Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:13

Майда жаңжалбы, мамлекет аралык жаңжалбы?


Мельникоффдун Бишкектеги көркөм сүрөт музейинде боло турган көргөзмөсүнүн жарыясын сыйрып алып жатышат.

Мельникоффдун Бишкектеги көркөм сүрөт музейинде боло турган көргөзмөсүнүн жарыясын сыйрып алып жатышат.

Америкалык сүрөтчү Сергей Мельникоффдун Кыргызстанда өтө турган көргөзмөсүнөн чыккан жаңжалдуу окуя “Азаттыктын” Бишкектеги студиясында талкууга алынды.


Талкууга катышкандар:



Токтогул Какчекеев,
саясат таануучу







Эмил Үмөталиев,

ишкер Кыргызконцепт

ишканасынын президенти





Кубан Абдымен,

саясат талдоочу





“Азаттык”:
- Сергей Мельникоффдун Бишкекте боло турган сүрөт көргөзмөсүн байланыштуу чыккан жаңжал тууралуу маалымат биздин электрондук баракчада жана башка сайттарда пайда болору менен окурмандардын кызуу пикирлерин жаратты. Көпчүлүгү сүрөт искусствосу менен саясатты байланыштыруунун кереги жок эле деп, Маданият агенттигинин башчысынын кызматтан алынышын кыргыз бийлигинин Орусияга жагынуусу деп эсептеп жатышат. Ушул боюнча сиздердин пикириңиздер кандай?

Т.Какчекеев: - Мен мисалга Мельникофф Кыргызстанда он жылдан бери сүрөт тартып, китеп чыгарганы жөнүндө баяндаманы уктум. Бирок азыркы болуп аткан окуя Султан Раевге барып такалып атат. Ошол эле маалда Жогорку Кеңештеги жана Социал-демократтар партияларынын жарыяларын да уктук.

Мен ойлойм, мунун баары тең орус мамлекетине жагалдануу эмес, бул кандайдыр биздин кызматкерлердин өзүнүн кыраакылыгын көрсөткөндөй болуп атат. Эгерде Мельникофф кыргыз мамлекети менен же АУЦА университети менен биргелешип контракт түзгөн болсо, бул коммерциялык иш, бул саясат эмес. Мельникофф Орусияны жакшы көрөбү, жаман көрөбү, ал өз иши.

“Азаттык”: - Эмил мырза, сизди ишкер катары эле эмес, искусствону түшүнүп баалаган киши катары да билебиз. Сиз кандай ойлойсуз?

Э.Үмөталиев: - Бул жерде эгерде тереңирээк изилдесек саясаттан дагы, искусстводон дагы мурун ишкерлик жүргүзүү максатында бул киши кандай күчтөрдү пайдаланды, ошого көңүл бурушубуз керек. Мен биринчи иретте бул киши менен мурдатан мамиле түзүп, кабарлашып, жолугушуп жүргөн кишилерди бир сыйра сурап чыктым, өзүм да бул кишини көргөм мурда.

Бул киши көп кишилердин ишеничин туудурбайт. Кылган иштери чындыгында артынан кандайдыр бир жакшылык алып келе элек көпчүлүк адамдарга. Же болбосо ийгиликтүү узакка иштеген ишкерлиги жок. Кыргызстанда жана бирөөгө пайдасын келтирген иштери деле көрүнбөйт көзгө.

Бирок жолуккан адамдардын белгилеп кеткен бир сөзү бар: бул адам кандайдыр бир кызык мүнөздө жүргөн адам дешет. Кылыктары, сүйлөшкөн маданияты бул адекваттуу эмес кээде. Ошондуктан туруктуу ишкерлик мамиле түзүш абдан оор бул адам менен. Же болбосо көпчүлүк учурда зыяны тиет же кереги жок деген пикирлер бар.

Андан тышкары, бул адам көпчүлүк учурда амбициясы аркылуу пайда көргөнгө аракет кылат. Ошон үчүн ар бир адам бул адамдын тарыхын, артындагы болгон иштерин, иштеринин үзүрүн, репутациясын, аброюн түшүнгөнгө, же билип алганга аракет кылыш керек. Бизнестен ар бир ишиндегидей эле сактык менен жасаганга туура келет, же болбосо мүмкүн кереги жок. Өзгөчө коомчулуктун атынан, өзгөчө мамлекеттин атынан.

“Азаттык”: - Журналист жана саясат талдоочу Кубан Абдымен сөзгө кошулду. Айтыңызчы , азыр эле Эмил мырза айтып кеткен маалыматтарды биздин өкмөттүн мүчөлөрү сүрөтчү менен сүрөт көргөзмөсүн уюштуруусун кантип байкабай калышты деген дагы суроо туулат. Жаңылышпасам бул сүрөтчү С.Мельникофф журналист коомчулугуна кеңири таанымал киши. 2002-жылкы Аксы окуясынын тушундагы кырдаалга карата берген баасын эске салып кетип жатам. Сиз ошол мезгилдерде С.Мельниковдон кабардар болсоңуз керек эле?

К.Абдымен: - Туура. Мен С.Мельникофф Кыргызстанга келгенде Аксы окуясына байланыштуу чоң чатакка кабылганы абдан эсте калган. Ошондо ал сүрөтчү катары Кыргызстанды сүрөткө тартып, анан дүйнөгө чоң календарь аркылуу эң эле белгилүү адамдарга белек катары тартуулап, тааныштырам дегендей максат менен келген экен.

Ошондо Аксы окуясына байланышту Бишкек-Ош жолу пикетке алынып, бүтөлгөндө, ал киши дагы кезек күткөндөрдүн арасында туруп чоң чатак болгон. Ошол кездеги эле аябай провокациялуу кадамдарга баргандагысы эске келип атат азыр.

“Азаттык”: - Бүгүн эле “Азаттыкка” келип С.Мельникофф өзү айтып кетти, менин сүрөт көргөзмөм Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиевдин түздөн-түз тапшырмасы менен жана анын кеңешчисинин чакыруусу менен болгон деп. Мындан тышкары бул көргөзмөнү уюштурууга Азияунверсалбанкынын Кайрымдуулук фонду демөөрчүлүк кылганы дагы белгилүү болду. Аталган банк болсо президенттин уулу жетектеген Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация борборунун өнөктөшү болуп эсептелет. Ушундан улам ой туулат да, көргөзмөнү уюштуруу демилгесинин башында жогорку бийлик өзү эле турат, бирок кечээки депутаттардын, же болбосо ага чейинки Социал-демократ депутаттардын каршылыгын жараткан Орусияга каршы сүйлөгөн сөздөрүн бийлик адамдары билген эмес окшойт. Сиз кандай ойлойсуз Токтогул мырза?

Т.Какчекеев: - Баары тең эле бүгүнкү күндө Орусияга адвокат болуп, Орусиянын аброюн сактап, Орусия жөнүндө көп сүйлөгөндөй болуп атат. Бирок Орусия биздин ошондой мамилебизди жактырабы же жактырбайбы, муну ким баалап, ким жооп берет деген ойдомун.

Бирок Мельникоффду Кыргызстанга келип, биздин ички өнүгүү жолунда турган туризмге, биздин мамлекет башчысына жана калгандарына жакын жолоп алгандыгы бул өзүнчө суроо туудурат. Ошондуктан бизде кыргыз элинде айтат, кыраакылык керек, сактыкта кордук жок деп.

Мына бүгүнкү күндө биз кандайдыр бир кызык адамды, азыр айтып кетишпедиби, жүргөн-турганы кызык, эс жагынан кандайдыр бир күмөндөр кылган адам деп. Мен ойлойм, биздин өзүбүздүн күнөөбүз, өзүбүз ылгабагандыгыбыз бүгүнкү күндө ушундай маселени туудуруп атат деп айтсак болот.

Анткени коюн-колтукка кирип алып, китепти чыгарып, киши киргизбеген жерге барып кирип, тартып, дүйнөгө жаңжалды чыгарган адам, азыр өзүңүз айткандай, ошол эле маалда Азияуниверсалбанктын ишенимине татыктуу болуп, анан мындай ишти айтып атканы.

Эми Мельникоффдун орустарды жек көргөндүгү бул орустарга деле маалым. Бул он жылдан бери белгилүү нерсе. Анан эле бүгүнкү күндө чыр-чатака айлантып жибериш, анан ошого байланыштырып Султан Раевди, биздин көрүнүктүү драматургду иштен алып салыш бул чекилик иш деп эсептейм.

“Азаттык”: - Эмил мырза, сиздин пикириңиз, ушул көргөзмө менен бийликтин ортосундагы байланыш боюнча?

Э.Үмөталиев: - Азырынча маалыматыбыз азыраак. Бүгүн мен эки гана маселе менен чектелет элем. Кимдин акчасы короп атат? Эгерде менчик акча короп атса, анда бул короткон кишинин, же ишкананын, же уюмдун өз жеке иши жана өз аброю элдин да, коомчулуктун да астында.

Эгерде бул акча же болбосо кандайдыр бир мамлекеттин, өлкөнүн ресурстары короп атса, анда биз көбүрөк көңүл бурушубуз керек дагы, анда көзөмөл кылышыбыз керек. Кандайча бул пайда келтирет жана зыяны пайдасынан да көбөйүп кетеби деп.

