Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:58

Хижап керекпи же кызматпы?


ЭлТРдин редактору хижап кийем деп кызмат ордун тапшырууда. Мамлекеттик мекемеде хижап кийип жүрүүгө болбойт, ошол кийимчен телеберүү алып баруу мүмкүн эмес деген талапты ар ким ар кандай баалап жатат.

Хижап кийгендиги үчүн ЭлТРдин редактору Марсгүл Дооронова кызматтан кетүүгө аргасыз болууда. Жагдайды ЭлТР деректиринин орунбасары Маматибраим Жаныбеков мындайча түшүндүрдү:

- Мен Марсгүлгө "бул жер стратегиялык объект, идеологиянын борбору болсо хижап менен жүргөнгө болбойт, көчөдө кандай жүрсөң мейли, ЭлТРдин эшигин аттаганыңда хижапты чечишиң керек" деп айттым. Жок дегенде жоолук салынып жүрбөйсүңбү десем да болбоду. Иштен бошотууну суранып, "андай болсо мен иштей албайт окшойм, хижапты таштай албайм" деп арыз жазды.

Биз Марсгүл Дооронованын өзү менен да байланышка чыктык. Ал мурдатан эле өзүн багып ала турган күйөөгө чыкса хижап кийем деген ниэтте жүргөндүгүн, 15 күн мурда турмушка чыккандыгын, анан ошол замат ойлоп жүргөнүндөй хижап кийүү чечимине келгендигин, ЭлТРде хижапчан жүрүп иштөөгө таптакыр болбойт дешкенде арыз жазып бергендигин айтат.

Марсгүл Дооронованын бул жерде иштегенине он бир жыл болгон экен. Редактор, “Зээн” деген берүүнүн продюсери, 2009-жылдан баштап “Мурас” бөлүмүнүн жооптуу редактору болуп иштеп келген. Марсгүл “Хижап кийбей эле мусулманчылыкты кармансаң болбойт беле?” деген суроого төмөндөгүдөй жооп берди:

- Куранда беш убак намазыңды оку, орозоңду карма дегендин жанында аял кишилер үчүн аврат жерлериңди жап деген Кудайдын буйругу бар. Мен ушунча намаз окуп, орозо кармагандан кийин ошону аткарбасам болбойт да.

ЭлТРдин редактору Марсгүл Дооронова тушуккан кырдаалга байланыштуу мусулман аялдардын “Мутакалим” коомдук бирикмесинин төрайымы Жамал Фронтбек кызы өз пикирин билдирди:

- Эгерде хижапчан мамлекеттик ишканага киргизбесе, бизде дин эркиндиги болгондон кийин, сотко арызданып, жеңип алса, демек, кызматына кайра киришсе болот. Бирок көбүнчө биздин кыздар арыз жазып берип, кетип калышат – ал туура эмес.

Ал эми “Агым” гезитинин башкы редактору Аскер Сакыбаеванын пикиринде, динге түздөн-түз тиешеси бар мекеме-уюмдарда хижапчан жүрсө болот, бирок Кыргызстан секулярдуу өлкө болгондон кийин ЭлТР сыяктуу заманбап мекемелерде хижап кийип жүрүү орунсуз.

Марсгүл Доороновага хижап кийгизгендер – турмушка чыккан чөйрөсү болсо керек деп күмөн санагандар да арбын. Өзүнүн айтуусунда, кайын журту түшүнүктүү кишилер, кайын энеси мугалим, күйөөсүнүн эки диплому бар. Алар мурдагыдай кийинип ЭлТРде иштөөсүнө каршы деле эмес. Чечимди жеке өзү кабыл алган.

ЭлТРдин Оштогу кеңсесинде иштеген Марсгүл Дооронованын иштен бошотуу арызына деректир Бишкекте болгондуктан кол коюла элек.

XS
SM
MD
LG