Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:27

Террорчулукту ооздуктоо аракети башталды


Бишкектеги спорт сарайынын жанындагы жардыруу коомчулукту кыйла сестентип койду, 30-ноябрь, 2010.
Бишкектеги спорт сарайынын жанындагы жардыруу коомчулукту кыйла сестентип койду, 30-ноябрь, 2010.

Кыргызстанда террорчулукка каршы күрөшүүнүн адисдештирилген системасы түзүлгөн эмес.

Мына ошол өксүктү толуктоо жана учурдагы коркунучтардын алдын алуу максатында террорчулукка каршы туруу борборун түзүү жана чек ара коопсуздугун бекемдөө боюнча чечим кабыл алынды.

Чукул чаралар

Мамлекет башчысы Роза Отунбаева күч түзүмдөрүнүн жана атайын кызматтын жетекчилери менен болгон жолугушууда террорчулукка жана экстремизмге каршы туруу боюнча иш-чаралардын программасын иштеп чыгууну тапшырды. Ага ылайык улуттук коопсуздук кызматынын алдында терроризмге каршы күрөшүү борборун түзүү жана ички иштер органдарындагы мурда жоюлуп кеткен бөлүмдөрдү кайрадан калыбына келтирүү чечими бекитилди. Буга өлкөдөгү терроризмге байланышкан көрүнүштөрдүн орун алгандыгы себепчи болгон.
Мирослав Ниязов

Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязов учурда Кыргызстанда терроризмдин жана улутчул-экстремизмдин тамырлашына өбөлгө түзгөн кооптуу жагдайлар пайда болгондугуна токтолду:

- Биз мурда сыналгыдан көрүп жүргөн Тажикстандагы, Кавказдагы, Орусиядагы террорчулук аракеттери мына азыр Кыргызстанда жүз бере баштады. Буга кайдыгер көз караш менен кароого болбойт. Муну менен өз учурунда натыйжалуу күрөшүш керек. Террорчулук пайда болушуна бизде өбөлгөлөр пайда болду. Бул ошол эле бийликтин алсыздыгы жана өткөн коогалаң окуялардын кесепети. Июндагы окуя Кыргызстандагы тынчылыкка кызыкдар эмес күчтөрдүн бар экендигин тастыктап койду.

Идеологиялык чабуулбу ?

Ошону менен катар талдоочулар Кыргызстандагы туруксуздукка кызыкдар күчтөр июнь айындагы этникалык кагылышуунун кесепеттерин пайдалануу менен адамдардын аң-сезимине таасир этүүнү көздөп жаткан учурларды байкашкан. Айрыкча интернет сайттары жана форумдар аркылуу түз жана кыйыр түрдө чатакташкан тараптардын бирин тукуруу аракеттери катталган.

Спорт сарайынын жанындагы жардыруу, Бишкек, 30-ноябрь.
Талдоочу Нуржигит Кадырбеков экстремисттик күчтөр аң-сезимге тез таасир этүүчү чагымчыл каражаттар аркылуу болочоктогу жанкечтилерди идеологиялык азыктандырууну көздөп жаткандыгын белгиледи:

- Кыргызстандагы жалпы абалга, Ош, Жалал-Абад окуяларына баа берүүгө болгон тымызын күчтөрдүн аракеттери Кыргызстандын коопсуздугуна коркунуч туудурат. Бул темага байланыштуу канчалаган козуткан чагымчыл ырлар жарыяланып жатат. Бул кубаттуу аспап ар кайсыл маалымат технологиясынын жардамы менен интернет аркылуу таркатылып жатат. Эртедир-кечтир мунун натыйжасы жаман болуп калышы мүмкүн. Мына ошолорду кайсыл бир адамдар угуп, көрүп, окуп жатышат. Таасирленип жатышат, ошондон бир бүтүмгө келип атышат. Аягы барып кандайдыр бир аракеттерди жасоого ниетин буруп коюшу мүмкүн.

Калкалай албаган “Калкандардан” пайда барбы?

Эгемендикке жетишкен жыйырма жылдын аралыгында Кыргызстанда терроризмге каршы күрөшүү боюнча бир катар мыйзам жана укуктук ченемдер кабыл алынган. Ага ылайык буга чейин эле “Калкан” жана “Альфа” деген сыяктуу террорчулукка каршы күрөшүү борборлору түзүлгөн. Бирок талдоочулардын айтымында аталган борборлор өздөрүнүн тикелей милдеттерин эмес, саясий каршылаштарды аңдуу үчүн колдонулуп келген. Натыйжада тышкы чалгын жана контр чалгындоо иштери көңүл сыртында калып, аягы барып аталган түзүмдөр жоюлуп кеткен.

Террорчулукка каршы туруу системасынын калыптанбай калышын мурдагы чекист Алишер Абдымомунов анын мамлекетти коргоого эмес, жеке кызыкчылыктар үчүн багытталгандыгынан көрөт:
Террорчулукка каршы машыгуу, Ысык-Көл, 2007-жылдын 30-майы.

- “Калкан” менен “Альфа” тиешелүү органдын белгилүү бир максаттарын ишке ашыруу үчүн ошол кызматтын айланасындагы милдеттерди аткаруу үчүн эле түзүлгөн. Террорчулукка каршы күрөшүүгө чыйыр сала турган тажрыйба топтогудай иш-аракеттер менен алектенишкен эмес. Алардын милдеттери жана максаттары аябагандай эле тар жана жупуну болгон. Ошол эле учурда аны түзгөн адамдардын жеке кызыкчылыктарын жана алардын башкаларга карата басым көрсөтүүсүн ишке ашыруу үчүн гана түзүлгөн. Мына ошонун аягы барып бизде адистешкен антитеррористтик системанын түзүлбөй калышына алып келген.

Кадыры кеткен кадрлар...

Ошол эле учурда коопсуздук кызматынын ардагерлери тармактагы кадр тандоо боюнча мурда калыптанган тартиптин бузулгандыгын белгилешет. Колу ийрисине тарткан мамиле атайын кызматтарды да кыйгап өтпөгөндүгүн айткан чекисттер тармактагы тааныш-билиш, тага-жээн саясаты кендирди кесип келгендигине тынчсызданышат. Мындай шартта жаңыдан түзүлө турган террорчулукка каршы күрөшүү борборунун натыйжа беришинен күмөн санагандар аз эмес.

Мирослав Ниязов буга тажрыйбалуу, кесипкөй адистердин көпчүлүгү коопсуздук тармагынан кетип калышкандыгын мисал келтирди:

- Мына бул эгемендикти алгандан бери коопсуздук кызматын бир дагы кесипкөй чекист жетектей элек. Ага милициядан, бажыдан же болбосо коопсуздукка эч кандай тиешеси жок эле жактардан келип иштеп жатышты. Өткөн он-он беш жылдын ичинде көп тажрыйбалуу адистер тармактагы абалды көрүп иренжигендиктен кетип калышты. Бүгүнкү жагдайга карата тиешелүү чечим кабыл алып, жооп бере турган чыныгы кесипкөйлөр аталган тармакта калган жок, тилекке каршы...

Чептин бекемдиги чек арадан башталат

Мындан сырткары президент Роза Отунбаева жыйында Кыргызстандын чек ара коопсуздугун бекемдөөнүн чараларын иштеп чыгууну талап кылды. Аларды жүзөгө ашыруу үчүн акча каражатын тез арада издеп таап, камсыздоо жагы каржы министрлигине тапшырылды. Буга чейин августь айындагы коопсуздук кеңешинин чечими менен чек ара аскерлеринин өздүк курамы беш жүз адамга көбөйтүлгөн.
кыргыз-тажик чегиндеги кыргыз чек арачылары, Баткен.

Чек ара кызматынын төрагасы Закир Тиленов коопсуздук чараларын бекемдөөдөдөгү негизги муктаждыктарды камсыздап берүү жагы өкмөткө сунушталгандыгын айтты:

- Чек ара аскер бөлүктөрүнүн инфраструктурасына көңүл буруш керек. Жаңы кошумча чек ара бекеттерин коюшубуз зарыл. Жаңы заставаларды ачып, аскер бөлүктөрүн кеңейтип, жоокерлердин жана офицерлердин санын көбөйтүшүбүз бүгүнкү күндүн олуттуу маселеси болуп калды. Ошондой эле жаңы техника, курал-жарактарды алышыбыз керек.

Жыйында терррорчулукка каршы күрөшүү борборун түзүүгө жана чек ара коопсуздугун бекемдөөгө кете турган акча каражаты 2011-жылдагы республикалык бюджетке киргизиле тургандыгы да маалымдалды.

XS
SM
MD
LG