Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:16

Кыргызстанда 111 миң 400 киши майып болуп эсептелет. Бул жалпы калктын 2 пайызын түзөт. Алар мамлекеттин майыптарга карата жүргүзгөн социалдык саясатына ичтери жылыбайт.

Өлкөдө мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга карата социалдык саясат өкмөттүн 2006-2010 жылдар аралыгына каралган “Майыптарды мамлекеттик колдоонун комплекстүү чаралары” аттуу программасынын негизинде ишке ашат. Ал программага ылайык өлкөдөгү майып адамдарга ай сайын атайы социалдык жөлөк пул каралган.

Бүгүнкү күнү майыптар үчүн төлөнүүчү мындай жөлөк пулдардын орточо эсеби 716 сом.

Салыштыруу ирээтинде белгилеп кетсек, Кыргызстанда керектөө куржунунун эң төмөнкү баасы - 3536 сомду түзөт. Мамлекеттин майып адамдарга көрсөткөн материалдык колдоосу керектөө куржунунун 20 % гана түзөт.

Гүлмира Казакунова Ысык-Көл дубанындагы майыптардын “Теңчилик” уюмун жетектейт. Ал өзү ай сайын 967 сомдон жөлөк пул алып турат. Гүлмира бул акча менен өп- чап гана жашоого мүмкүн дейт:

-Биз бул акчаны бир айга кантип жеткизсе болот деп изилдеп көрдүк. Бул акчага нан, анан макарон алып эле, кантсыз чай ичип жеткизсек болот экен .

Өлкөдө майыптардын 45 пайызын аялдар түзөт.

Бишкекте мүмкүнчүлүгү чектелген аялдар коомун түптөгөн Аниса Мусаева майып аялдар башкаларга караганда зомбулукка, басмырлоого эки-үч эсе көбүрөөк кабылат дейт:

-Мындай аялдар кыймылдай албай, эшикке чыга албай жакындарынан өтө көз каранды болушат. Кай бирлери жөн эле сүйлөшүп отурганга зар. Аларга карата зомбулук эмнеден чыгат? Жакырчылыктан, жокчулуктан чыгат.

Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жумуш табуу абдан оор.

Мүмкүнчүлүгү чектелген жаштар кыймылынын төрагасы Мирбек Асангариевдин айтымында Кыргызстанда майып адамдардын эң оболу эмгекке болгон укугу көп бузулат.

“Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары жана кепилдиктери” аттуу мыйзамда жалпы жумушчулардын саны 20 кишиден ашкан мекемелерде жумуш орундарынын 5 % майыптарга берүү каралган.

Бирок бул жобо Кыргызстанда дээрлик ишке ашпай келет. Ошол себептүү аталган жаштар кыймылы бул жобону ишке киргизүү үчүн Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги менен Миграция боюнча комитеттин жетекчилерин атайы меморандумга кол коюуга чакырууда.

Мындан тышкары мүмкүнчүлүгү чектелген жаштар кыймылы өкмөттүн курамында майыптар иштерин караган өзүнчө департамент ачууну сунуштап жатат. Анткени өлкөдөгү майыптарга карата өкмөттүн азыркы аракеттери алардын ичтерин жылытпайт. Майып адамдарды коомдук турмушка аралаштыруу аракеттери жокко эсе.

Кыргызстанда адамдар майыптуулукка көбүнчө жүрөк оорусунан кабылууда. Буга учурдагы экономикалык кырдаал өз таасирин берип жаткан шекилдүү. Балким, ошол себептүүбү, Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин билдирүүсүндө өлкөдө жылдан жылга майыптардын саны өсүүдө.

Мындан сырткары Кыргызстанда майыптуулуктун өсүшүн жол кырсыктары шарттап жатат. Бүгүнкү күнү мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын 22 % пайызы дал ушул жол кырсыктарынын айынан дене-боюн мертинтип алышкан.

XS
SM
MD
LG