Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:13

Талас: учак кырсыгына байланыштуу желектер түшүрүлдү


Талас.
Талас.

Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери бир күндүк айлык маянасын Чүйдөгү аба кырсыктан жабыркагандарга которот. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна аталган мекемеден билдиришти.

Жалпысынан өкмөттүн Талас облусундагы өкүлчүлүгүндө 62 кызматкер иштейт. Демилгени Талас облусундагы башка ишкана, мекемелер да колдогон. Бүгүн Талас шаарында жардам чогултуу борбору ачылып, кийим-кечек, тамак-аш чогултулуп, Бишкекке жөнөтүлөт. Ал эми 16-январда түнкү саат 12ден кийин мекемелердеги желектер түшүрүлдү. (AlS)

XS
SM
MD
LG