Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:44

Кыргыз укук коргоочулары коргоого муктаж деген мазмундагы ачык кат менен Брюссель шаарында жайгашкан «Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк» уюму ушул таптагы Евробиримдиктин төрагасы Бельгия өкмөтүнө кайрылды. Ал арада “Жарандык коом коррупцияга каршы” укук коргоо борборунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн коопсуздугуна коркунуч болгон үчүн өлкөдөн сыртка убактылуу чыгып кеткенин “Азаттыкка” өзү ырастады. Мына ушул окуялардын тегерегинде жаш укук коргочу Назгул Турдубеков “А+ка” ой бөлүштү.

- Укук коргоочу Төлөйкан Исмаилованын өмүрүнө кимдер коркунуч туудурушу мүмкүн?

- Негизи Төлөйкан эже ар дайым курч маалыматтарды чогултуп, элдин укугун коргогонго аракет кылчу. Мына Ошто өзүнчө иликтөө салган. Биз угуп калдык, Төлөйкан Исамилованы жана Азиза Абдирасулованын укук коргоо органдары чыкырып суракка алышкан. Андан кийн дагы Төлөйкан эжеге бирөөлөр чыгып коркутканы тууралуу маалымат алдык. Азыр тынчсыздануудабыз. Ким коркутканын, эмне себептен коркутанын билгибиз келип атат.

- "Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк" уюму “кыргыз укук коргоочулары коргоого муктаж мазмунунда билдирүүтаратаары менен бул окуянын орун алышын кандай түшүнсөк болот? Жөн эле дал келүү болуп атабы же кандай?

- Бул бир эле жолу болбой эле да. Системага айланып кетти го. Мисалы, бүгүнкү күнү Ош шаарында адвокаттар тергөө убагында барып жардам берели дешсе түртүп чыгарып атышат. Тергөөгө киргизбей атышат. Ош шаарында укук коргоочулардын жардамын алганга мүмкүнчүлүк жок болуп калды. Себеби аларды укук коргоо органдары коркутуп эле эшикке чыгарып коюп атышат.


- Кыргызстанда чындап укук коргоочулар коргоого муктажбы?

- Эми ушул бийлик алмашкандан кийин укук коргоо органдарынын кыймыл аракеттери мыйзам чегинен чыгып кетишти. Мисалы, Базар-Коргондо Азимжан Аскаров деген белгилүү укук коргоочунун укуктары бузулду. Ал мыйзамсыз камакка алынып, ага адвокат киргизилбей, айтоор көп тоскоолдуктар болду.

Андан тышкары, мына, Төлөйкан Асаналиевнага дагы, ал Ошто иликтөө салып жүргөндө укук коргоо органдары суракка алып ар кандай басмырлоо көрсөтүп, коркуткан учурлары да болду. Төлөйкан Асаналиевнаны Европага чыгып кеткенин өзүбүз деле жаңы эле уктук. Чындыгында аны коркутуу орун алыптыр. Бирок алар ким экендиги тууралуу азырынча маалымат бере албайбыз. Бул боюнча изилдөөлөр болсо кошумча маалыматтар берсе болот.

Бирок мен айтып кетейин азыр укук коргоочулардын тынчы кетип атат. Себеби, жаңы бийлик келип атса биринчи күндөрү эле укук коргоочулардын укуктары бузулуп атса анда жөнөкөй жарандардын укуктары кантип корголот? Роза Исаковна, бийликке жаңы эле кирди президент болуп. Биринчи ушул адам укуктарынын корголушуна көңүлүн бурбаса, адамдардын жашоосуна мындан ары кандай шарт түзө алышат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG