Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:58

М.Иманкулов: “Альфа” айыпкерлеринин тагдырын сот чечет


Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов кечээ “Альфа” бөлүгүнүн мурдагы командири, 7-апрелде элге ок аткан делип айыпталып жаткан Алмаз Жолдошалиевдин үй камагына чыгарылышы тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, мындай чечимге алар Жогорку Кеңештин алдына чыгышкан айыпталып аткан мурдагы “Альфачылардын” жакындары менен жолугушуудан соң келишкен. М.Иманкулов өз сөзүндө А.Жолдошалиев үй камагына гана которулганын, анын күнөөсү бар-жогун сот далилдеши керектигин, күнөөлөрү далилденсе 7-апрелде нааразы болгондорду атканга катышы барлардын бирөө да кутулбасын билдирди. Ошондой эле ал 7-апрелде каза болгондорду тукуруп, айрым чагымчыл күчтөр тополоң уюштурушу мүмкүн экенин, мурдагы бийликти кайра алып келүү аракеттери жасалышы ыктымалдыгын айтып, күч органдары андай аракеттерди басууга даяр турганын кошумчалады.

Эскерте кетсек, Улуттук коопсуздук кызматынын “Альфа” бөлүгүнүн мурдагы командири Алмаз Жолдошалиев менен кошо Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы 8 кызматкери айыпталууда. (IJz)

XS
SM
MD
LG