Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:32

Апаатта набыт болгон үй-бүлө мүчөлөрү Ноокенде жерге берилди


Ноокенде маркумдарды акыркы сапарга узатуу.
Ноокенде маркумдарды акыркы сапарга узатуу.

Чүйдө учак кырсыгында набыт болгон бир үй-бүлө Ноокен районундагы Курулуш айылында бүгүн жерге берилди. 24 жаштагы Венера Дүйшеева жана 6 жана 4 жаштагы балдары акыркы сапарга узатылды. Келиндин жакындары ал кош бойлуу экенин билдиришти. Күйөөсү денесинин жарымы күйүп, реанимацияда жатат.

Бул үй-бүлө Бишкекте иштеп акча табуу үчүн бир ай мурун айылдан келген.

16-январда "Манас" аба бекетинин жанындагы Дача айылына «Боинг 747-400» кулап, акыркы расмий маалыматтар боюнча 37 адам набыт болду. Алардын төртөө экипаж мүчөлөрү, калгандар жайкын тургундар. Каза тапкан кыргызстандыктардын баарынын тек-жайы аныкталды.

Учак Гонконг-Стамбул багытында учуп баратып, “Манас” эл аралык аэропортуна май куюу үчүн конуп жатканда кырсыкка кабылган. (RsK\SE)

XS
SM
MD
LG