD
LG