Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:55

Кыргызстанда журналисттердин үшүн алуу күчөп баратат. Алишер Саиповдун, Алмаз Ташиевдин, Геннадий Павлюктун өлтүрүлүшү, Александр Евграфовдун токмоктолушу, таяктан оңоло элек Кубаныч Жолдошевге бирөөлөрдүн автомат окторун жөнөтүшү «төртүнчү бийликке» кысым коркунучтуу түргө өткөнүн ырастоодо.

«Азаттыктын» бүгүнкү «бетме-бет» пикир алышуусу сөз эркиндигинин абалы, адам укугунун сакталышына арналмакчы. Талкууга бейөкмөт, коммерциялык эмес уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева, «Журналист» коомдук бирикмесинин жетекчиси Марат Токоев катышат.

- Токтайым айым, билесиз ушу тапта Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалына, адам укугунун сакталышына кабатыр болгон билдирүүлөр эларалык уюмдардан жаап жатат. Зордук-зомбулуктун күчөп кетишин сиз өзүңүз да көрдүңүз. Каякка баратабыз?

Токтайым Үмөталиева: - Бул эмнени билгизет? Укуктук өлкө элек, аны жоготтук. Террорчулук күчөгөн авторитардык өлкөлөрдүн технологиялары колдонулуп жатат. Ачык айтканда, Кыргызстанда демократиянын жыты да калган жок.

- Марат мырза, Кыргызстандагы сөз эркиндигинин, адам укугунун сакталышы жаатындагы жагдайды кантип айтсак болот?

Марат Токоев: - Журналисттерге каршы зордук-зомбулуктар дүйнөдө өзү күчөп кетти. Сабалган, камалган, өлтүрүлгөн журналисттердин саны өсүп жатат. Тилекке каршы, ал эларалык уюмдарды эмес, биринчи кезекте бизди тынчсыздандырышы керек болчу. Журналисттерге кол салуу 2006-жылкы ноябрь көчө жыйындарында катталган. Биз ошондо эле күнөөлүүлөр жазага тартылышын талап кылганбыз. Бирок алардын кээ бирлери гана жазага тартылып, көпчүлүгү жоопкерчиликтен кутулуп кетишкен. Кийин апрель жыйындарында кол салуулар көбөйүп, күнөөлүүлөр жазасыз калгандан кийин элде ошондой маанай түзүлүп калды. Журналисттерди сабап, коркутуп койсо боло бере тургандыгын көрүштү. Мамлекет болсо көңүл бурбай койду. Кийин А.Саиповду атып кетишти. Анын тергөө иши аягына чыкканын, сотко ашырылганын эл Алишер Саиповдун атасы Жогорку сотко арыз менен келгенден кийин гана билип отурушат. Мындай иштерди элге айтып туруш керек эле. Журналистке катылгандар кандай жазаланарын көрсөтүп туруш зарыл. Бизге жалаң эле журналисттерди көтөрүп, сабап койсо эле кыйкырып чыгасыңар деп нааразы болгондор бар. Журналисттерди коркутуп, өлтүрүп коюудан эл да, бийлик да жабыркайт. Туура маалымат жетпеген соң бийлик туура эмес чечимдер кабыл алат. Эл туура маалымат ала албай калышат. Пикирлердин ар түрдүүлүгү коомдо болуп турушу зарыл.

- Мурда журналисттерге кысым соттордун колу менен жасалчу. Миллиондогон айыппулдар салынчу. Кийинки кездери кысым, коркутуу криминалдык жолго өттү. Мунун натыйжасы эмнеге алып барышы мүмкүн. Токтайым айым, сөз сизде.

Токтайым Үмөталиева:
- Марат мырзанын пикирине кошулуп, бирок бир жагдайды белгилеп кетким келет. Кыргызстандагы акыркы үч жылдагы кырдаалды дүйнөлүк кырдаалга салыштырып болбойт. Үч жылга жакын убакытта 30 жакын журналисттер токмоктолду, ден соолугунан ажырашты, өлтүрүлдү. Коомдогу бул маселеге кайдыгерликтен мыйзам сактоо органдарынын тең жарымына жакыны криминалдашып кетти. Алар криминалдык технологияны колдонуп жатышат. Криминал колдонгон механизмдерди пайдаланып жатышат. Ал эми мага ыдык көрсөткөн ички иштер кызматкерлерин өзүм таап, аттарын билип министрге чейин кайрылгам. Ал дагы, Бишкектин Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси дагы бул ишти карашкан жок. Анан укук коргоо органдары менчиктештирилип калган. Өздөрүнө пайда чыкчу жер болсо басып калышат. Далили барбы-жокпу, карашпайт. Менде азыр үч кылмыш иш турат. Бири А.Алиевдин өлүмүнө байланышкан иш. Ошол боюнча айыпталынып соттолгондорго чыгарылган өкүмдү окуганда чачым тик турбадыбы. Адамды өмүр бою түрмөгө кесип атат да бир далили жок, баары эле белгисиз. А.Алиевди өлтүргөн деп үч кишини камакка алып атышат. 35-40 жылга кесип атат. Адамдын тагдырын баалабаган укуктук система, адамды баалабаган сот системасы болууда. Эмне үчүн андай? Себеби өлкөдө башкаруунун механизмдери иштебей калган.

- Марат мырза, мына жакында Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы журналисттерге көрсөтүлгөн ыдыктардын тизмесин жарыя кылды. Анда отуздай иш катталган экен. Бирок көпчүлүк маалымдоо каражаттары бул толук эмес дешип, андай фактылар жетимиштен ашуун экенин белгилешүүдө. Ушулардын көбүнө укуктук баа берилбей, сотко ашырылган иштер беш манжа менен санаганга жетпей жатат. Мунун себеби эмнеде?

Марат Токоев: -
Мен да ошол тизмени окуп абдан таң калдым. Анда 2005-жылдан бери деп жүрөт. Болгону 28 иш. Биздин каттоолорубуз боюнча мындай фактылар эки жыл ичинде элүүдөн ашып кеткен болчу. Алардын айрымдары тентектик, анткен менен журналисттердин өмүрүнө кол салган аракеттер деле көп болчу. Көп журналисттер укук коргоо органдарына кайрылбайт. Алар ишенбестигин айтышат. Эгер журналисттер өздөрү кайрылбаса кылмыш иши козголбойт. Жанагы 28 иштин 5 гана сотко ашырылып, калгандары боюнча иликтөө иштери улантылып жатканы айтылат. Журналисттерге каршы жасалган кылмыштардын ачылышы башка кылмыштардын ачылышына караганда аябай эле аз бойдон калууда. Эмне үчүн андай болуп жатканын айтыш кыйын. Анын себебине кызыгып биз Ички иштер министрлигине көп кайрылдык. Бирок жооп болгон жок эле. Г.Павлюк өлтүрүлгөндөн кийин гана айрым маалыматтарды беришти.

- Токтайым айым, кийинки жылдары карабашын калкалап, чет жерден башпаанек тапкандардын катары көбөйүп баратат. Журналисттерге, саясатчыларга каршы зордук-зомбулукту токтотушка азыркы бийликтин күчү келбей жатабы же андай каалоо жокпу – түшүнүш кыйын.

Токтайым Үмөталиева: - Эгер ушул тенденция калса андайлар көбөйөт. Бул жерде журналисттердин гана ыдык көргөнү айтылып, көптөгөн укук коргоочулардын кысымга алынып, сабалганын эсептеген жокпуз. Анын айынан бейөкмөт уюмдардын иши да төмөндөп баратат. Аларга саясатка киришесиңер деп кине коюп келатышат. Анан сыртка чыгып кетүүлөрдүн көбөйүшү саясий маселеден эмес, экономикалык проблемадан чыгууда. Мыкты кадрлар кетип атат. Өз ишин мыкты билгендерди, аткаргандарды сыртка чыгарып салгандан система гана жабыркоодо. Сот, укук коргоо системасында толгон-токой проблемалар бар. Мына орто курамдагы ички иштер кызматкерлерин алып көрөлү. Көбү мыйзамды билишпейт. Бирок “алып кел, байлап келди” жакшы билишет. Ички иштерде реформа болгон жок. Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунун гранты айрым жабдууларды алууга гана жумшалып, окутуп-үйрөтүүгө кетти. Андан окуган кызматкерлердин көбү бир жылдан кийин ишсиз калышты.

- Марат мырза, саясий башпаанек издегендердин катары көбөйүп баратат. Бул дагы улана береби?

Марат Токоев: - Токтолот деп үмүттөнбөй деле койсок болот. Элдин бийликке ишеними болмоюн бир нерсе жасаш кыйын. Келечекте оңолот, деп үмүттөнүшкө деле негиз жок. Мага эки киши кайрылышты. Бирок бул өкүнүчтүү нерсе. Антип баары кете берсе Кыргызстанды ким көтөрөт?

Токтайым Үмөталиева: - Мен бираз сөз кошумчалап коеюн дедим эле. Ошол качып кеткендерди мен саясий ишмер дебейм. Мына саясий куугунтуктун айынан Аскар Акаев келе албай отурат. Келейин, элиме иштейин эле дейт. Бирок келе албайт. Элиң үчүн, жериң үчүн, демократия үчүн күрөшсөң сага чет өлкөнүн кереги деле жок. Мага, тугандарыма каршы канча иш козгоп, кысым көрсөтүштү, бирок жерим деп, элим деп жүрбөйбүзбү. Анан ушу кетип калгандардын арасында кыздар аз, жалаң эркектер. Мени угуп жаткан чет өлкөдөгү улутташтарыма келгиле, элди, жерди сактайлы деп ураан көтөргүм келет.

- Кыргызстандагы сөз эркиндиги, адам укугунун сакталышы жөнүндө пикирин сурап президенттин пресс-катчысы Алмас Турдумаматовго кайрылган элек.

Алмас Турдумаматов: - Акыркы учурда саясатчылар, бийликке оппонент болуп жүргөндөр журналисттерге болгон кол салууларды, анан акыркы учурда кесиптештерибиздин каза болуп кеткенин өзүнө кандайдыр бир саясий упай топтоого колдонуп жатканы мага такыр түшүнүксүз. Иликтөө иштери бүтө электе, иликтөө амалдары бүтө электе бул ушундай, бийликтин колу деп айтып атканы, жөнөкөй айтканда, туура эмес.

-Ырахмат! Анда эмесе кебибизди жыйынтыктасак. Келаткан Жаңы Жыл жакшылыктын жылы болсун!
XS
SM
MD
LG