Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:13

Сузак cоту подполковниктин өлүмүн териштирүүдө


Сузак райондук соту милициянын ардагер подполковниги мыкаачылык менен өлтүрүлгөн окуяны териштирүүдө.

Милициянын ардагер подполковниги Амангелди Мырзаканов 14-июнь күнү өлтүрүлгөн. Белгисиз адамдар өмүрүн кыйгандан кийин аны унаанын дөңгөлөгүнө таңып, өрттөп ийишкен. Ош-Бишкек жолунун Сузак айлампасында өлтүрүлгөн милиционердин калган денеси кыйла убакыттан кийин Жалал-Абад калаасынын дарбазасынын тушунан табылган.

Бул кылмышка шектүү делип Сузак, Жалал-Абад аймактарынын үч тургуну кармалган. Аларга укук коргоо кызматкерин өлтүргөн, ок атуучу куралды пайдаланган, бирөөнүн мүлкүн жок кылып, кылмышты жаап-жашырган деген айып коюлган.

Бул кылмыштуу ишти карап баштаган Сузак райондук сотунун биринчи отурумунда айыптуулардын бири Рахимжан Хаитов сурак берип, ал өзүнө коюлган айыптардын бирөөсүн мойнуна алды, калгандарын четке какты. Ал корккондугунан тергөөдө күнөөнү мойнуна алууга мажбур болгонун билдирди.

Мамлекеттик айыптоочу Талант Аккозуев Р. Хаитовдун тергөө учурунда кыйноого туш болгондугу тууралуу эч бир уюмга кайрылбаганын белгилеп, анын күнөөсү тергөөдө дээрлик далилденгенин билдирди. Анын жүйөсүндө эгер мурда билбеген-көрбөгөн болсо, Р. Хаитов набыт болгон милиционерди кимдер уруп-тепкилеп, ага ким ок атканын, сөөгүн кимдер сүйрөп, кайсы жерге көмгөнүн көрсөтө алмак эмес, Жалал-Абад МАИси менен дүкөндөрдү өзү өрттөгөнүн, тополоңдо жүргөн адамдар колунда автомат жана башка кандай курал-жарак кармаганын айтпайт болчу. Айыпкердин массалык тартипсиздиктер менен улуттар аралык касташууга тиешелүү экенин далилдеген видеотасма да бар.

Экинчи бир соттолуучу Равшанбек Ганиевдин атасы Хасанбай Ганиев уулунун кылмыштуу окуяларга катышпаганын айтып, соттон актап чыгууну суранууда.

  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG