Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:31

УКМК алдында митинг өтөт


Алмамбет Шыкмаматовдун суракка чакырылуусуна байланыштуу жарандык активисттер митингге чыгышат. Иш-чара мамлекеттик маалымат каражаттары тарабынан оппозицияны шыбоону, саясий оппоненттерди куугунтуктоону жана сөз эркиндигин кысууну токтотуу талабы менен өтөт. Бул тууралуу “Сөз эркиндигин коргоо" комитетинин мүчөсү Адил Турдукулов “Азаттыкка” билдирди:

- Массалык маалымат каражаттарын саясий оппоненттерди шыбамай курал катары колдонуп, ал эми Коопсуздук кызматы жана башка күч кызматтарын бийликтин камчысын чаап, саясий оппоненттерди куугунтуктап жатышына каршылыгыбызды билдиребиз.

Акыркы убактарда мамлекеттик телеканалдардан оппозицияны бир жактуу сындаган телеберүүлөр көп берилип жатканына нааразылыктар айтылып келүүдө. Коомдук биринчи телеканалдын жетекчисинин ишин КТРКнын Байкоочу кеңешинин айрым мүчөлөрү сындап чыккан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG