Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:22

Коогалаң жарасы: шектүүлөр эркиндикте


Набыт болгондордон тышкары дайынсыз жоголгондор да көп.
Набыт болгондордон тышкары дайынсыз жоголгондор да көп.

Июнь айындагы коогалаң боюнча Кыргызстандын укук коргоо органдары тарабынан 3700 кылмыш иши козголду. Анын ичинен этникалык араздашууга алып келген башаламандыктарды жана чагымды уюштуруу боюнча 26 кылмыш иши сотко жөнөтүлдү.

Этникалык кагылышууга шыкакчы болуп, аны уюштурууга тиешеси бар деп шектелген адамдардын көпчүлүгү кармала элек.

Буга чейин кандуу калабанын чыгышына тиешеси бар деген шек менен экс-депутаттар Кадыржан Батыровго, Иномжан Абдрасуловго жана Жалолидин Салахудиновго кылмыш иштери козголгон. Тергөөнүн маалыматы боюнча алардын этностор аралык араздашууга шыкакчы болгон жана курал-жарак камсыздаган аракеттери боюнча материалдар келип түшкөн.

Өкмөт башчысынын укук коргоо органдары боюнча орун басары Азимбек Бекназаров аталган адамдарга карата байланышкан тергөөнүн далилдери коопсуздук кеңешинин жабык жыйналышында талкуулангандыгына токтолду:

- Буга чейин расмий түрдө окуяга тиешеси бар өзбек диаспорасынын лидерлеринин аттарын атасак биз бир тараптуу болуп калабыз деп айта албай жаткан жагдайлар ал жерде айтылды. К. Батыровдун ролу, И. Абдрасуловдун аракети, Ж. Салахудиновдун аракети, Сабировдордун аракети, андан башка лидерлердин ошол окуялардагы орду боюнча далилдер талкууга алынды. Ошол эле учурда мамлекеттик бийлик органдарындагы жетекчилердин аракеттерине баа берилди. Коопсуздук кеңешинде кечээ бул маселе катуу каралды. “Ушуга чейин шектүү делген адамдарды кармай албайсыңарбы, анда кызматыңарды өткөрүп бергиле” дегенге чейин бардык.

Иликтөө иштеринин материалдарына караганда этникалык кагылышууларды уюштурду деп шектелген белгилүү адамдардын көпчүлүгү Кыргызстандын аймагынан ошол учурда эле чыгып кетишкен. Алардын иштеген мекемелерин жана турак жайларын тинтүү учурунда курал-жарактар жана ок дарылар табылган.

Укук коргоочу Изаттулла Рахматтуллаев Оштогу өзбек тектүү жарандардын көпчүлүгү араздашуунун чыгышына аттары аталган экс-депутаттардын тиешеси болгон деп айыптап жатышкандыгын белгиледи:

- Өзбек коомчулугунда болуп өткөн окуяларга себепчи катары Кадыржан Батыров менен Иномжан Абдрасуловдун аттары көп аталып, алардын коогалаңга өтө чоң салымы бар деп эсептейт. Өзбек коомчулугунда азыр ушундай эки элди кагылыштырууга алып келгендерди бийлик таап, камап, катуу жазага тартсын деген талаптар айтылып жатат. Айрыкча башкасынан да негизги баштоочулар катары К. Батыров менен И. Абдрасуловду айтышып жатышат.

Буга чейин Ош, Жалал-Абад жана Базар-Коргон аймактарындагы чагымчыл аракеттерди жана кагылышууларды уюштурууга, аткаруучу катары түздөн-түз тиешеси бар деп шектелген, үч жүзгө жакын адам кармалып, камакка алынган. Булардын көпчүлүгү этникалык касташууну жайылтуу, башаламандыктарды жана кагылышууларды уюштуруу беренелеринин негизинде айыпталышууда.

Азимбек Бекназаров чатакташкан экинчи тарапты козутууда бакиевчил күчтөрдүн орду чоң болгондугун айтып өттү:

- Санжар Бакиевдин элдин ичинде ачык чагымчылдык кылгандыгы бар. Мындан сырткары Бакиевдердин чөйрөсүнө аралашкан топтор да болгон. Алардын көпчүлүгү негизинен аткаруучулар. Жаңжалдын башаты катары Бакиевдердин Тейиттеги үйүнүн Кадыржан Батыровдор тарабынан өрттөлүшү болуп, ошол учкундан жалбырттап отуруп өрт чыгып кетпедиби.

Коогалаңдын кесепетинен расмий эсепке ылайык, үч жүздөн ашуун адам көз жумуп, эки миңге жакын адам жараат алган. Бирок президент Роза Отунбаева түштүккө сапары маалында набыт болгондордун саны мындан бир кыйла ашык болушу мүмкүн экендигин айткан.

Мындан сырткары Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Базар-Коргон районунда келтирилген материалдык зыяндын өлчөмү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча 3 миллиард 265 миллион сомду түзгөн.

Июнь айындагы Ош жана Жалал-Абад окуяларынын масштабынын чоңдугу алардын келип чыгуу себептеринин жана кесепеттеринин жыйынтыктарын чыгарууда кыйынчылыктарды жаратууда. Азимбек Бекназаров кылмыш иштеринин көлөмүнүн чоңдугу тергөө өндүрүшүнө таасир этип жаткандыгын белгиледи.

XS
SM
MD
LG