Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:17

Нан болсо ыр болот, бирок кымбатыраак


Бишкектин Ош базарындагы ун баалары, 2-сентябрь, 2010-жыл.
Бишкектин Ош базарындагы ун баалары, 2-сентябрь, 2010-жыл.

Күз келгени ун баасы кымбаттап, өкмөт аны жөндөө аракетине киришти. Антимонополдук комитет кызматкерлери ун тартуучу ири тегирмендердин ишин текшерип, кандай да болсо бааны төмөндөтүү талабын коюшуда.

Анткен менен ири компаниялар ун уламдан-улам кымбаттап баратканын белгилеп, өкмөттүн аракети базар баасынын башаламандыгына гана алып келерин айтышууда.

Базарга барсаң - багыңан көр

Буудай уну жогорку, биринчи, экинчи сортторуна жараша килограммы 5 сомдон 8 сомго чейин кымбаттаганын Бишкектеги сатуучулар ырасташат.
Бишкектин Ош базарындагы ун саткан жер, 2-сентябрь, 2010

- Бизге түз эле базарга алып келчү ун жок. Бул жердеги дүңүнөн сатып алуучулар фирмадан алышат. Фирма кымбат берип атабы биз да кымбат сатабыз. 1 – 2 эле сом кошобуз. Ошондо арзандайбы-кымбаттайбы - бизге баары бир. Анан элдер болсо бизди жаман көрүп атат, силер кымбаттатып атасыңар деп. Келип урушуп кетишет. А негизи бизде эмес да күнөө, туурабы?- дейт “Ош” базарында ун саткан Асел аттуу айым.

Ошентип биринчи сорттогу бир кап ундун баасы 1000 сомдон жогору болууда. Ал эми базарда анын килосу 23 – 25 сомдон, ал эми сорту жогорулары 28 – 30 сомго чыгууда.

- Такай эле 23 сомдон алчумун. Азыр ун кымбаттап кетти,- дейт дагы бир кардар базардагы кыркалекей бааларды көрүп. Ун баасы кымбаттаганы аны сатып алуучулар катары азайып кеткенин дүң соода дүкөндүн сатуучусу Жеңиш да ырастайт.

- Азайды. Өтпөй калды.

Кышка жетерлик кымбатбаа буудай топтолбосо абал кыйын

Кыргызстандын буудай, ун базарындагы ири ишканалардын бири “Акун” фирмасы. Анын президенти Чыныбай Турсунбеков жакында эле коңшу Казакстан ишкерлери менен тоннасын 245 доллардан 10 миң тонна будай сатып алуу жөнүндө келишим түзгөнүн айтат. Анын ырасташынча, коңшулар кийинки бааны 265 доллардан сунушташууда.
Бишкектин Ош базарындагы ун баалары, 2-сентябрь, 2010

- Эми Казакстан дагы жакынкы бир же эки ай ичинде тыюу салышы ыктымал. Ошон үчүн Кыргызстандын Антимонополдук комитети эмне деп дердеңдебесин, акыры келип ушул бааларга, кымбаттаган бааларга айла жок көнөбүз. Андан көрөк азыр биз эртерээк жанталашып запас алып алышыбыз керек. Ошон үчүн бизге бут тоспосун! Баалардын өскөнүнө айла жок макул болушубуз керек. Анткени биз буудайларды кымбатбаа менен көбүрөөк алып албасак, кыштан кийин унсуз калабыз. Ушуну азыр ойлонушубуз керек.

Ал эми өкмөт алдындагы Антимонополдук комитет жетекчиси Бабырбек Жээнбеков ири компаниялар жекече кирешелерин көбөйтүш үчүн ундун баасын опсуз кымбаттатып жатышат деген пикирде. Монополияга каршы кызмат жетекчиси антип айтып эле тим болбой, ушу тапта кызматкерлерин ун тартып чыгаруучу тегирмендерге жөнөтүп, продукциянын өздүк кошумча наркынын ортосундагы айырманы тактоо аракетине киришүүдө.
Бишкектин Ош базарындагы ун баалары, 2-сентябрь, 2010

- Ундун баасынын кымбаттаганын текшерип көрөлү деген ой менен текшерүү жүргүзүп баштадык. Бүгүнкү күндө биздеги кызматкерлердин жетишсиздигинен ар бир ун чыгаруучу комбинатта бирден кызматкер текшерүү жүргүзүп жатат. Анан кийин жетишпегендерин биз кезекке коюп койдук. Ошондуктан эмки жуманын шейшемби, шаршемби күндөрү ушул текшерүүнүн жыйынтыктары бүтөт го деп турабыз. Эгер жыйынтык бүтсө бизге түзүлүп аткан кырдаал түшүнүктүү болот.

Кыргызстандын буудай азыктарына керектөөсү 1 миллион ашуун тоннаны түзөт. Кызыл дан түшүмү мыкты болгон жылдары деле өлкө өзгөчө сорт будайдын 200 – 300 миң тоннасын коңшу Казакстандан, ары турган Орусия, Украинадан сатып алат. Быйыл республика дыйкандары 800 миң тонна кызыл дан жыйнап алышы мүмкүн экендиги маалымдалууда. Калган буудай коңшулардан алынышы керек. Бирок да Орусия менен Украина өкмөттөрү буудайын сыртка чыгарбоо жөнүндө чечим кабыл алышып, Казакстан буудай баасын көтөрүүдө. Мындан келди ундун кымбаттап кетиши ириде жалаң нан-чай менен отурган колу жука калк үчүн социалдык оорчулуктарды алып келери турулуу иш. Өкмөт болсо ун баасын эмнеликтен көтөрүлүп кеткенин иликтеп, мыйзам чегинде андайга жол бербөө арактеин көрүүдө. Андан кандай натыйжа чыгары азырынча белгисиз. Базарда болсо ун кымбаттап баратат.

XS
SM
MD
LG