Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:38

СДП адегенде бийликти алгысы келет


СДПнын парламенттеги белдүү мүчөлөрү Роза Отунбаева менен Бакыт Бешимов

СДПнын парламенттеги белдүү мүчөлөрү Роза Отунбаева менен Бакыт Бешимов

Социал-демократтар бириккен оппозиция биринчи кезекте 2010-жылкы президенттик шайлоого камылгаларды жүргүзүшү керек деп жатат. СДПнын парламенттеги фракциясы 4-ноябрда ушундай билдирүү менен чыкты.

Социал-демократтар фракциясы бириккен оппозиция колдоп жаткан концепцияны ийине жектире иштеп, көз караштарды тактоо зарыл деп эсептөөдө. Бүгүн маалымат жыйынын уюштурган фракциячы депутаттар маселенин ушул өңүтүнө басым жасашты. Бул мамлекеттик башкаруу системасын алмаштыруунун механизмдерин аныктоо зарылдыгы менен байланыштырылды. Башка оппозициялык күчтөрдөн айырмаланып Социал-демократтар башкаруу системасын президенттик шайлоодо жеңишке жетүү аркылуу ишке ашырууну жактап, муну цивилизациялуу жол деп санайт. Фракция жетекчиси Бакыт Бешимов пикиринде азыркы президент Курманбек Бакиев үчүн беш жылдык мөөнөт жетиштүү, ошондуктан, оппозиция алды менен жаңы лидерди аныктап алып, андан кийин жаңы концепциянын негизинде саясий системаны өзгөртүү керек.

Бешимовдун мындай көз карашын маалымат жыйынында Роза Отунбаева да толуктады:

- Абдан цивилизациялык жол менен бийликти өзгөртүүгө аракет жасайбыз. Бийликти өзгөртүү дегенибиз – 2010-жылкы шайлоо. Ошого чейин убакыт бар.

Отунбаеванын көз карашында 2005-жылкы ыңкылап кетирген катачылыкка бириккен жаңы оппозиция жол бербеши үчүн шашпай, аракеттерди салмактап туруп ишке ашыруу керек.

Анткен менен азыркы бийлик коррупциянын, үй-бүлөлүк башкаруунун туткунуна кабылды деп, мындай башкаруу системасын алмаштырууну каалагандардын башка бөлүгүнүн сунуштары кескин айырмаланууда. Маселен, бириккен оппозициянын меморандумуна кол коюуну каалабаган Элдик революциялык кыймыл президентти мөөнөтүнөн мурда кызматынан кетирип, дароо убактылуу өкмөт түзүүнү жактайт. СДП менен тилектеш “Акыйкат үчүн” кыймылындагы бир катар таасирдүү партиялар болсо парламентти таратууну көздөөдө. Бул тууралуу “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев буларды айтты:

- Биз концепцияда жаздык. Ошол жазылган иш чараларды ишке ашырышыбыз керек. Анда эң негизгиси – мыйзамсыз отурган Жогорку Кеңешти таратуу керек.

Социал-демократтар өз өнөктөштөрүнүн мындай демилгесин жакташкан жери жок. “Эгер ишти ушу кадамдан баштасак ийгиликке жете албайбыз” деди Бешимов.

Саясат таануучу Табылды Акеровдун баамында мындай көрүнүштөрдүн бардыгы биринчи кезекте оппозициялык күчтөрдүн келерки президенттик шайлоого камылгаларды баштагандыгынын айкын далили. Бирок, кандай болгон шартта да бириккен оппозиция бир талапкер алып чыгары күмөн дейт:

- Кыйын. Себеби, Социал-демократтар өз талапкерин алып чыгышы, “Ата мекен” Текебаевди алып чыгышы ыктымал. Башка саясий күчтөр дагы сөзсүз өз талапкерлерин алып чыгышат.

Оппозиция президенттик шайлоого бир нече талапкер алып чыгуу ыктымалдыгын Роза Отунбаева да жокко чыгарбайт. Ошол эле кезде оппозиция жалпы максаттар үчүн көз караштарды мүмкүн болушунча жакындатуу дымагы күч дейт саясатчы. Бешимовдун билдиргенине караганда, кандай болгон шартта да меморандумга кол койгондон тартып Социал-демократтар фракциясы бириккен оппозициянын парламенттеги өкүлдөру жана үнү болуп калды.

3-ноябрда оппозициялык саясий күчтөр, жарандык уюмдар, саясий коомдук ишмерлер, оппозициялык гезиттер башкаруу системасын өзгөртүүгө тилектештигин билдирген меморандумга кол коюшкан. Оппозициянын биригүү аракеттерине карата расмий бийлик өз оюн айткан жери жок. Бийликке ыктаган саясатчылар болсо оппозициянын билдирүүлөрүн суу кечпеген демилге катары сынга алып жатышат.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG