Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:46

Биринчи ынтымак курултайына Кыргызстандагы диний конфессиялардан 20 өкүл делегат болуп катышат. Мусулман өкүлдөрү курултайга кийип барганга атайын окшош кийим тиктиришүүдө.

Дин өкүлдөрүнөн Курултайга 20 адам чакырылып жаткандыгын коомчулукта ашыкча көргөндөр жок эмес. Кыргызстан мусулмандар муфтийи Мураталы-ажы Жуманов да бул эсепти өтө ыраазычылык менен кабыл алган:

- 20 орун берилди дегенде мен динди ушунчалык назарга алгандарга, айрыкча Президентке ыраазы болуп кеттим. Орун бөлбөй койсо деле биз унчукмак эмеспиз.

20 орундун ичинен 10 орун мусулмандарга, 4 орун орус православдарына, 4 орун протестанттарга, 1 орун иудисттерге, 1 орун буддисттерге бөлүнгөн. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын деректири Каныбек Осмоналиев ошол орундарга диний конфессиялар делегаттарды өздөрү гана талкуулап шайлашкандыгын, мамлекеттик түзүм тарабынан эч кандай кийлигишүү болбогондугун айтат.

Кыргызстандагы жөөттөрдүн диний уюмунун башчысы, равин Ария Райхмане учурда Кыргызстандагы диний кырдаал олуттуу көңүл бурууга татып тургандыгынан улам жана ачык каршылашуу жоктугуна байланыштуу Ынтымак курултайына дин өкүлдөрүн унутпай чакырып жатышат деген ойдо:

- Бийликтин сөзүн угуза турган жерге дин адамдарын азыр көбүрөөктөн чакырбаса болбойт. Диний маселе эч кимди кайдыгер каратпайт. Ошондуктан өткөн жылы дин багытында жаңы мыйзам кабыл алынбадыбы. Ошол эле кезде бийлик тарап дагы эл арасындагы чыныгы сөздү угуп тургусу келип атат.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия деректири Каныбек Осмоналиев дин адамдарынан түзүлгөн делегация Курултайда өздөрүнүн салмак-ордун, активдүүлүгүн көрсөтө аларына, айтаар сөздөрү, маселелери бардыгына ишендирди.

Курултайга мусулман өкүлдөрү өз алдынча даярданышууда. Муфтий өзү баштап, тогуз казияттан тогуз өкүл барат. Баарысы бирдей түстө кийим буюртма беришкен. Чапан, желек, баш кийиминен бери окшош болот.

Ал эми диний топтордун делегаттык курамына карата ар кандай пикирлер бар. Маселен, Бишкек шаар тургуну Нурдин Мамарасул уулу мындай дейт:

- Угушубуз боюнча, муфтий буйрук берген экен – казылардан башкаларды шайлагыла деп. Антсе – казылар көбүнчө орунбасарларын шайлатып салышыптыр.

Делегаттар курамында ошондой эле мусулмандардын, орус православдарынын, католиктердин, буддисттердин, иудисттердин жетекчилери бар экендигин да айта кетели.

XS
SM
MD
LG