Ошон үчүн изилдөөнү кимдин акчасы короп атат дегенден баштаганыбыз оң. Андан кийин жыйынтыктарды чачыратып жибербей, ар кайсы маселеге аша чаап кетпей, ошондон баштаганыбыз оң болот го.

“Азаттык”: - Кубан мырза, сизге мындай суроо, биз Кыргызстан тышкы байланышты көп багыттуу деп айтып жүрбөйбүзбү. Кечээ айрым пикирлер боюнча Орусияга жагынуу иретинде кыргыз бийлиги мамлекеттик маданият агенттининин жетекчисин садага чаптык деп айталы, ал эми ушул эле учурда кыргыз-америка мамилеси кандай болот?

К.Абдымен: - Менин жеке оюмда, бул жерде Султан Раевдин жумуштан алынышын Кыргызстандын Орусияга болгон көз карашынын түз экенин далилдеген кадам катары кабыл албаш керек. Бул жерде Маданият агенттигинин акыркы убактардагы кылып аткан иштеринде көп катачылык кеткендигине байланыштуу деп кабыл алыш керек. Бул жерде Мельникоффдун окуясы көптөн бери чогулуп аткан ишке бир тамчынын таасириндей эле болгон иш. Анткени Кыргыз-Орус мамилеси бир Мельниковго окшогон адамдардын позициясына жараша болбош керек.

“Азаттык”: - Демек, АКШ менен Кыргызстандын мамилесине эч кандай шек кетиши мүмкүн эмес?

К.Абдымен: - Ал эми АКШ менен Кыргызстандын мамилесине Мельниковдун кенедей да таасири болбойт. Анткени Мельниковду америкалыктардын арасынан тааныса аттуу-баштуу 10-15 киши таанышы мүмкүн, калгандарына Мельникофф деген фамилия дээрлик тааныш эмес. Ошондуктан Кыргыз-Америка мамилеси Мельниковдун айынан начарлап кетет деген түшүнүк туура эмес.

“Азаттык”: - Жаңы эле С.Мельников өзү бизге айтты, мына азыр сүрөт көргөзмөнү уюштурууга кыргыз өкмөтүнүн 100 миң доллар акчасы корогон деп. Мына ушунча акчаны коротуп тартылган сүрөттөрдү мүмкүн элге көрсөтүп эле, тааныштырып койсок болбойт беле. Жок дегенде искусство менен саясатты ушул жерде аралаштырбай деп?

Т.Какчекеев: - Ушул Мельников менен 100 миң долларга келишим түзүп, сүрөт көргөзмөсүн көрсөтөм деген өкмөт өкүлдөрүнөн сураш керек эле, Султан Раевди сурабай. Анткени эгерде Мельников менен С.Раев же анын орун басарлары ушундай келишимге келсе, анда бир кеп эле. Ошондуктан бүгүнкү күндө С.Раев өкмөттүн тапшырмасын аткарган жолдо турган да. Ал анткени баш ийип турган мекеме. Баш ийгендиктен иш жасап, ошол жолго баргандыгы бул азыр анык болуп атат. Ошондуктан мен айтат элем, өкмөттөгү, же кандайдыр бир андан жогору турган ушундай ишке жеңил көз караш менен барбаш керек деген ой чыгып атат.

“Азаттык”: - Эмил мырза, сиздин пикириңиз?

Э.Үмөталиев: - Мен бул маселени өкмөт өзү изилдеп, анан чындыгында эле депутаттар эгерде өкмөттүн ишине көзөмөл кылып атса, ошол депутаттар көңүл бурушун каалайт элем. Биздин коомчулук катары бул жерде кандайдыр бир изилдей турган, терең карай турган себебибиз азырынча азыраак.

К.Абдымен: - Менин жеке пикиримде, бул мамлекеттин ишинин эң эле төмөн деңгээлге түшүп кеткендегисинин белгиси. Эгерде жакшылап карап көрсөк, бул бир эле Маданият агенттигинин кемчилиги эмес, бул Кыргызстандагы мамлекеттик министрликтердин, агенттик, ведомстволордун ишиндеги чоң кемчиликтердин баардыгын көрсөтүп турат.

“Азаттык”: Биздин акыркы маалыматтар боюнча, сүрөт көргөзмөнүн тагдыры боюнча азыр атайын комиссия иштеп жатат. Мамлекеттик тарых музейинин директору, сүрөтчү Юристанбек Шыгаевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча азырынча комиссия бир чечим кабыл ала элек.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG